Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 9-февралы №92
Кыргыз Республикасынын электрондук визасын этабы менен киргизүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасында уруксат берүү-жөнгө салуу системасын оптималдаштыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-июлундагы №344 Жарлыгына ылайык, чет өлкөлүк туристтерге визаларды берүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жана туристтик рыноктун жагымдуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын электрондук визасын этабы менен киргизүүнүн тартиби бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги эки айлык мөөнөттө "электрондук виза" кызматын он-лайн режиминде киргизүү жөнүндө маселени иштеп чыксын.
3. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |