Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 7-февралы №91
"Дүйшөмбү шаарында 2008-жылдын 28-августунда кол коюлган Куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Дүйшөмбү шаарында 2008-жылдын 28-августунда кол коюлган Куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун 15-статьясынын 1-пунктуна ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Дүйшөмбү шаарында 2008-жылдын 28-августунда кол коюлган Куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
1-статья.
Дүйшөмбү шаарында 2008-жылдын 28-августунда кол коюлган Куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Секретариатына билдирсин.
3-статья.
Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|