Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 550 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 7-февралы №88
Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине шайкештик белгисинин графикалык сүрөттөлүшүнүн эскизин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине шайкештик белгисинин графикалык сүрөттөлүшүнүн эскизи жана анын баяндамасы бекитилсин.
2. Техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин "Сертификациянын улуттук системасына таандык дал келүүчү эн-тамгасын туюнткан эскизди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 2-январындагы №3 токтому менен бекитилген сертификациянын улуттук системасына шайкештик белгиси колдонулаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо боюнча жол-жоболорду өткөрүүнү караган Кыргыз Республикасынын биринчи техникалык регламенти күчүнө киргенге чейин шайкештик сертификатынын бланктарынын жаңы формаларын жана техникалык регламенттерге шайкештик белгисинин сүрөттөлүшү бар шайкештик жөнүндө декларацияны жана голографикалык маркаларды бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №88 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине шайкештик белгиси "ТР" деген кош тамгалардан турган "Кыргыз Республикасынын техникалык регламенти" деген кыскартылган сөздүн графикалык сүрөттөлүшүн элестетет. "Т" тамгасынын төмөн жагында латын шрифтиндеги "КG" тамгалары жайгашкан, анткени мамлекет адамдын өмүрүн жана ден соолугун, айлана-чөйрөнү коргоо, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү сактоо, продукциянын керектөөчүлөрүн жаңылышууга алып келген аракеттердин алдын алуу боюнча коопсуздукту камсыздоого кепилдик берет.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №88 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине шайкештик белгисинин графикалык сүрөттөлүшүнүн ЭСКИЗИ