Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-февралы №98
"Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрында № 961 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Ишкердик ишти жөнгө салуу жагында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө" 2008-жылдын 9-декабрындагы № 435 Жарлыгын аткаруу үчүн жана "Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 9 айында социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 648 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрында № 961 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо боюнча нускамага төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товарлар жана транспорт каражаттары келгендеги зарыл маалыматтар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- товарлардын түрлөрү жана аталыштары жөнүндөгү маалыматтар;
- товарлардын саны жөнүндөгү маалыматтар;
- транспорт каражаттарын бир түргө келтирүүгө мүмкүндүк берүүчү кыскача маалыматтар;
- бажылык максаттар үчүн маалыматтарды билдирүүчү адамдар жөнүндө маалыматтар (товарларга жана транспорт каражаттарына карата аталган адамдардын кандай тиешеси бардыгы);
- транспорттук документтер жөнүндөгү маалыматтар, ага ылайык товарлар Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүлөт;
- жиберген өлкө жана транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтар;
- товарларды жана транспорт каражаттарын жиберүүчү жана алуучу жөнүндө маалыматтар.
Товарларды жана транспорт каражаттарын декларациялоо үчүн кошумча түрдө төмөнкүдөй маалыматтар берилет:
- товарларды маркировкалоо жана таңгактоо жөнүндө маалыматтар;
- өткөрүлүүчү товарлардын бажылык наркы жөнүндө маалыматтар;
- товарлардын чыккан өлкөсү жөнүндө маалыматтар;
- билдирилген бажылык режим жөнүндө маалыматтар.";
- 7.1-пунктчанын биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"7.1. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык чек ара аркылуу өткөрүү үчүн негиз болуп келишим (контракт) эсептелет. Келишим (контракт) жок болгон учурда өткөрүү үчүн негиз болуп төмөнкү документтердин бири болуп эсептелет:
- биржалык же бартердик бүтүм жасагандыгын, сатып алгандыгын ырастоочу документтер;";
- 7.3-пунктчанын онунчу-он экинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;
- 7.5-пунктча күчүн жоготту деп табылсын;
- 7.7-пункттун төртүнчү абзацы "жана башка ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөн кийин "же даярдоочу (берүүчү) тарабынан кабыл алынган шайкештик жөнүндө декларация" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бажы комитетине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |