Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 7-февралы №89
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык жана коомдук саламаттык сактоо тармагында мыйзамдык базаны түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Мыйзамдын максаты коомдук саламаттык сактоо кызматтарына жеткиликтүүлүктү жогорулатуу аркылуу калктын саламаттыгын жакшыртуу, жалпысынан коомдун саламаттыгын сактоо жана чыңдоо маселелерин илгерилетүү болуп саналат.
Калктын саламаттыгын коргоо жана чыңдоо жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары (мындан ары - коомдук саламаттык сактоо тармагындагы мыйзамдар) Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана бул Мыйзамдын чегинде кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан турат.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл - калктын саламаттыгын коргоо жана чыңдоо жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу боюнча санитардык-эпидемиологиялык кызмат уюмдарынын ишмердүүлүгү.
Ден соолук - оорунун же дене түзүлүш кемтигинин жоктугу гана эмес, толук дене бой, психикалык жана социалдык бейпилдик абалы.
Коомдук саламаттык - калктын же белгилүү бир топтун жана жамааттардын географиялык, социалдык же болбосо демографиялык көрсөткүчтөр, дене түзүлүшү жагынан, оору жана майыптуулук мүнөздөмөлөрү менен баалануучу башка белгилер боюнча саламаттыгы.
Коомдук саламаттык сактоо - бардык кызыкдар болгон жактардын уюшкан күч-аракетинин, калкты, мамлекеттик жана менчик уюмдарды, жамааттарды жана жеке жактарды маалымдоонун аркасында адамдын өмүрүн узартуу жана саламаттыгын чыңдоого, оорунун алдын алууга, коомдук саламаттыкты сактоого багытталган иш-чаралардын системасы.
Чектөө иш-чаралары - ишмердүүлүктүн өзгөчө режимин караштыра турган жугуштуу оорулардын, жапырт уулануулардын жана өзгөчө кырдаалдардын жайылып кетүүсүнүн алдын алууга, ошондой эле калктын, транспорттук каражаттардын, жүк, товар жана жаныбарлардын кыймылын чектөөгө багытталган администрациялык, медициналык-санитардык, ветеринардык иш-чаралар.
Калктын саламаттыгын коргоо - учурдагы элдин жана келечектеги муундардын саламаттыгын сактоого багытталган саясий, экономикалык, укуктук, социалдык, маданий, илимий, экологиялык, медициналык чаралардын жыйындысы.
Саламаттыкка таасир этүүнү баалоо - негизинен ден соолук абалы, саламаттык сактоону өнүктүрүү жана социалдык-экономикалык өнүгүү, белгилүү бир саясат жүргүзүү, конкреттүү кызматтардын жана мекемелердин программалары жана ишмердүүлүгү жагынан алганда түз жана кыйыр кесепеттерге комплекстүү баа берүү.
Оорулардын алдын алуу - оорунун пайда болуу жана тарап кетүү коркунучун алдын алууга же төмөндөтүүгө же болбосо, анын агымын токтотууга, рецидив жана өтүшүп кетүү ишин болтурбоого багытталган иш-чаралар.
Алдын алуучу иш-чаралар - жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун адам баласына болгон зыяндуу кесепеттерин азайтууга жана жоюуга, жугуштуу оорулардын пайда болуп, өзгөчө кырдаалдардын, жапырт уулануулардын жайылып кетишинин алдын алууга багытталган уюштуруучулук, администрациялык, инженер-техникалык, медициналык-санитардык, ветеринардык жана башка чаралар.
Санитардык-эпидемиологиялык кырдаал - белгилүү бир убакта белгилүү бир аймактагы адамдардын оорушунун деңгээли жана жашоо чөйрөсүнүн абалы.
Саламаттыкты чыңдоо - адамдарга жана жамааттарга ден соолукка социалдык, экономикалык, экологиялык факторлордун, жашоо чөйрөсүнүн жана сергек жашоо мүнөзүнүн таасирин сезүүгө мүмкүндүк берүүчү процесс жана ден соолукту жакшыртуу максатында аларга контролдукту күчөтүү.
Бул Мыйзамда колдонулуучу башка терминдердин мазмуну ушул Мыйзамдын өзүнчө беренелери менен аныкталат.
Коомдук саламаттык сактоо кызматынын башкаруу принциптери, түзүмү жана аны каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик саясатынын негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
- саламаттык сактоодогу алдын алуу багыты жана калктын сергек жашоо мүнөзүнө болгон табитин калыптандыруу;
- адамдардын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо үчүн теңчилдик жана тейлөө кызматына жеткиликтүүлүктүн негизинде шарттарды түзүү;
- бүтүндөй калктын психосоматикалык бейкуттук абалынын деңгээлин жана жашоо сапатын жогорулатуучу фактор катарында психикалык жана дене бой саламаттыгын чыңдоо;
- саламаттыкты сактоо жана чыңдоо тармагындагы калктын керектөөлөрүнө ылайык коомдук саламаттыкты сактоону өнүктүрүү, коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын иштеши үчүн бирдей шарттарды түзүү;
- оорунун алдын алуу, саламаттыкты сактоо жана чыңдоо маселелери боюнча жарандарды объективдүү жана туура маалымат менен камсыздоо;
- коомдук саламаттыкты сактоо маселелери боюнча мамлекеттик башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарымдуу мамлекеттик органы тарабынан координациялоо;
- калктын активдүү катышуусу менен калктын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо маселелерин чечүүдө коомдук жана башка уюмдардын кызматташтыгы жана өз ара аракеттенүүсү;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын калктын саламаттыгынын абалы жана коомдук саламаттык сактоо тармагындагы көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты үчүн жоопкерчилиги;
- жарандардын өзүнүн жана башка адамдардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн болгон жоопкерчилиги;
- калктын саламаттыгын сактоодо жана чыңдоодо юридикалык жана жеке жактардын экономикалык кызыкчылыктары;
- алдын алуучу иш-чаралардын илимий негиздүүлүгү.
Бул Мыйзамдын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- калктын саламаттыгын сактоо;
- Кыргыз Республикасында жарандардын сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу;
- жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу.
Коомдук саламаттык сактоо адистерин даярдоо орто, жогорку жана дипломдон кийинки кесиптик билим берүүнүн бекитилген Мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык саламаттык сактоо тармагында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан мамлекеттик заказ тартибинде билим берүү уюмдары тарабынан ишке ашырылат.
Коомдук саламаттык сактоо адистерин даярдоо сапатын контролдоо саламаттык сактоо муктаждыктарын жана эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен саламаттык сактоо тармагында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
Жарандар төмөнкүлөргө укуктуу:
- факторлору адамга зыяндуу таасир этпеген жагымдуу жашоо чөйрөсүнө, коопсуз продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө;
- санитардык-эпидемиологиялык жагдай, жашоо чөйрөсүнүн абалы, продукциялардын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана коопсуздугу жөнүндө маалыматты суроого жана алууга;
- калктын саламаттыгын сактоо тармагында техникалык регламенттердин талаптарын аткарууга коомдук контроль жүргүзүүгө;
- мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана коомдук саламаттык сактоо уюмдарына калктын саламаттыгын сактоону жана чыңдоону камсыздоо жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- башка жарандар, жеке жана юридикалык жактар тарабынан санитардык мыйзамдарды бузуунун кесепетинен алардын ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыянды, ошондой эле алдын алуучу иш-чараларды аткарууга байланыштуу тарткан зыянды толук көлөмүндө ордун толтуртуп алууга;
- объекттердин канааттандырбаган абалынын, продукциялар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын маселелери боюнча коомдук саламаттык сактоо кызматтарынын уюмдарына арыздар (даттануулар) менен кайрылууга.
Жарандар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул Мыйзамдын талаптарын, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча нормативдик укуктук актыларды аткарууга;
- өздөрүнүн саламаттыгы, ошондой эле өз балдарынын ден соолугу, гигиеналык тарбиясы жана окуусу жөнүндө кам көрүүгө;
- жагымдуу жашоо чөйрөсүн жана саламаттык сактоого башка жарандардын укуктарын бузууга алып келүүчү иш-аракеттерди жасабоого.
Юридикалык жактар төмөнкүлөргө укуктуу:
- санитардык-эпидемиологиялык жагдай, жашоо чөйрөсүнүн абалы жана коомдук саламаттык сактоо маселелерин жөнгө салуучу колдонуудагы актылар жөнүндө маалыматты суроого жана алууга;
- калктын санитардык эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча сунуш киргизүүгө;
- башка жарандар, жеке жана юридикалык жактар тарабынан санитардык мыйзамдарды бузуунун кесепетинен алардын ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыянды, ошондой эле алдын алуучу иш-чараларды аткарууга байланыштуу тарткан зыянды толук көлөмүндө ордун толтуртуп алууга.
Юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул Мыйзамдын талаптарын, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча нормативдик укуктук актыларды аткарууга;
- аткарылуучу жумуштардын, продукциялардын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын адамдын ден соолугу үчүн коопсуздугун камсыздоого жана өндүрүштүк контроль жүргүзүүгө;
- продукциялардын жаңы түрлөрүнүн жана аны өндүрүүнүн технологиясын адамдын саламаттыгы үчүн коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте негиздеме берүүгө;
- авариялык жагдайлар, өндүрүштүн токтошу, калктын саламаттыгына коркунуч келтирүүчү технологиялык процесстин бузулушу жөнүндө калкка, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук саламаттык сактоо органдарына жана уюмдарына өз учурунда маалымат берүүгө;
- декреттелген топтордун кызматкерлери медициналык текшерүүлөрдөн өтүшүн жана гигиеналык жактан окутулушун камсыздоого.
Өндүрүүдө, ташууда, сактоодо, колдонууда жана утилдештирүүдө өнөр жайлык жана тиричилик багытындагы продукция адамга жана жашоо чөйрөсүнө терс таасир этпөөгө тийиш. Аны калкка сатууда саламаттык сактоо тармагында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен, адамдын саламаттыгы үчүн анын коопсуздугун тастыктаган документтер болгондо гана жол берилет.
Кыргыз Республикасынын аймагында тамак-аш азыктарын, тамак-аш кошулмаларын, азык-түлүк сырьелорун жана алар менен байланыштагы материалдар менен буюмдарды өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана алып келүү адамдын саламаттыгына терс таасир этпөөгө тийиш жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине дал келиши керек.
Менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын коомдук тамактануу уюмдары адамдардын саламаттыгы үчүн коопсуз болууга жана саламаттык сактоо тармагында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен эрежелер менен нормаларга дал келүүгө тийиш.
Ичүүчү суу коопсуз болууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген техникалык регламенттерге дал келүүгө тийиш.
Суу объекттери эпидемиологиялык, радиациялык жана физикалык-химиялык жагынан коопсуз болууга жана саламаттык сактоо тармагында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен белгиленген эрежелер менен нормаларга дал келүүгө тийиш.
Адамдын саламаттыгы үчүн өзгөчө коркунучтуу физикалык, химиялык, биологиялык заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүүгө, ташууга, сатып алууга, сактоого, сатууга жана колдонууга жол берилет.
Өндүрүштүк жайларда жана өнөр жай аянтчаларында, турак жай жана коомдук имараттарда, адам туруктуу же убактылуу болгон жерлерде жумушчу зонасынын аба чөйрөсү адамга зыяндуу таасир этпөөгө жана саламаттык сактоо тармагында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен нормаларга дал келүүгө тийиш.
Калктуу жайгашкан жерлердин атмосфералык абасынын, адам туруктуу же убактылуу болгон жерлердеги абанын булганышын болтурбоо жана аны азайтуу боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген ыйгарым укуктарга жараша жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан ишке ашырылат.
Калктуу конуштардын кыртышы, өнөр жай аянтчалары жана айыл чарба жерлери адамдын саламаттыгына жана айлана-чөйрөгө жагымсыз таасир тийгизбеши керек жана саламаттык сактоо тармагында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен нормативдерге дал келүүгө тийиш.
Калктуу конуштардын аймактарын, курортторду жана рекреациялык зоналарды күтүү, өндүрүш калдыктарын чогултуу, жайгаштыруу жана утилдештирүү, керектөө Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Адамдын жашоосу жана убактылуу болушу үчүн жайлардагы ыңгайлуу шарттар рационалдуу жайгаштыруу, ички пландаштыруу, жарык кылуунун, микроклимат, абаны алмаштыруу, ызы-чуунун, дирилдөөнүн, иондоштуруучу жана иондоштурбаган нурлануулардын деңгээлинин гигиеналык параметрлерин сактоо менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген санитардык, курулуш нормалары менен эрежелеринин талаптарына жана техникалык регламенттерге ылайык камсыздалат.
Өндүрүштүк жайлардын санитардык-техникалык жана гигиеналык абалы, жумуш орундарын жабдуу, эмгек процессин уюштуруу адамдын саламаттыгына зыяндуу таасир этпөөгө жана саламаттык сактоо тармагында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен нормативдерге дал келүүгө тийиш.
Иондоштуруучу нурлануу булактары, физикалык, химиялык жана биологиялык факторлор менен иштөөдө эмгектин коопсуз шарттарын камсыздоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандуулугуна карабастан уюмдарда жумуш берүүчүгө жүктөлөт.
Билим жана тарбия берүүчү мекемелер балдардын анда болуу, аларды окутуунун коопсуз шарттарын саламаттык сактоо тармагында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен нормалар менен эрежелерге ылайык камсыздоого тийиш.
Анда болуунун, тамактанууну уюштуруунун, техникалык жабдуунун, окуу процесстеринин, окуу программалары менен окуу китептеринин коопсуз шарттарын камсыздоого жоопкерчилик саламаттык сактоо тармагында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жүктөлөт.
Жугуштуу жана кесиптик оорулардын пайда болушунун жана жайылышынын алдын алуу максатында калктын декреттелген топторунун жана эмгек шарттары саламаттык үчүн зыяндуу иштерде иштеген кызматкерлер ишке кирээрде алдын ала жана мезгил-мезгили менен саламаттык сактоо тармагында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен тартипке ылайык алдын алуучу медициналык текшерүүлөрдөн өтүүгө милдеттүү.
Милдеттүү медициналык текшерүүлөрдөн өтүү, эсепке алуу, отчеттуулукту жүргүзүү жана кызматкерлерге жеке медициналык китепчелерди берүү тартиби саламаттык сактоо тармагында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.
Кызматкерлердин медициналык текшерүүдөн өз учурунда өтүшү жана аларды ишке кое берүү үчүн жоопкерчилик жумуш берүүчүлөргө (менчигинин түрүнө карабастан) жүктөлөт.
Жугуштуу оорулардын пайда болушунун алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө төмөнкүлөр аркылуу камсыздалат:
- жугуштуу оорулардын киришинен жана жайылышынан Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо боюнча иш-чаралар;
- жугуштуу оорулардын Кыргыз Республикасынын аймагында таралышына эпидемиологиялык көзөмөлдү жана эпидемиологиялык жагдайдын оорлошуна таасир этүү системасын саламаттык сактоо тармагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын нормативдик укуктук актыларына ылайык ишке ашыруу;
- жугуштуу оору менен ооругандарга карата көрүлүүчү чаралар;
- эпидемиологиялык жагдайдын болжолдуу начарлашына карата эмдөөлөрдүн Улуттук календары боюнча алдын алуучу милдеттүү эмдөөлөрдү жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча эмдөөлөрдү жүргүзүү;
- жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча мамлекеттик же региондук максаттуу программалар менен илимий, илимий-техникалык программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- мал аркылуу жугуучу ооруларга каршы күрөшүүнүн алдын алуу чараларын жана бирдиктүү көзөмөл жүргүзүүдө саламаттык сактоо жана ветеринардык кызматтардын биргелешип аракеттенүүсү;
- жугуштуу оорулардын алдын алууга жарандарды социалдык мобилизациялоо.
Аймактарды санитардык коргоо калктын саламаттыгы үчүн коркунуч келтирүүчү жугуштуу оорулардын киришинин жана жайылышынын алдын алууга багытталган жана саламаттык сактоо тармагында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен нормалар менен эрежелерге жана Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерге ылайык ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылуучу жугуштуу (өзгөчө коркунучтуу) оорулардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Жугуштуу оорулардын жана массалык уулануулардын бардык учурлары аныкталган жер боюнча менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан милдеттүү катталууга, мамлекеттик эсепке алууга жана саламаттык сактоо тармагында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгилеген тартипке ылайык алар боюнча отчеттуулук жүргүзүлүүгө тийиш.
Эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүлгөн жугуштуу оорулардын тизмеси, териштирүүнүн тартиби саламаттык сактоо тармагында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.
Жугуштуу оору менен ооругандар, мындай ооруга шектүү адамдар жана алар менен байланышта болгон адамдар, ошондой эле жугуштуу ооруларды козгогучтарды алып жүрүүчү болуп саналган адамдар айлана-чөйрөдөгүлөр үчүн өзгөчө коркунуч келтирсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык мажбурлап госпиталга жаткырылууга жана (же) өзүнчө ажыратылууга тийиш.
Жугуштуу оорулардын пайда болуу жана жайылуу коркунучу болсо чектөө иш-чаралары (карантин) жайылуунун бүткүл аймагына же анын айрым бөлүгүнө киргизилиши мүмкүн.
Жугуштуу оорулардын пайда болуу жана жайылуу коркунучу болсо чектөө иш-чараларын (карантинди) киргизүүнүн жана аны ишке ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Калк арасында жугуштуу эмес оорулардын жана жаракаттардын алдын алуу төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:
- калк арасында жугуштуу эмес оорулардын, жаракат алуу жагдайын аны азайтуу боюнча рекомендацияларды иштеп чыгуу менен мониторинг жана талдоо жүргүзүү;
- калктын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо боюнча координацияланган көп сектордуу иш-чараларды жүргүзүү;
- жугуштуу эмес оорулардын, күтүлбөгөн кырсыктардын жана жаракаттардын алдын алуу боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.
Сергек жашоо мүнөзү - саламаттыкты сактоого жана чыңдоого багытталган адамдын жүрүм-турум көндүмдөрүнүн жыйындысы.
Адамдардын, жергиликтүү жамааттардын жакшы жашоо мүнөзүнө, ден соолукту сактоого, чыңдоого жана тобокелдик факторлорунун таасирин азайтууга көмөктөшүүчү жагымдуу чөйрө түзүүгө умтулууларын калыптандыруу жана колдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- сергек жашоо мүнөзүн сактоо шарттарын, себептерин түзүүнү, тиешелүү билгичтиктерди жана көндүмдөрдү иштеп чыгууну, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнү;
- ден соолукту чыңдоо жана сергек жашоо мүнөзүнүн көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча программаларды билим берүү системасына киргизүүнү;
- калктын саламаттыгын чыңдоо боюнча программаларды ишке ашырууга катышууну;
- психикалык саламаттыкты чыңдоону жана психикалык саламаттыкка, психикалык жактан оорулууларга коомдун мамилесин өзгөртүүнү.
- Сергек жашоо мүнөзүн киргизүү жана ден соолукту чыңдоо боюнча иш-чаралар менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандуулугуна карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан ишке ашырылып, коомдук саламаттык сактоо кызматы тарабынан координацияланат.
Калктын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо маселелери боюнча социалдык мобилизациялоо Кыргыз Республикасынын калкынын арасында сергек жашоо мүнөзүнүн жана жугуштуу, жугуштуу эмес оорулардын тобокелдик факторлорун азайтуу маселелеринде маалымдуулугун жана билимин арттыруу максатында жүргүзүлөт.
Жергиликтүү жамааттар, коомдук саламаттык сактоо тармагындагы ассоциациялар, медициналык, ветеринардык, фармацевттик, кесиптик бирликтер, экологиялык жана башка коомдук бирикмелер өздөрүнүн уставдарына ылайык калктын саламаттыгын сактоо, чыңдоо жана коопсуз жашоо чөйрөсүнүн маселелерин чечүүгө катыша алышат.
Телерадиокомпаниялар, басма сөз басылмалары келишимдердин негизинде саламаттык сактоо жана чыңдоо проблемаларын чагылдырышат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык программаларды, роликтерди жана ар кандай материалдарды жайгаштыруу үчүн эфирдик убакыт беришет.
Саламаттык сактоо тармагындагы мыйзамдарды бузган адамдар Кыргыз Республикасынын администрациялык, кылмыш, жарандык-укуктук мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Коомдук саламаттык сактоо тармагында Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен кызматташтыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык келишимдердин, макулдашуулардын негизинде ишке ашырылат.
Эл аралык кызматташтыктын алкагында саламаттык сактоо тармагында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы түзгөн макулдашуулар жалпы кабыл алынган принциптерге, эл аралык укуктун нормаларына, ушул Мыйзамдын жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык саламаттык сактоого жана чыңдоого, коопсуз айлана-чөйрөгө жарандардын укуктарын чектөөгө тийиш эмес.
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 26-июнундагы N 60 Мыйзамы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ыйгарым укуктуу органдар:
- өздөрүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин;
- бул Мыйзамдын аткарылышы үчүн зарыл болгон башка нормативдик укуктук актыларды кабыл алышсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|