Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 9-февралы №93
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-февралындагы №93 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна ылайык "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып төмөнкүдөй пикирин билдирет жана сунуштарды киргизет.
I. "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз.
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы жерлерин алып салуу максатында "мамлекеттик кызмат орун" деген түшүнүктү төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:
"- мамлекеттик саясий кызмат орун - Кыргыз Республикасынын саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын реестринде каралган жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында, мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунда белгиленген ыйгарым укуктары аныкталуу менен дайындоо (шайлоо) жана бошотуу мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңеши, Премьер-министри тарабынан ишке ашырылчу мамлекеттик кызмат орун.".
2. Кайталоо болбошу үчүн 14-статьянын 2 жана 3-пункттарын бириктирүүнү сунуш кылабыз.
3. Статс-катчынын кызмат орду эң жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орун, ошондуктан ал кызматта болуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана башка нормативдик укуктук актылары менен аныкталат. Ушуга байланыштуу 18-статьянын 3-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:
"3. Мамлекеттик органдын жетекчисинин отставкасы (бошонушу) статс-катчыны алмаштырууга негиз болбойт.
Статс-катчы башка мамлекеттик органга которулууга тийиш эмес".
4. Мыйзам долбоорунда мамлекеттик кызматта администрациялык кызмат орундарды конкурс боюнча ээлөөнүн тартиби каралган. Ошону менен бирге эле кызмат орунга резервден алуу каралган. Бирок мында мамлекеттик кызмат орундарга алуунун жогоруда айтылган варианттарында карама-каршылыктар бар.
Мамлекеттик кызматта ырааттуулук болушу үчүн мамлекеттик кызматтын улук жана башкы кызмат орундарына кадрлардын тышкы жана ички резервинен алуунун артыкчылыктуу тартибин жөнгө салуу зарыл деп эсептейбиз. Кенже кызмат орундарга конкурстук негизде гана алуу керек. Кызмат орунга резервден алууда кадрлардын ички резервине артыкчылык берилиши аны түзүү боюнча ишке өбөлгө болот. Мамлекеттик органда кадрлардын ички резервинин болушу жана аны түзүү боюнча иш жүргүзүлүшү - статс-катчынын ишиндеги башкы артыкчылык.
Мында кадрлардын тышкы резервин "Мамлекеттик кызматтын кадрларынын мамлекеттик резерви" деп атоо ылайыкту болот деп эсептейбиз.
Ушул айтылгандарга байланыштуу мыйзам долбоорунун 21-статьясына жана 5-главасына тийиштүү оңдоолор киргизүүнү сунуш кылабыз.
5. Мыйзамдын долбоорунда мамлекеттик кызматкерлерди окутууга финансылык каражат бөлүү каралган. 23-статья мамлекеттик органдын каражаттарынын бир процентинин өлчөмүндө каражат бөлүүнү белгилейт. Бирок долбоордо мындай укуктук норманы ишке ашыруунун механизми каралган эмес. Ушуга байланыштуу борбордоштурулган фонд түзүүнү караштыруу туура болоор эле (мамлекеттик органдарды кармоого бөлүнчү каражаттардын 0,5-1 процентинин чегинде). Окутууга каражаттарды бөлүштүрүү укугу мамлекеттик кызмат иши боюнча ыйгарым укуктуу органга тапшырылат.
2009-жылга республикалык бюджет бекитилгендиктен мындай жоболорду 2010-жылдан баштап караштыруу ылайыктуу.
6. 34-статьянын 3-пунктунда саясий же атайын кызмат орундарды ээлеген адамдар патронаттык мамлекеттик кызмат орундун кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланууга укуктуу экени белгиленген. Ушуга байланыштуу бул норманы штаттык расписаниеге же бул маселени жөнгө салуучу башка жоболорго байлаштырууну сунуш кылабыз.
7. Долбоордун 6-главасы алып салынсын, анткени мамлекеттик кызматтын принциптерине ылайык администрациялык мамлекеттик кызматтын туруктуу мүнөзү белгиленип жатат жана анын мөөнөтү контракт менен чектелиши мүмкүн эмес.
8. 47 жана 48-статьялар мамлекеттик кызматкерлерди жылдырууну жана которуштурууну жөнгө салышат. Бирок мамлекеттик кызматкерлерди которуштурууну ушул көрсөтүлгөн механизмдер аркылуу жөнгө салуу мамлекеттик органдардын финансылык отчеттуулугун татаалдатат. Ушуга байланыштуу мамлекеттик кызматкерлерди жылыштырууну дайындоо жана бошотуу жөнүндө актыларды чыгаруу аркылуу жөнгө салууну сунуш кылабыз.
9. 78-статья боюнча, мамлекеттик кызматтын ырааттуулугун жаратуу үчүн мамлекеттик органдар жоюлганда (кыскартылганда) мамлекеттик кызматчыларга мамлекеттик гарантияларды берүүнүн башка тартибин караштырууну сунуш кылабыз. Андай тартипте жогоруда аталган адамдардын категориясын Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик резервинде үч ай бою, бош кызмат орундарды ээлөөгө артыкчылыктуу укук менен кармап туруу каралса болот. Мында аларга 78-статьянын 2-пунктунун 2-пунктчасында каралган компенсация төлөнөт эле.
II. "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.
Эмгек мыйзамдары менен мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү нормативдик укуктук актылардын ортосундагы каршы келүүлөрдү болтурбоо максатында долбоорду төмөнкүдөй норма менен толуктоону сунуш кылабыз:
6-статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын:
"Ушул Кодекс менен мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү нормативдик укуктук актылардын ортосунда карама-каршылыктар болсо мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдык актылар колдонулат".