Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 6-апрели № 197 токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 7-февралы №81
"Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы №372 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кесиптик-техникалык билим берүү системасынын мамлекеттик кызматчы категориясына кирбеген кызматкерлеринин эмгек акысындагы айырмачылыктарды четтетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пунктта:
экинчи абзацтагы "19" деген цифралар "20" деген цифралар менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы "20" деген цифралар "21" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 2-пункттагы "21" деген цифралар "22" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- токтом ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда № 20 тиркеме менен толукталсын;
- № 20 жана 21 тиркемелер тиешелүү түрдө № 21 жана 22 тиркемелер деп эсептелсин.
2. Аталган токтом 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 81 токтомуна тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы №372 токтомуна №20 тиркеме |
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 6-апрели № 197 токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
№ | Кызматтардын аталышы | Кызматтык маяналар (сом менен) |
1. | Директор | 8300 |
2. | Директордун орун басары | 7400 |
3. | Башкы бухгалтер | 5800 |
4. | Башкы адис | 4500 |
5. | Жетектөөчү адис | 3900 |
6. | Усулчу | 3500 |
7. | Китепкана башчысы | 3200 |
8. | Кассир | 2700 |
Эскертүү:
квалификациялык категориясы болгон учурда кызматтык маяналар төмөнкүдөй жогорулатылат:
- жогорку категория - 25 процентке;
- биринчи категория - 20 процентке;
- экинчи категория - 10 процентке.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Айтмурзаев |