Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-февралындагы № 35 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 7-февралы №82
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы №211 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө" жана 2008-жылдын 27-июнундагы №343 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасын андан ары өнүктүрүү маселелери жөнүндө" токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүүнү караштырган нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрлык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |