Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо боюнча НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-апрелиндеги № 307, 2008-жылдын 30-майындагы № 250, 2009-жылдын 10-февралындагы № 98, 2009-жылдын 5-августундагы № 491, 2009-жылдын 17-сентябрындагы № 587, 2011-жылдын 27-майындагы № 259, 2011-жылдын 5-июлундагы № 369, 2012-жылдын 28-июнундагы № 453, 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 606, 2013-жылдын 8-июлундагы № 402 2013-жылдын 29-августундагы № 474, 2014-жылдын 8-декабры № 697 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I бөлүм. Бажылык тариздөө үчүн зарыл документтер жана маалыматтар
II бөлүм. Декларациялоо
V бөлүм. Сынамык жана үлгү алуу
VII бөлүм. Бажылык текшерип кароо жана кароо
VIII бөлүм. Жеке текшерип кароо бажылык контролдун формасы катары
XI бөлүм. Бажылык контролдоо зонасын түзүүнүн жана белгилөөнүн тартиби
№ 2 тиркеме. Бажылык декларация
№ 3 тиркеме. Бажылык кириш ордери (БКО)
№ 4 тиркеме. Сынамык же үлгү алуу актысы
№ 5 тиркеме. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык
текшерип кароо/кароо Актысы
№ 6 тиркеме. Жекече текшерип кароо Актысы
№ 7 тиркеме. Бажы көзөмөлдөө аймагынын белгилөө белгисинин Үлгүсү
№ 8 тиркеме. Бажылык көзөмөлдөө аймагын белгилөөнүн тосуучу тасмасынын Үлгүсү
№ 9 тиркеме. Бажылык күбөлүк
№ 10 тиркеме. Юридикалык жактар үчүн тышкы экономикалык иштин катышуучусу тууралуу маалыматтарды түзүүгө билдирме
Бул Нускама бажылык максаттар үчүн бажылык тариздөө процессинде берилүүчү зарыл документтердин тизмесин, тариздөөнүн бажылык жол-жоболорун жүргүзүү тартибин, эрежесин, талаптарын жана шарттарын, товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык контролдоону аныктайт. Бул Нускамада пайдаланылуучу түшүнүктөрдүн мааниси Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин (мындан ары - Бажы кодекси) 9-статьясында келтирилген негизги түшүнүктөргө ылайык келет.
I бөлүм
Бажылык тариздөө үчүн зарыл документтер жана маалыматтар
1. Бажы чек арасынан өтүү жүк ташуучуга товарларды жана транспорттук каражаттарды өткөрүү пунктуна же бажы органына товарларды жана транспорттук каражаттарды көрсөтүү жерине талап кылынган учурда, бажы органдары аныктаган маршрут боюнча мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жеткирүү милдетин жүктөйт.
Товарларды Кыргыз Республикасынын Бажы чегарасы аркылуу өткөрүүдө адам товардын түрүнө, берүү шартына, тандалган режимге жана Тышкы соода иш-аракетин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жараша Кыргыз Республикасынын бажы органдарына документтерди берет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товарлар жана транспорт каражаттары келгендеги зарыл маалыматтар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- товарлардын түрлөрү жана аталыштары жөнүндөгү маалыматтар;
- товарлардын саны жөнүндөгү маалыматтар;
- транспорт каражаттарын бир түргө келтирүүгө мүмкүндүк берүүчү кыскача маалыматтар;
- бажылык максаттар үчүн маалыматтарды билдирүүчү адамдар жөнүндө маалыматтар (товарларга жана транспорт каражаттарына карата аталган адамдардын кандай тиешеси бардыгы);
- транспорттук документтер жөнүндөгү маалыматтар, ага ылайык товарлар Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүлөт;
- жиберген өлкө жана транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтар;
- товарларды жана транспорт каражаттарын жиберүүчү жана алуучу жөнүндө маалыматтар.
Товарларды жана транспорт каражаттарын декларациялоо үчүн кошумча түрдө төмөнкүдөй маалыматтар берилет:
- товарларды маркировкалоо жана таңгактоо жөнүндө маалыматтар;
- өткөрүлүүчү товарлардын бажылык наркы жөнүндө маалыматтар;
- товарлардын чыккан өлкөсү жөнүндө маалыматтар;
- билдирилген бажылык режим жөнүндө маалыматтар.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бажы органынын кызмат адамы тышкы экономикалык иш-аракеттин (мындан ары - ТЭИ) катышуучусу (декларанты) жөнүндө маалыматтарды (мындан ары - маалымат) түзөт.
ТЭИнин катышуучусу жөнүндө маалымат товарды бажылык тариздөө башталганга чейин же ошол учурда электрондук түрдө жана кагаз булактарына түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык)
4. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 250 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 250 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Тышкы экономикалык иштин катышуучусу маалымат түзүү үчүн тышкы экономикалык иштин катышуучусу жөнүндө зарыл маалыматтарды камтыган белгиленген үлгүдөгү билдирмени бажы органына берет (№ 10 тиркеме). Тышкы экономикалык иштин катышуучусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билдирмеде камтылуучу берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат. Билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтарда өзгөртүүлөр пайда болгон учурда тышкы экономикалык иштин катышуучусу жаңыланган маалыматтар менен билдирмени 10 жумуш күнүнөн кечиктирбестен бажы органына берет. Билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтар тышкы экономикалык иштин катышуучусу тарабынан документтердин түп нускасын берүү менен ырасталышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык)
6-1. Экспорттун бажы режиминде бажылык тариздөө үчүн тышкы экономикалык иштин катышуучулары тарабынан документтердин төмөнкү формалары колдонулат:
- инвойс (эсеп-фактура);
- ташып жеткирүүнүн ыкмаларына жараша товардык-транспорттук документтер: МДП (TIR CAR№ET) китепчеси, товардык-транспорттук коштомо кагазы (ТТК), эл аралык автомобилдик коштомо кагазы (CMR), авиа коштомо кагазы, эл аралык байланыштын темир жол коштомо кагазы (СМГС);
- Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары тарабынан алып чыгууга уруксат берүү тартиби менен белгиленген өзгөчө товарларды Кыргыз Республикасынан экспорттоого лицензия же уруксат берүү.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-августундагы № 474 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Бажылык тариздөө үчүн 6-1-пунктта көрсөтүлгөндөрдөн тышкары башка бажы режимдерин колдонуу учурунда төмөндө келтирилген тизме боюнча документтердин төмөнкүдөй формаларынын бири колдонулушу мүмкүн:
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-августундагы № 474 токтомунун редакциясына ылайык)
7.1. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык чек ара аркылуу өткөрүү үчүн негиз болуп келишим (контракт) эсептелет. Келишим (контракт) жок болгон учурда өткөрүү үчүн негиз болуп төмөнкү документтердин бири болуп эсептелет:
- инвойс (эсеп-фактура);
- биржалык же бартердик бүтүм жасагандыгын, сатып алгандыгын ырастоочу документтер;
- эл аралык жана мамлекеттер аралык макулдашуулар (зарыл учурда);
- мамлекеттик органдын чечими (зарыл учурда);
- товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүүгө ташуучуга тапшырма (зарыл учурда);
- бажылык операцияларды жасоого адамдардын ыйгарым укуктарын ырастоочу документтер (декларанттын паспортунун көчүрмөсү; ишеним кат же кат) түп нускасында же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүндө берилет;
- белекке, мурастоо укугуна берилген, ээлик кылуу же пайдалануу укугуна ишеним кат;
- көргөзмө-ярмаркаларга катышууга чакыруу (зарыл учурда);
- гуманитардык жардам берүү жөнүндө адамдын (донордун) каты (зарыл учурда);
- товарларга жана транспорт каражаттарына менчик укугун ырастоочу документтер;
- байланыштын электрондук түрлөрү аркылуу сатып алуу-сатуу (айрым учурларда).
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Бажылык тариздөө үчүн 6-1-пунктта көрсөтүлгөндөрдөн тышкары башка бажы режимдерин колдонуу учурунда төмөндө келтирилген тизме боюнча документтердин төмөнкүдөй формаларынын бири колдонулушу мүмкүн:
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-августундагы № 474 токтомунун редакциясына ылайык)
7.1. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык чек ара аркылуу өткөрүү үчүн негиз болуп келишим (контракт) эсептелет. Келишим (контракт) жок болгон учурда өткөрүү үчүн негиз болуп төмөнкү документтердин бири болуп эсептелет:
- инвойс (эсеп-фактура);
- биржалык же бартердик бүтүм жасагандыгын, сатып алгандыгын ырастоочу документтер;
- эл аралык жана мамлекеттер аралык макулдашуулар (зарыл учурда);
- мамлекеттик органдын чечими (зарыл учурда);
- товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүүгө ташуучуга тапшырма (зарыл учурда);
- бажылык операцияларды жасоого адамдардын ыйгарым укуктарын ырастоочу документтер (декларанттын паспортунун көчүрмөсү; ишеним кат же кат) түп нускасында же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүндө берилет;
- белекке, мурастоо укугуна берилген, ээлик кылуу же пайдалануу укугуна ишеним кат;
- көргөзмө-ярмаркаларга катышууга чакыруу (зарыл учурда);
- гуманитардык жардам берүү жөнүндө адамдын (донордун) каты (зарыл учурда);
- товарларга жана транспорт каражаттарына менчик укугун ырастоочу документтер;
- байланыштын электрондук түрлөрү аркылуу сатып алуу-сатуу (айрым учурларда).
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
7.2. Бажылык наркты ырастоочу документтерге төмөнкүлөр кирет:
- эсеп-фактура (инвойс) жана банктык төлөм документтери (эгер эсеп төлөнсө) же эсеп-проформа (шарттуу-нарктык бүтүмдөр үчүн), ошондой эле товардын наркын ырастоочу башка төлөмдүк жана (же) бухгалтердик документтер;
- транспорттук жана камсыздандыруу документтери, берүү шартына жараша эгерде алар бар болсо;
- транспорттук чыгымдар эсеп-фактурага киргизилбеген учурларда ташуу үчүн эсеп же транспорт чыгымдарынын расмий күбөлөндүрүлгөн калькуляциясы;
- товарларды жүктөө, түшүрүү боюнча чыгымдар (берүү шарттарына жараша);
- жиберген өлкөнүн бажылык декларациясы (эгерде ал бар болсо);
- таңгактоочу баракчалар (бар болсо);
- эгерде биржалык товар алынып келаткан учурда биржалык котировка;
- товардык чектер, сатып алуу актылары (бар болсо);
- товар үчүн накталай каражаттар менен төлөө жөнүндө квитанция (сарптоо ордери) (зарыл учурда).
Тигил же бул маалыматты ырастоо максатында зарыл учурда бажы органы тарабынан төмөнкүдөй кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн:
- бүтүмгө тиешеси бар үчүнчү жак менен контракттар;
- сатуучунун пайдасына үчүнчү жак тарабынан төлөмдөр үчүн эсептер;
- бүтүмгө катышы бар баалануучу товар менен комиссиялык, брокердик кызматтар үчүн эсептер;
- бухгалтердик документация;
- лицензиялык же автордук макулдашуулар;
- кампалык квитанциялар;
- даярдоочу фирмалардын бааларынын каталогдору, спецификациялары, прейскуранттары (прайс-баракчалар);
- баалануучу товарга даярдоочу фирманын калькуляциясы (эгерде фирма аны кыргыз сатып алуучусуна берүүгө макул болсо).
7.3. Жеткирүү ыкмасына жараша бажылык максаттар үчүн берилүүчү товардык-транспорттук документтерге төмөнкүлөр кирет:
- коносамент - жүктү деңиз транспорту менен жеткирүүдө эл аралык накладной;
- эл аралык автомобилдик накладной (CMR) - жүктү автомобиль транспорту менен жеткирүүдө;
- товардык-транспорттук накладной (ТТН) - кээде КМШ өлкөлөрүнүн чегинде товарларды өткөрүүдө CMRдин ордуна пайдаланылат;
- МДП (TIR CAR№ET) китепчеси - МТП китепчесин колдонуу менен жүктөрдү эл аралык ташуу жөнүндө бажылык конвенцияны колдонуу тартиби тууралуу жобого ылайык жүктөрдү өткөрүүдө колдонулат (МДП конвенциясы, 1975-жыл);
- авианакладной (аэробил) - жүктү авиациялык транспорт менен алып келүүдө;
- эл аралык темир жол накладною (СМГС) - жүктү темир жол транспорту менен алып келүүдө;
- багаж ведомосту - жүктү почта багажы менен алып келүүдө (башка накладнойлордо болгон маалыматтарды да камтыйт);
- багаж квитанциясы - посылка же бандероль менен өткөрүлүүчү жүктөргө таризделет;
почта документтери.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
7.4. Товардын келип чыгышын ырастоочу документтер болуп товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат же товардын келип чыгышынын декларациясы эсептелет:
а) КМШ өлкөлөрүнүн бажылык аймагынан товарлардын келип чыгышын ырастоочу СТ-1 формасы боюнча товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат - КМШ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилет;
б) А формасы боюнча товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат экспорттоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилет;
в) товардын келип чыгышы жөнүндө декларация - товарга тиешеси бар ар кандай коммерциялык же башка документ менен товарды даярдоочумун, сатуучунун же экспортчунун алып чыгышына байланыштуу жасалган товардын келип чыккан өлкөсү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз.
7.5. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 98 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7.6. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү же болбосо бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылууну ырастоочу документтер төмөнкүдөй формалардын биринде берилиши мүмкүн:
- банктагы төлөөчүнүн эсебинен акча каражаттарын эсептен чыгаруу учурундагы банктын төлөм тапшырмасы;
- казыначылык милдеттенмелер;
- бажы органынын эсебине акча каражаттарын төгүүнү ырастаган документ (депозит);
- товарларды жана башка мүлктү күрөөгө коюу жөнүндө келишим;
- бажы органынын кассасына накталай акчаларды төккөн учурдагы төлөө жөнүндө квитанция;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда банктардын кепилдиктери;
- үчүнчү жактын кепилдиги;
- камсыздандыруу келишими;
- ашыкча төлөнгөн бажылык төлөмдөрдү жана салыктарды эсептөөнү ырастоочу текшерүү актысы же башка документ;
- казыналар аралык тапшырма (КАТ).
7.7. Товарлар башка мамлекеттик органдар тарабынан контролдонууга тийиш болгон учурда көрсөтүлүүчү документтерге төмөнкүлөр кирет (тарифтик эмес жөнгө салуу):
- лицензия, эгерде товар "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык лицензияланууга тийиш болсо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана башка ыйгарым укуктуу орган же даярдоочу (берүүчү) тарабынан кабыл алынган шайкештик жөнүндө декларация тарабынан берилүүчү уруксаттар, корутундулар, чечимдер;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилүүчү сертификаттар.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Бажы органы документтердин эң аз санын талап кылуу менен чектелет, андай документтер жогоруда саналган формалардын бири боюнча берилиши мүмкүн.
7.1-7.7-пункттарында саналган документтер бажылык декларация менен бир мезгилде берилет, буга Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 293-статьясынын 2-пунктунда айтылган учурлар кирбейт.
II бөлүм
Декларациялоо
9. Декларациялоо билдирилген бажылык режимге ылайык декларант (бажылык брокер) тарабынан бажылык тариздөөгө берилген товарларга жана транспорт каражаттарына карата документтерди берүү менен башталат. Декларациялоо белгиленген форма (жазуу, оозеки, электрондук жана конклюденттик) боюнча товарлар жана транспорт каражаттары, тандалган бажылык режим жана бажылык максаттар үчүн башка маалыматтар жөнүндө так маалыматтарды бажы органына билдирүү жолу менен жүргүзүлөт. Товарларды декларациялоо декларант же болбосо декларанттын тандоосу боюнча бажылык брокер тарабынан жүргүзүлөт.
10. Жазуу формасында декларациялоо бажы органына төмөнкү документтердин бирин берүү жолу менен жүргүзүлөт:
а) жүк бажы декларациясы, ал ТД1 жана ТД2 формаларынын бланкаларына толтурулат (мындан ары - ЖБД);
б) жеке адамдар үчүн ТД-6 бажы декларациясы (№ 2 тиркеме);
в) эркин формада түзүлгөн жазуу жүзүндөгү арыз;
г) бажылык кириш ордери (мындан ары - БКО) (№ 3 тиркеме);
д) эл аралык конвенцияларда, транспорт уставдарында жана кодекстеринде Кыргыз Республикасынын макулдашууларында жана мыйзамдарында каралган транспорт (ташуу) документтери (эл аралык товардык транспорттук накладной, темир жол накладною, аэробил);
е) (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 259 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-апрелиндеги № 307, 2012-жылдын 28-июнундагы № 453 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Оозеки формада декларациялоо Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө бажы органынын кызмат адамына оозеки билдирүү жолу менен жүргүзүлөт.
12. Декларациялоонун конклюденттик формасы - жеке адамдын кол жүгүндө жана коштолуучу багажында жазуу жүзүндө декларациялоого тиешелүү товарлардын жоктугу жөнүндө айгинелөөчү иш-аракеттерди жасоо.
13. Электрондук формада декларациялоо бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү же режими магниттик булактарда же маалыматтарды электрондук берүү жолу менен өзгөрүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтарды анын ичинде "Бирдиктүү терезе" маалыматтык тутуму аркылуу мамлекеттик органдар жана башка уюмдар тарабынан берилүүчү электрондук тастыктамалар, корутундулар жана күбөлүктөр жөнүндө кабарларды берүү жолу менен жүргүзүлөт. Бажы кодексинин 287-статьясына ылайык декларант же бажы брокери товарларды электрондук ыкма менен декларациялоо үчүн зарыл документтерди жана маалыматтарды берүү үчүн бажы органдарынын автоматташтырылган маалыматтык системаларына жетүү укугуна ээ болот, ал эми бажы органдары аларга милдеттүү тартипте ушундай жетүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-августундагы № 474 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Товарды алып өтүүчү адам, ошондой эле алып өтүлүүчү товарга карата белгилүү иш-аракет жасоо боюнча ыйгарым укуктуу адам же ташуучу Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товарлардын жана транспорт каражаттарынын келгендиги жөнүндө бажы органына билдирүүгө милдеттүү.
Билдирүү Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келинген же белгилүү мезгил ичинде алып келинүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө жазуу жүзүндө же электрондук формада маалыматты бажы органына берүү менен туюнтулат. Товарды ташуучу транспорт каражаттары бажы чегарасынан өтүүдө өткөрүү пункттарында аба кемелерин кошпогондо товарлар менен бир мезгилде декларацияланат.
15. Аба кемелери Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенде аэропортто бажы органына келгенден кийин үч сааттан кечиктирбестен, же болбосо Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан кетүүдө аэропортто учканга чейин жок дегенде үч саат мурда декларацияланат.
16. Бош транспорт каражаттары жана жүргүнчү ташуучу транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын бажы чегарасынан өтүүдө декларацияланат.
17. Товарларды жана жүргүнчүлөрдү эл аралык ташуу үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттары бажы органына транспорттук документтерин берүү жолу менен декларацияланат.
18. Бажы органынын кызмат адамы милдеттүү түрдө декларациялоо максатында документтерди кабыл алат, документке аларды кабыл алуу убактысын (күнү, сааты, мүнөтү) белгилейт жана декларацияланган товарлар менен андан аркы иш-аракеттер боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө бажы органынын кызмат адамынын аты-жөнүн жазуу менен белги коет, анын колу жана өздүк номерлүү мөөрү менен күбөлөндүрөт. Документтер электрондук түрдө берилген учурда алар алынган убакыт жана бажы органынын маалыматтык базасындагы жай белгиленет, маалыматтык базанын белгилүү талаачаларына документти аткарууга кабыл алган бажы органынын кызмат адамы жөнүндө (фамилия, номерлүү мөөр) маалымат коюлат. Аларды кабыл алууну тариздеген учурдан тартып алар юридикалык мааниси бар фактыларды күбөлөндүрүүчү документ болуп калат.
19. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келинүүчү товарларга бажылык декларация Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алар алып келинген жерде бажы органы тарабынан товарлар берилген күндөн тартып 15 күндөн кечиктирилбестен же эгерде товарларды декларациялоо алар келген жерде жүргүзүлсө ички бажылык транзит аяктаган күндөн тартып берилет, буга Бажы кодексинин 196, 204-статьяларында каралган учурлар кирбейт.
Айрым документтер бажылык декларация менен бир мезгилде берилиши мүмкүн болбогон учурларда мындай документтерди аларды алуу үчүн зарыл болгон мөөнөттө, бирок Бажы кодексинде айрым документтерди жана маалыматтарды берүү үчүн башкача мөөнөт каралбаса бажы декларациясын кабыл алгандан кийин 45 күндөн кечиктирбестен берүүгө жол берилет.
Декларанттын жүйөлүү кайрылуусу боюнча бажы органы товарларды убактылуу сактоо мөөнөтүнөн ашпоочу (2 ай) мөөнөткө декларация берүүнү узартат.
Кыргыз Республикасынын бажы аймагына бажы эрежелерин бузуу менен ташылып келген товарларга бажы декларациясы жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө соттун же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын) чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып же болбосо жоопкерчиликтен бошотуу же бажы эрежелерин бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотуу тууралу соттун, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын) чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып отуз календарлык күндүн ичинде берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен чыгарылуучу товарларга бажы декларациясы аларды иш жүзүндө алып чыкканга чейин берилет.
21. Бажы декларациясы чет өлкөлүк товарларга карата алар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенге чейин берилиши мүмкүн. Бажы декларациясын берүүдө жана товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенге чейин аны текшерүүнү аяктоодо бажы декларациясы алдын алуучу операциялар товарларына жана башка бажылык жол-жоболорго колдонуу үчүн зарыл болгон бирден бир документ катары пайдаланылышы мүмкүн.
22. Бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды өзгөртүүгө жана толуктоого декларанттын кайрылуусун алуу учурунда бул жөнүндө бажы декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтардын ишенимсиздигин бажы органы аныктай албаган же товарларды текшерүүнү баштай элек шартта жол берилет.
23. Бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына карата документтерди, бажы декларациясын берүү фактысы белгиленген тартипте бажы органынын кызмат адамы тарабынан аларды берүүнү каттаган күнү белгиленет.
24. Бажы аймагына товарлардын келиши, декларациялоо, товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө жөнүндө билдирүүдө маалыматтарды берүү фактысы мындай маалыматтарды бажы органынын электрондук почтасынын расмий дарегине алуу же маалыматтарды расмий почта байланышы каналдары боюнча жиберүү фактысы болуп эсептелиши мүмкүн.
25. Бажылык тариздөө өндүрүшү жөнүндө же бажылык тариздөөдөн баш тартуу же документтерди кабыл алуу жөнүндө бажы органынын чечими арызды кабыл алган же бардык зарыл документтерди берген учурдан тартып кийинки күндөн кечиктирилбестен кабыл алынууга тийиш.
26. Эгерде бажы декларациясында товарлар жөнүндө маалыматтар (товарлардын саны, бажылык нарк жөнүндө маалыматтар), ошондой эле транспорт каражаттары жана чыгарылган товарлар багытталган өлкө жөнүндө маалыматтар так билдирилиши мүмкүн эмес болсо убактылуу жүк бажы декларациясы (мындан ары - УЖБД), толук эмес жүк бажы декларациясы (мындан ары - ТЖБД) жана мезгилдүү жүк бажы декларациясы (мындан ары - МЖБД) колдонуу менен декларациялоо тартиби кабыл алынышы мүмкүн.
27. УЖБД, ТЖБД, МЖБДны колдонуу менен декларациялоо тартибин колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү чечим иш-аракетинин регионунда жөнөтүүчү турган бажыкана (Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан товарларды алып чыгууда) же товар алуучу (Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товарларды алып келүүдө) тарабынан кабыл алынат.
28. УЖБД, ТЖБД, МЖБДны колдонуу менен декларациялоо тартибин колдонууга бажы органы тарабынан чечим кабыл алуу үчүн бажылык брокер же товарларды алып өтүүчү адам бажы органына эркин формада түзүлгөн жазуу жүзүндөгү арыз берет.
29. Арызда төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы керек:
а) арыз берүүчү жөнүндө (анын уюштуруучулук-укуктук формасына көрсөтүүнү камтуучу аталышы, уюштуруу документтерине ылайык жайгашкан жери, иш жүзүндөгү дареги, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери, ОКПО коду, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН), ал эми эгерде товарларды декларациялоо бажы брокери тарабынан жүргүзүлсө бажылык брокер катары иш-аракет жүргүзүүгө бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү жаагында иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизилген номери жана күнү, ошондой эле берилген адам менен түзүлгөн келишимдин номери жана датасы кошумча көрсөтүлөт;
б) товарларды декларациялоонун суралган тартиби жөнүндө;
в) тышкы соода келишимдери жана ташылуучу товарлар жөнүндө негизги маалыматтар;
г) эгерде товарлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензияланууга жана (же) башка ыйгарым укуктуу органдардын контролдоосуна тийиш болсо лицензиялардын, уруксаттардын, сертификаттардын жана башка документтердин номери жана берилген датасы;
д) ал аркылуу товарларды алып келүү же алып чыгуу жүргүзүлүүчү Кыргыз Республикасынын бажы чегарасындагы өткөрүү пункттары жөнүндө (эгерде арыз берген учурда алар жөнүндө маалыматтарды так көрсөтүү мүмкүн эмес болсо болжол менен көрсөтүлүшү мүмкүн).
Арызда ошондой эле УЖБД, ТЖБД, МЖБДны колдонуу менен декларациялоону колдонуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн бажы органы тарабынан пайдаланылышы мүмкүн болгон башка маалыматтар да көрсөтүлүшү мүмкүн.
Ошол эле учурда арыз менен кошо бажы органына арызда ал жөнүндө маалымат көрсөтүлгөн документтер берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Документтер түп нуска жана белгиленген тартипке ылайык күбөлөндүрүлгөн көчүрмө түрүндө берилет.
Документтердин көчүрмөлөрү алардын түп нускаларына ылайык келишин текшергенден кийин документтер арыз ээсине кайтарылып берилет, буга түп нускасында бажы органына берилүүгө тийиш болгон документтер кирбейт.
31. Берилген арыз боюнча бажы органынын чечими арызды кабыл алган жана чечим кабыл алуу үчүн бардык зарыл документтерди берген күндөн тартып кийинки күндөн кечиктирилбестен кабыл алынууга тийиш. УЖБД, ТЖБД, МЖБДны колдонуу менен декларациялоо тартибин колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө баш тартуу тууралуу бажы органы арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирет.
32. УЖБДны колдонуу менен декларациялоо жол-жобосу төмөнкүлөрдү алып чыгууда колдонулат:
а) түтүк транспортун же болбосо электр берүү линиясын пайдалануу менен товарларды;
б) ЖБДны берүү датасына карата товарлардын санын, номенклатурасын, сапатын жана алардын бажылык наркын аныктоо үчүн так маалыматтар жок болгон башка учурда.
33. УЖБД товарды берүү мөөнөтүнүн ичинде декларант тарабынан бажы органына берилет. УЖБД менен бир мезгилде бажылык тариздөө жана билдирилген режимге ылайык бажылык контроль жүргүзүү өндүрүшү үчүн зарыл документтер жана маалыматтар берилет.
34. Ар бир конкреттүү учурда алып чыгуу мезгили УЖБДны берүүгө бажы органынын жазуу жүзүндөгү чечиминде айтылат. Бул учурда берүү мезгили деп ай, квартал, жарым жылдык эсептелиши мүмкүн.
35. УЖБД төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен билдирилген бажылык режимге карата колдонулуучу ЖБДны толтуруу эрежесине ылайык толтурулат:
а) "Декларация тиби" деген 1-графанын үчүнчү бөлүмчөсүндө тамга индекси "УД" - "убактылуу декларация" көрсөтүлөт;
б) транспорттук документтердин номерин жана датасын көрсөтпөстөн товарлардын пландалган саны көрсөтүлөт;
в) товардын санына жана сапатына жараша болуучу жана УЖБДа билдирилүүгө тийиш башка маалыматтар берилүүгө тийиш товарлардын пландалган санын эске алуу менен болжолдуу көрсөтүлөт;
г) товарлардын наркы сатып алуу-сатуунун тышкы соодалык бүтүмүнүн баасын эске алуу менен декларант тарабынан билдирилет. Эгерде контрактта (келишимде) товардын белгиленген (так, акыркы) баасы жок болсо жана аны аныктоо шарты гана белгиленсе (мисалы, товарды сатуу датасына карата биржалык котировкалоо же белгилүү датага карата бааны эсептөө формуласынын негизинде), ошондой эле УЖБДны берүү датасына карата чыгарылуучу товарлардын сапаты же саны жөнүндө так маалымат жок болсо, анда чыгарылуучу/алып келинүүчү товарды шарттуу (убактылуу) баалоо үчүн контрактта белгиленген алдын ала (болжолдуу) баа, же болбосо контрактта белгиленген эсептөөнүн шарттарына ылайык УЖБДны берүү датасына карата аныкталган эсептик баа пайдаланылат.
Мындай эсептөөлөрдү жүргүзүү мүмкүн эмес болгон учурда чыгарылуучу/алып келинүүчү товарды шарттуу (убактылуу) баалоону бажы органынын тескөөсүндө болгон баа маалыматынын негизинде жүргүзүүгө болот;
д) "жүк документтери жана товарлардын баяндамасы" деген 31-графада декларант тарабынан мезгилди көрсөтүү менен "... мезгил ичинде берүү" деген кошумча жазуу коюлат.
36. Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу товарлардын билдирилген партиясын алып өтүү УЖБДда көрсөтүлгөн мезгил ичинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
37. Берилген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар туура келген учурда жөнөтүүчү бажы органынын кызмат адамы тарабынан транспорттук жана товарларды коштоочу документтерге УЖБДнын номерин жана товарлар чыгарылган датасын көрсөтүү менен "Чыгарууга уруксат берилди" деген жазуу жазылат (же штамп коюлат), ал бажы органынын кызмат адамынын колу жана өздүк номерлүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
38. УЖБД баракчаларын бөлүштүрүү төмөнкүчө жүргүзүлөт:
а) биринчи жана экинчи барактар бажылык тариздөө жүргүзүлгөн бажы органында калат;
б) үчүнчү барак декларантка берилет;
в) төртүнчүсү ташуучуга берүү үчүн декларантка кайтарылып берилет жана товарларды ташууга уруксат болуп эсептелет.
39. Билдирилген мезгил ичинде товарларды иш жүзүндө чыгаруу ишке ашырылбай калган учурда УЖБД боюнча ташуу, убактылуу жүк бажы декларациясы кайра сурап алынышы керек жана жок кылынууга тийиш. УЖБДны жок кылуу, ошондой эле бажы штамптарынын, мөөрлөрүнүн оттисктерин жана жазууларын жок кылуу УЖБДнын "С" графасында "Жок кылынды" деген жазуу жана аларды чийип салуу жолу менен берүү жүргүзүлбөгөндүгү жөнүндө ташуучунун документтик ырастоосунан кийин жүргүзүлөт, ал бажылык тариздөөнү жүргүзгөн бажы органынын кызмат адамынын колу жана өздүк номерлүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
40. Декларанттагы УЖБДнын нускасы, бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлгөн жазуусу, бажылык мөөрдүн, штамптардын оттиски бар ушундай товарларга транспорттук жана товарларды коштоочу документтер, ошондой эле жеткирилбей калуунун себеби, алып келинген (чыгарылган) товардын иш жүзүндөгү саны жөнүндө экспортердун (импортердун) жазуу жүзүндөгү түшүнүк каты декларант тарабынан бажы органына толук ЖБНы мөөнөтүндө берүү менен бир мезгилде же ага чейин берилет.
41. УЖБДда билдирилген товарлардын партиясын алып чыккандан 15 күндөн кечиктирбей же билдирилген партияны алып чыгуу мезгилинде декларант УЖБДда билдирилген товарларды бажылык тариздөөнү жүргүзгөн бажы органына толук жүк бажы декларациясын (мындан ары - ЖБД) берет.
42. Алып чыгуу мөөнөтүнүн аякташы кабыл алуу-текшерүү актысын же болбосо берилген товардын санын аныктоо үчүн пайдаланылуучу жана ташуучу тарабынан таризделүүчү (мындан ары - транспорттук документтер) же бүткүл партияны алып чыкпаган учурда - берүү мөөнөтү бүткөн учурдан тартып толук партияга башка документти тариздеген күндөн тартып эсептелет.
43. Эгерде декларациялануучу партияга ырааты менен бир нече транспорттук документ түзүлгөн учурда алып чыгууну аяктоо мөөнөтү акыркы документти тариздеген күндөн тартып эсептелет.
44. Толук ЖБДны берүүдө бажылык тариздөө үчүн бардык зарыл документтерди берүү милдеттүү.
Бул учурда толук ЖБД төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен толтурулат:
а) "Жалпы декларация/мурдагы документ" деген 40-графада УЖБДнын маалыматтык номери көрсөтүлөт;
б) "Бажылык контроль" деген Д графасында бажы органынын кызмат адамы транспорттук документтин датасын кошумча коет же болбосо товарды берүү жүргүзүлгөн акыркы айдын күнүн көрсөтөт. Бул жазуу бажы органынын кызмат адамынын колу менен күбөлөндүрүлөт.
45. Декларациялоо УЖБДны берүү жолу менен жүргүзүлүүчү товарларга карата экономикалык саясат жана чектөөлөр чараларын сактоо Кыргыз Республикасынын валютасында чет өлкөлүк валютаны кайра эсептөөнүн курсун камтуу менен көрсөтүлгөн УЖБДны бажы органы тарабынан кабыл алынган күнгө карата колдонулуучу Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын нормаларына ылайык жүргүзүлөт.
46. УЖБДны жок кылууда товарларды бажылык тариздөө үчүн бажылык жыйымдарды кайтарып берүү жүргүзүлбөйт.
47. Контролдоо үчүн толук ЖБДны бергенге чейин УЖБДны берүү жолу менен товарларды декларациялоодо экспортер тарабынан аны алышына жараша, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы органынын талабы боюнча ташуучулар тарабынан же көрсөтүлгөн документтер бар башка адамдар же болбосо товарлардын саны жана сапаты жөнүндө адамдар тарабынан берилген коммерциялык же транспорттук документтер колдонулат.
48. Товарларга карата ыйгарым укукка ээ адамдар бажы органынын кызмат адамынын катышуусунда товарлардын санын жана сапатын аныктоону жүргүзүүгө милдеттүү. Товарлардын санын жана алардын сапаттык курамын ырастоочу документтер бажы органына берилген товардын иш жүзүндөгү санын аныктоого түздөн-түз катышкан бажыкананын инспекторунун өздүк номерлүү мөөрү менен милдеттүү күбөлөндүрүү аркылуу толук ЖБДны берүү менен бир мезгилде бажы органына берилет.
49. Бир эле товарларды бир эле адам бажы чегарасы аркылуу дайыма алып өтүүдө белгилүү мезгил ичинде бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү бардык товарларга бир бажылык декларация берүүгө жол берилет.
50. Мезгилдүү ЖБД төмөнкүлөрдү эске алуу менен ЖБДны толтуруу эрежелерине ылайык толтурулат:
а) 1-графанын үчүнчү бөлүмчөсүнө "МД" (мезгилдүү декларация) жазуусу коюлат;
б) 31-графада убакыт мезгилин көрсөтүү менен "Товарларды алып өтүү" деген жазуу жазылат;
в) "С" графасында күн жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт, андан кечиктирилбестен декларант тарабынан толук ЖБД берилүүгө тийиш.
51. МЖБД менен бир мезгилде бажы органына төмөнкүлөр берилет:
а) ал жөнүндө маалыматтар МЖБДда билдирилген товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөөнү ырастоочу төлөм документтери;
б) транспорттук жана товар коштоочу документтер;
в) бажы органы менен макулдашылган мөөнөттө толук ЖБДны берүү жөнүндө милдеттенме.
52. Бажы органынын кызмат адамы товар коштоочу документтерде жана МЖБДда көрсөтүлгөн маалыматтардын товарларды текшерип кароонун натыйжасына туура келишин текшерет. Транспорттук жана товар коштоочу документтердеги маалыматтар туура келгенде мезгилдүү бажылык декларациянын номерин жана товарлардын чыгарылган күнүн көрсөтүү менен "Чыгарууга уруксат. Мезгилдүү декларациялоо" деген штамп коюлат, ал аталган кызмат адамынын колу жана өздүк номерлүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
53. Мезгилдүү бажы декларациясындагы товардын санынан ашып кеткен санда товар алып келген учурда декларанттын арызы боюнча бажы төлөмдөрүн, салыктарды төлөө менен алып келинген товарлардын саны жөнүндө маалыматтарга оңдоо киргизилет. Маалыматтарга оңдоо киргизүү мурдагы мезгилдүү бажы декларациясында мурда билдирилбеген товарлар жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен МЖБД берүү формасында ишке ашырылат.
54. МЖБДда көрсөтүлгөн сандагыдан аз санда товарларды алып келүү учурунда бажылык тариздөө жүргүзүүчү бажы органы төлөөчүгө айырманы кайтарып берет же болбосо - төлөөчүнүн каалоосу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте ашыкча төлөнгөн сумманы келечектеги төлөмдөрдүн эсебине чегерет.
55. Товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына (аймагынан) алып келүүнү (алып чыгууну) жүргүзбөгөн учурда декларант мезгилдүү бажылык декларацияны кайра сурап алууга акылуу. Кайра суралып алынган декларация жок кылынууга тийиш.
56. МЖБДны колдонуу товарларды убактылуу сактоонун чектик мөөнөтүн бузууга же бажылык төлөмдөрдү, салыктарды төлөө мөөнөтүн бузууга алып келиши мүмкүн эмес.
57. Бажылык тариздөөнү аяктагандан кийин МЖБДнын үчүнчү жана төртүнчү баракчалары декларантка кайтарылып берилет.
Декларант тарабынан МЖБДнын төртүнчү баракчасынан баштап көчүрмөсү жасалууга тийиш, анын саны ал жөнүндө маалымат МЖБДда билдирилген товарлардын болжолдонгон кемитүүлөрүнүн санына туура келет, анын ар бири декларант тарабынан күбөлөндүрүлөт.
58. Товарларды транспорттук каражатка жүктөгөндөн кийин декларант тарабынан тиешелүү графага транспорт каражаттары, транспорттук жана товар коштоочу документтердин номерлери жөнүндө маалыматтар киргизилет, 31-графада кошумча түрдө "Жөнөтүү № ____" деген жазуу түрүндө товарларды жөнөтүүнүн катар номери көрсөтүлөт. Киргизилген өзгөртүүлөр декларант тарабынан күбөлөндүрүлөт.
59. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан товарларды иш жүзүндө алып чыгууга контроль Кыргыз Республикасынын бажы чегарасында өткөрүү пункту жайгашкан анын иш-аракет жүргүзүү регионундагы бажы органы тарабынан жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен сыртка товарларды алып чыгуу чыгарылган товарлардын иш жүзүндөгү санын жана алар чыгарылган күндү көрсөтүү менен МЖБДнын төртүнчү баракчасынын арткы бетине "Товар чыгарылды" деген жазууну бажы органынын кызмат адамы жазуу жолу менен ырасталат, ал бажы органынын кызмат адамынын колу жана өздүк номерлүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан иш жүзүндө чыгарылган товарлардын саны жана алар чыгарылган күн каттоо журналында белгиленет.
60. Толук ЖБДны товарларды бажылык тариздөө жүргүзүлгөн бажы органына берүү мөөнөтү бажы органы тарабынан товарларды берген күндөн тартып 15 күндөн ашпоого тийиш.
61. Толук ЖБД төмөнкүлөрдү эске алуу менен ЖБДны толтуруу эрежесине ылайык толтурулат:
а) 40-графада МЖБДнын номери көрсөтүлөт;
б) 31-графада толук ЖБД берилүүчү убакыт мезгилинин башталышын жана бүтүшүн көрсөтүү менен "Товарларды жылдыруу" деген жазуу жазылат.
Толук ЖБДда билдирилген маалыматтарды текшерүүдө мезгилдүү ЖБДнын төртүнчү баракчасынын көчүрмөсү кошумча пайдаланылышы мүмкүн.
62. Тышкы сооданын бажылык статистикасында толук жүк бажы декларациясы гана эске алынат.
63. Эгерде декларантта өзүнө көз карандысыз себептер боюнча бажы декларациясына толтуруу үчүн бардык зарыл болгон маалыматтар жок болсо товарларды чыгаруу үчүн зарыл болгон маалыматтар анда билдирилген шартта МЖБДны берүүгө уруксат берилет.
64. Декларант бажы органы тарабынан белгиленген мөөнөттө жетишпеген маалыматтарды берүүгө милдеттенме алат, ал эгерде айрым маалыматтарды берүү үчүн башка мөөнөт Бажы кодексинде каралбаса бажы органы тарабынан ТЖБДны кабыл алган күндөн тартып 45 күндөн ашпоого тийиш.
65. ТЖБД Кыргыз Республикасынын нормативдик актылары менен белгиленген ЖБДны кабыл алууда жана каттоодо талаптарга ылайык бажы органы тарабынан кабыл алынат жана катталат.
66. ТЖБД төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен товарларды декларациялоодо ЖБДны толтуруу эрежелерине ылайык толтурулат: 1-графанын үчүнчү бөлүмчөсүндө "ТД" (толук эмес декларация) деген белги коюлат.
Товарлар ташылуучу транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтар көрсөтүлбөшү да мүмкүн, ал эми товарлар багытталган өлкө жана алардын алуучулары жөнүндө ТЖБДны берүү күнүнө карата декларантта болгон маалыматтардын негизинде болжолдуу көрсөтүлүшү мүмкүн.
ТЖБД менен бир мезгилде бажы органына төмөнкүлөр берилет:
а) ТЖБДда ал жөнүндө маалыматтар билдирилген кабарларга карата бажы төлөмдөрү төлөнгөнүн ырастоочу төлөм документтери;
б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажылык максаттар үчүн зарыл болгон башка документтер.
67. Бажы органынын кызмат адамы товар коштоочу документтерде жана ТЖБДда көрсөтүлгөн маалыматтардын товарларды текшерип кароо натыйжаларына туура келишин текшерет. Транспорттук жана товар коштоочу документтердеги маалыматтар туура келгенде ТЖБДга жетишпеген маалыматтардын берилген датасын көрсөтүү менен "Шарттуу түрдө... чейин чыгарылды" деген жазуу жазылат, ал аталган кызмат адамынын колу жана өздүк номерлүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Жетишпеген маалыматтар эркин формада түзүлгөн жазуу жүзүндөгү арыз түрүндө берилет, анда ТЖБДнын номери жана ТЖБДнын графаларынын номерин көрсөтүү менен жетишпеген маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш. Арыз эки нускада декларант тарабынан кол коюлат жана берилет, ага бажы органынын кызмат адамы тарабынан кабыл алынгандыгы жөнүндө колу жана өздүк номерлүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн күнүн көрсөтүү менен белги коюлат, ошондон кийин арыздын бир нускасы декларантка кайтарылып берилет. Арыз ТЖБДга тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
68. Бардык жетишпеген маалыматтар берилгенден кийин бул маалыматтар ТЖБДнын "С" графасына киргизилет, колу жана өздүк жекече мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн күндү көрсөтүү менен "Чыгарууга уруксат" деген штамп коюлат.
69. Бажылык статистикада ТЖБД эске алынат.
70. Товарларды алып чыгуу/алып келүү иш жүзүндө ишке ашырылбаган учурда берилген ТЖБД жок кылынууга тийиш.
II-I бөлүм
Алдын ала декларациялоо
(Бөлүм КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
70-1. Товарларды алдын ала декларациялоо толук эмес ЖБД берүү жолу менен жүргүзүлөт. Алдын ала толук эмес ЖБД Бажы Кодексинин 292-беренесине ылайык чет элдик товарларга карата алар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенге чейин же алар келгенден кийин ички бажы транзитинин жол-жобосу аяктаганга чейин берилиши мүмкүн. Товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенге чейин бажы декларациясын берүүдө жана аны текшерүү аяктагандан кийин бажы декларациясы товарларга карата алдын ала операцияларды жана башка бажы жол-жоболорун колдонуу үчүн зарыл болгон бирдиктүү документ катары колдонулушу мүмкүн.
70-2. Алдын ала толук эмес ЖБД товарларды алуучу анын иш регионунда жайгашкан бажы органына же товарлардын айрым түрлөрүн декларациялоо үчүн аныкталган бажы органына берилет.
Алдын ала толук эмес ЖБД бажы органына, эгер ал ЖБДда бажы органы бажы контролун жүргүзүү үчүн бардык зарыл маалыматтар камтылганда берилет:
- ташылып келген товарларга карата тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонуу тууралуу;
- товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенден кийин тандалып алынган бажы режимине ылайык товарлар чыгарылгандыгы тууралуу.
Алдын ала толук эмес ЖБД боюнча бажы төлөмдөрү Бажы Кодексинин 242-беренесинин 2-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдөн кечиктирилбестен төлөнүшү керек.
70-3. Товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенге чейин алдын ала толук эмес ЖБДдагы маалыматтарды текшерүү тандалып алынган бажы режимине ылайык товарларды чыгаруу үчүн берилген зарыл документтерди жана/же документтердин көчүрмөлөрүнүн негизинде жүргүзүлөт. Алдын ала толук эмес ЖБДдагы маалыматтар билдирилген бажы режиминин талаптарына жана шарттарына ылайык келүүсү текшерилгенден кийин бажы органынын кызмат адамы ЖБДнын "С" графасына "Шарттуу чыгаруу" штампын коюу, өздүк номерлүү мөөрү менен күбөлөндүү жана "алдын ала декларациялоо. Товар "КК.АА.ЖЖЖЖ" чейин көрсөтүлүшү керек" деген жазууну жазуу жолу менен товарларды шарттуу чыгарат.
70-4. Алдын ала толук эмес ЖБДда билдирилген товарлар келгенден кийин бажы органынын кызмат адамы алдын ала толук эмес ЖБДда көрсөтүлгөн маалыматтардын документтердин түп нускасына дал келүүсүн, бажы төлөмдөрүнүн толук жана өз убагында төлөнгөнүн тактайт. Эгер тактоонун жыйынтыктары боюнча алдын ала толук эмес ЖБДдагы бажы төлөмдөрүнүн суммасында нарктык, сандык же салмактык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүүсүнөн улам, ошондой эле чет элдик валюталарга карата улуттук валютанын курсунун өзгөрүүсүнөн улам төлөнө турган бажы төлөмдөрүнүн суммасы өзгөрүлгөн учурда алдын ала толук эмес ЖБД корректировкаланууга тийиш.
Ашыкча төлөнгөн бажы төлөмдөрүн кайрып берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтому менен бекитилген Бажы төлөмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускаманын V бөлүгүнө ылайык жүргүзүлөт.
Алдын ала толук эмес ЖБДда көрсөтүлгөн маалыматтар такталгандан кийин бажы органынын кызмат адамы ЖБДнын "Д" графасына тийиштүү штамптарды коюу менен өздүк номерлүү мөөрү менен күбөлөндүрүп жана товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келген жана чыгарылган күнүн көрсөтүп товарларды чыгарат.
Бажы органын кызмат адамы бажылык кароо жана тыкыр кароо жүргүзүү зарыл экени тууралуу чечим кабыл алганда товарларды чыгаруу бажылык кароо же тыкыр кароо жүргүзүлгөндөн кийин ишке ашат.
Эгер товарлар бажы декларациясын кабыл алган бажы органына ал кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып 45 календардык күндүн аралыгында бажы органына көрсөтүлбөсө же ал мөөнөттүн аралыгында товарларга карата төлөнө турган бажы төлөмдөрүнүн ставкалары өзгөрсө, алдын ала толук эмес ЖБДда көрсөтүлгөн товарларды ташып келүүгө тыюу салынса же чектөө киргизилсе, бажы декларациясы берилген жок деп таанылат. Мында алдын ала ЖБДнын "Д" "Бажы контролу" графасында бажы органынын кызмат адамы "ЖБД жараксыз" деген жазуу жазып, өзүнүн аты-жөнүн, күнүн жана колун коет, андан кийин алдын ала толук эмес ЖБДнын үчүнчү барагын өздүк номерлүү мөөрүн коет жана берилген документтердин комплекти менен декларантка кайтарат. Алдын ала ЖБДнын калган барактары бажы органында сакталат.
70-5. Маалыматтары жараксыз ЖБДда билдирилген товарлар бажы органына ушул нускаманын II бөлүгүнө ылайык декларацияланат.
V бөлүм
Сынамык жана үлгү алуу
71. Айрым товарларды бажылык контролдоо жол-жоболорунун жүрүшүндө жана зарыл учурда, ушул Нускамада белгиленген тартипте товарлардын сынамыгын же үлгүсүн алуу жана аларды изилдөө жүргүзүлүшү мүмкүн.
72. Бажылык контролдоо процессинде товарлардан үлгү жана сынамык алуу төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн:
- бажы органынын кызмат адамы;
- эксперт;
- декларант жана алардын өкүлдөрү;
- товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ адамдар жана алардын өкүлдөрү;
- укук улантуучулар жана алардын өкүлдөрү.
73. Бажы органынын кызмат адамы товарларды туура эмес декларациялоо фактыларын аныктоо, бажы төлөмдөрүн эсептөөнүн жана алуунун тууралыгын камсыз кылуу максатында товарларга бажылык контролдоону ишке ашырууда дайындалган экспертизаларды жүргүзүү үчүн товарлардан сынамык же үлгү алууну; тышкы соодалык иш-аракеттерди мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тыюу салуулар жана чектөөлөр колдонулган товарларга таандыктыгын аныктоону жүргүзөт.
74. Товарлардын сынамыктарын же үлгүлөрүн тандоодо бажы органынын кызмат адамы ушул Нускамага № 4 тиркемеде келтирилген форма боюнча эки нускада сынамык же үлгү алуунун актысын тариздейт. Актынын биринчи нускасы бажы органында калат жана бажы декларациясынын биринчи нускасы жана ага карата документтер менен бирге же болбосо бажы ишинин жаатындагы администрациялык укук бузуулар жөнүндө иш менен бирге сакталат, экинчиси - товарга карата ыйгарым укукка ээ адамга, эгерде ал аныкталса же анын өкүлүнө тапшырылат.
75. Зарыл учурларда сынамыктарды же үлгүлөрдү алуу эксперттин же адистин катышуусу менен жүргүзүлөт.
76. Адамды адис катары тартуу келишимдик негизде жүргүзүлөт.
77. Декларант же анын өкүлү жок болгондо бажы органынын кызмат адамы тарабынан товарлардын сынамыгын же үлгүсүн тандоо төмөнкү учурларда экиден кем эмес күбөнүн катышуусу менен жүргүзүүгө жол берилет:
- декларант, товарларга жана (же) транспорт каражаттарына карата ыйгарым укукка ээ башка адамдар жана алардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алар келген жерге бажы органына товарлар берилген күндөн тартып 15 күн өткөнгө чейин келбегенде;
- мамлекеттик коопсуздукка, коомдук тартипке, адамдын жашоо-турмушуна жана ден-соолугуна, жаныбарларга, өсүмдүктөргө, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө, маданий баалуулуктарды сактоого жана кийинкиге калтырууга болбогон башка жагдайларда коркунуч болгондо;
- товарларды эл аралык почталык жөнөтүүлөр менен салганда;
- бажы режиминин шарттарын бузуу менен товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына калтырганда.
78. Бажы органы тарабынан алынуучу сынамыктар жана үлгүлөр изилдөө үчүн бажы лабораториясына же башка тиешелүү мамлекеттик органдарга жиберилет.
79. Товарлар жана транспорт каражаттары, идентификациялоо каражаттары жөнүндө же болбосо аларга карата операциялар (аракеттер) аткарылгандыгы жөнүндө маалыматтарды камтыган документтерди, товарларды, транспорт каражаттарын экспертизалоо илимде, искусстводо, техникада же кол өнөрчүлүктө атайын таанып билүү зарыл болгон келип чыгуучу маселелерди түшүндүрүү үчүн бажылык контролду жүргүзүүдө дайындалат.
Экспертиза жүргүзүү Бажы кодексине ылайык жүргүзүлөт.
Товарлардын сынамыгына же үлгүсүнө экспертиза жүргүзүү үчүн бажы органынын кызмат адамы экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарат.
Изилдөө жүргүзүү үчүн эксперт келишимдик негизде тартылат. Изилдөө жүргүзүү менен эксперт эгерде бул изилдөө мүнөзүн пайда кылбаса үлгүлөрдү бузууга жана зыянга учуратууга жол бербестен аларды экспертизага берилгенин сактоого чара көрүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
80. Товарлардан сынамык жана үлгү алууда башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан:
- ушул Нускамага № 4 тиркемеде көрсөтүлгөн форма боюнча эки нускада акты түзүлөт; биринчи нускасы бажы органында калтырылат, экинчиси товарларга карата ыйгарым укукка ээ адамга же анын өкүлүнө, эгер алар белгиленсе берилет, актынын көчүрмөсү мамлекеттик органдын өкүлүнө тапшырылат;
- бажы органына башка мамлекеттик орган тарабынан алынган товарлардын сынамыгына же үлгүсүнө экспертиза жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө билдирилиши керек жана ал жөнүндө декларантка, товарга карата ыйгарым укукка ээ адамга, укук улантуучуга же алардын өкүлдөрүнө билдирилүүгө тийиш.
81. Изилдөө жүргүзүлгөндөн кийин предметтер жана документтер (сынамыктарды же үлгүлөрдү камтуу менен) таңгакталат, мөөр басылып чапталат жана изилдөөнү дайындаган бажы органына жиберилет.
82. Товарлардан сынамык же үлгү алууда декларант, товарларга карата ыйгарым укукка ээ адамдар, укук улантуучу, алардын өкүлдөрү тарабынан ушул Нускамага № 4 тиркемеде көрсөтүлгөн формада эки нускада акты түзүлөт, биринчиси бажы органында калтырылат, экинчиси - товарларга карата ыйгарым укукка ээ адамга же анын өкүлүнө тапшырылат. Декларанттын же болбосо башка кызыкдар адамдын демилгеси боюнча экспертиза дайындоодо көрсөтүлгөн адамдар бажы органына эксперттин талапкерлиги боюнча сунуш киргизүүгө укуктуу.
83. Бажы органы тарабынан ушул Нускаманын 71 жана 73-пункттарында көрсөтүлгөн адамдарга товарлардан сынамык же үлгү алууга уруксат берилет, эгерде мындай алуу:
- бажылык контролду жүргүзүүнү кыйындатпаса;
- товарлардын мүнөздөмөлөрүн өзгөртпөсө;
- тышкы соода иш-аракеттерин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактабоого же бажы пошлиналарын, салыктарды төлөөдөн качууга алып келбесе.
Сынамык же үлгү алууга уруксат бажылык контрол жүргүзүүчү бажы органынын начальнигинин же болбосо аны алмаштыруучу адамдын резолюциясы түрүндө болот, ал арызга эркин формада жазылат, анда товардын сынамыгын же үлгүсүн алуу орду жана убактысы жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
Товарлардын сынамыгын же үлгүсүн алууга уруксатта сынамык же үлгү алуу бажы органынын кызмат адамы катышкан шартта жол берилээри көрсөтүлүшү мүмкүн.
Сынамык же үлгү алгандан кийин жазуу жүзүндөгү уруксат сынамык же үлгү алуу актысынын биринчи нускасы менен бирге бажы органында сакталат.
84. Ушул Нускамага ылайык товарлардын сынамыктарын же үлгүлөрүн бажы органы тарабынан экспертизага жиберүүдө мындай сынамыктар жана үлгүлөр бир идишке таңгакталышы жана пломбаланышы керек. Эгерде товар химиялык зат болсо, анда сынамык касиеттери, уулуулугу, коопсуздук чаралары, коргонуунун жекече каражаттары жөнүндө маалыматтарды камтыган коштоочу документтер менен коштолууга тийиш.
85. Товардын сынамыгынын же үлгүсүнүн саны (масса, көлөм, даана менен ж.б.) изилдөө жүргүзүү үчүн жеткиликтүү болгон минимум санда аныкталат.
86. Эксперттин корутундусу - процессти жана эксперт тарабынан жүргүзүлгөн экспертизанын натыйжасын чагылдыруучу документ. Изилдөө же экспертиза жүргүзгөн мамлекеттик органдын корутундусунда төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
- изилдөө жүргүзүү мезгили жана орду;
- изилдөө ким тарабынан жана кандай негизде жүргүзүлгөнү;
- эксперттин алдына коюлган маселелер;
- изилдөө объектиси, экспертке берилген материалдар жана документтер;
- колдонулган методдорду көрсөтүү менен изилдөөлөрдүн мазмуну жана натыйжасы;
- изилдөөлөрдүн натыйжаларын баалоо;
- коюлган маселелер боюнча жыйынтыктар жана аларды негиздөө.
87. Эгерде изилдөө бир нече эксперттин катышуусунда жүргүзүлсө корутундуга бардык эксперттер кол коюшат. Эксперттердин ортосунда пикир келишпестиктер болсо алардын ар бири өздөрүнүн жыйынтыктарын өз алдынча беришет.
Эгерде изилдөө жүргүзүүдө эксперт ал боюнча ага маселе коюлбаган иш үчүн олуттуу жагдайды аныктаса, ал өзүнүн корутундусуна ушул жагдайлар жөнүндө жыйынтыктарын киргизүүгө укуктуу.
Эксперттин же бир нече эксперттин корутундусун чагылдыруучу материалдар жана документтер корутундуга тиркелет жана анын курамдык бөлүгү болуп кызмат кылат.
88. Корутунду эки нускада түзүлөт.
Биринчиси бажы органына экспертизага жиберилген товарлардын сынамыктары жана үлгүлөрү менен бирге жиберет. Бул учурда алар бир идишке салынып, пломбаланат. Коштоочу документтер өзүнчө пакетке салынат жана чапталып мөөр басылат.
Экинчи нуска бажы лабораториясында (бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттик-криминалисттик подразделениесине) же экспертиза жүргүзгөн башка мамлекеттик органда калат.
89. Изилдөө аяктаганда товарлардын сынамыктары же үлгүлөрү ээсине кайтарылып берилет, буга ушундай сынамыктар же үлгүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жок кылынууга же утилдештирүүгө жаткан учурлар кирбейт.
VII бөлүм
Бажылык текшерип кароо жана кароо
90. Товарларды жана транспорттук каражаттарды кароо деп эгерде мындай кароо транспорт каражатын, же анын жүк салуучу жайын ачуу жана товардын таңгагын бузуу менен байланышпаса, бажы контролунун максаттары үчүн товарларды, жеке жактардын багажын, транспорттук каражаттарын, жүк салгычтарын тышынан көз жүгүртүп, бажы пломбаларынын, мөөрлөрүнүн жана товарларды идентификациялоо каражаттарынын бар-жогун кароо түшүндүрүлөт.
Бажылык толук кароо - товарларды жана транспорттук каражаттарды бажылык контролдоонун формасы, ал товарлардын таңгагын же транспорттук каражаттын жүк салуучу жайын, товарлар салынуучу же салынышы мүмкүн болгон салгычтарды, контейнерлерди жана башка жерлерди ачуу аркылуу жүргүзүлөт. Бажылык толук кароо бажылык максаттар үчүн товарларды идентификациялоо максатында, же бажы мыйзамдары бузулгандыгы жөнүндө маалымат бар болсо ушундай маалыматты текшерүү, ошондой эле тандап текшерүүнүн принциптерин сактоодо тобокелдиктерди башкаруунун негизинде бажылык контролдоо максатында жүргүзүлүшү мүмкүн.
Жүргүзүлгөн бажылык толук кароонун/кароонун натыйжалары боюнча товарлар жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтар берилген маалыматтарга же берилген документтерге шайкеш келбегендиги табылса, товарларды жана транспорттук каражаттарды идентификациялоо каражаттарын жана аларды ырастоочу белгилерин бузуулар табылса, Бажы кодексинин 320-беренесинин негизинде ушул Нускаманын № 5 тиркемесине ылайык акт түзүлөт.
Бажылык толук кароо актысы ташып кирүүнүн/ташып чыгуунун жана мамлекеттин пайдасына баш тартуунун убактылуу бажы режимдерине жайгаштырылуучу товарларды жана транспорттук каражаттарды идентификациялоонун натыйжаларын документтик түрдө ырастоо зарыл болгон учурларда да толтурулат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябрындагы № 587 токтомунун редакциясына ылайык)
91. Бажылык текшерип кароо жана кароо актысы Бажы кодексинин 320-статьясына ылайык текшерип каралган жана каралган товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө иш жүзүндө аныкталган маалыматтарды көрсөтүү үчүн, ошондой эле текшерип кароонун жана кароонун натыйжаларын белгилөө үчүн пайдаланылат.
Бажылык текшерип кароо жана кароо актысында кырып оңдоого жана жазып оңдоого жол берилбейт. Оңдоо ката маалыматтарды чийүү, үстүнөн базып жазуу же тиешелүү маалыматтарды кол менен оңдоп жазуу жолу менен жүргүзүлүшү керек. Ар бир оңдоо бажы органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу жана өздүк номерлүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Бажылык текшерип кароо жана кароо актысында көрсөтүлгөн маалыматтардын туура толтурулгандыгына жана ишенимдүүлүгүнө жоопкерчиликти бажылык текшерип кароо жана кароо актысына кол койгон бажы органынын кызмат адамы тартат.
92. Товарларды бажылык текшерип кароо төмөнкүдөй түрлөрдө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын тапшырмасы менен жазуу же электрондук формада жүргүзүлөт:
- жүк орундарынын санын кайра эсептөө менен текшерип кароо:
а) аларды ачпастан;
б) тандап ачуу менен;
в) айрым учурларда бардык жүк орундарын ачуу менен.
- жүк орундарындагы предметтердин санын кайра эсептөө менен текшерип кароо (тандап же бардыгын);
- ченөө жана товардын мүнөздөмөлөрүн аныктоо менен текшерип кароо. Бул учурда товарлардын мүнөздөсүн аныктоо болуп товарларды, товарлардын таңгагын, товарлар жайгашкан идишти, жүк орундарын сынамык же үлгү алуу менен же аларсыз толук баяндап жазуу эсептелет;
- транспорт каражаттарынын жана жүк отсектеринин жашырын жерлерин, жашырылгандарды, контробанданы табууга багытталган текшерип кароо.
93. Зарыл болгондо текшерип кароону жүргүзүүчү кызмат адамы төмөнкүлөргө укуктуу:
а) контейнерди, транспорт каражатынын жүк отсегин, идишти жана товарлардын таңгагын ачууга;
б) таразага тартуу, өлчөө, кайра саноо жолу менен товардын санын аныктоого;
в) бажылык контролдун техникалык каражаттарын колдонууга;
г) контейнерлерден, жүк отсектеринен жана идиштерден товарларды толук же жарым жартылай алып чыгууга.
94. Жеке адамдар тарабынан алып өтүлүүчү товарларды (кол жүктөрүн жана багажды) бажылык текшерип кароо төмөнкү жолдор менен жүргүзүлөт:
а) айрым орундарды ачпастан, бирок контролдоонун техникалык каражаттарын пайдалануу менен;
б) контролдоонун техникалык каражаттарын пайдаланып буюмдарды жарым жартылай алып чыгуу менен;
в) контролдоонун техникалык каражаттарын пайдаланып айрым орундарды ачуу менен;
г) ар бир багаж ордунан жана кол жүгүнөн буюмду толук алып чыгуу менен, ошондой эле тигиштерди сөгүү, ичиликтерди бөлүү, конструктивдүү элементтерди чечүү ж.б. менен.
VIII бөлүм
Жеке текшерип кароо бажылык контролдун формасы катары
95. Жекече текшерип кароо бажылык контролдун өзгөчө формасы болуп эсептелет жана буга өтө кескин негиз болгон учурларда гана колдонулат.
Жеке текшерип кароо бажы органынын начальнигинин же аны алмаштыруучу кызмат адамынын чечими боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
Жеке текшерип кароого жарандыгына карабастан ар кандай жеке адам туш болушу мүмкүн. Төмөнкүлөр жеке текшерип каралышы мүмкүн эмес:
- Кыргыз Республикасынын Президенти;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 56-статьясынын 3-пункту), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-статьясынын 4-пункту), буга башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлар кирбейт;
- Кыргыз Республикасынын судьялары, буга судьяларга карата кылмыш иши боюнча өндүрүш менен байланышкан жеке текшерип кароо учурлары кирбейт (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-статьясынын 4-пункту);
- прокурорлор жана прокуратуралардын тергөөчүлөрү, буга акыркысы кылмыш жасалган жерде кармалган учурлар кирбейт ("Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы);
- 1961-жылдагы дипломатиялык мамилелер жөнүндө Вена конвенциясына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына иммунитетке ээ адамдар (Дипломатиялык мамилелер жөнүндө Вена конвенциясынын 29-36-статьялары).
Жеке текшерип кароо Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өтүп бараткан же бажы контролу аймагында же эл аралык каттамдар үчүн аэропорттун транзиттик зонасында болгон жеке адамдар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келүүгө тыюу салынган товарларды жашыргандыгы же бербегендиги же болбосо Бажы кодекси тарабынан белгиленген тартипти бузуу менен ушул аймактан алып чыгууга же өткөрүүгө аракет кылган деген жетишээрлик негиздер болгондо жүргүзүлүшү мүмкүн.
Мындай негиз катары төмөнкүлөр эсептелет:
1) төмөнкүлөрдү камтуучу тиешелүү маалыматтар:
- атамекендик жана чет өлкөлүк адамдардын билдирүүлөрүндөгү жана арыздарындагы;
- Кыргыз Республикасынын башка укук коргоо, контролдоочу жана башка мамлекеттик органдарынан түткөн материалдардагы;
- чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын бажы жана башка укук коргоо кызматтарынан жана башка компетенттүү органдардан түшкөн маалыматтардагы;
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарынан түшкөн материалдардагы;
2) бажы органынын кызмат адамынын жеке адам товарды жашырып жана бербегенин түз же кыйыр көрсөтүүчү ар кандай белгилерди түздөн-түз табуу.
Белгилүү жеке адамды жеке текшерип кароо жүргүзүү жөнүндө бажы органынын начальниги (аны алмаштыруучу адам) тарабынан кабыл алынган чечим жеке адам берген бажылык декларацияга же болбосо бажы органынын кызмат адамынын рапортуна резолюция коюу жолу менен жазуу жүзүндө таризделет же болбосо өзүнчө акты менен таризделет. Жекече текшерип кароо жөнүндө чечим туюнтулуучу форма жеке текшерип кароону баштоону тездетүү максатында конкреттүү шарттарга (сутканын убактысы, жеке текшерип кароо жүргүзүлүүгө тийиш болгон жайгашкан жердин алыстыгы, байланыштын жоктугу ж.б.у.с.) жараша бажы органынын начальниги (аны алмаштыруучу адам) тарабынан тандалат. Чечимде жеке текшерип кароо жүргүзүү тапшырылган бажы органынын конкреттүү кызмат адамы көрсөтүлүүгө тийиш.
Жеке текшерип кароо бажы органынын начальниги (аны алмаштыруучу адам) тарабынан дайындалган бажы органынын кызмат адамы тарабынан күбөлөрдүн, зарыл учурда адистердин, анын ичинде котормочунун жана медициналык кызматкердин катышуусунда жүргүзүлөт.
Жашы жете электи же жарамсыз жеке адамды жеке текшерип кароодо анын мыйзамдуу өкүлдөрү (ата-энелери, асырап алгандар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр) же текшерип каралуучу адам менен бир жыныстагы алардын коштоочу адамдары катышууга укуктуу.
Жеке кароого катышуу үчүн адамдарга уруксат берүү же тартуу маселеси Бажы кодексинин жана ушул Нускаманын талаптарына ылайык аны өткөрүүчү кызмат адамы тарабынан чечилет. Жеке текшерип кароодо ага катышпаган жана ага катышы жок адамдардын катышуусуна тыюу салынат.
Жеке текшерип кароого катышуучу адам эрезеге жеткен жана текшерип каралуучу адам менен бир жыныста болууга тийиш.
Текшерилип каралуучу адамдын денесин текшерүү медициналык кызматкер тарабынан гана жүргүзүлөт.
Жеке текшерип кароо жеке адамдын товарларды жашырып алуусун табуу үчүн зарыл болгон чектерде, текшерилип каралуучу адамдын жеке кадыр-баркын кемсинтүүнү жана ден соолугу менен мүлкүнө зыян келтирүүнү болтурбоочу корректтүү формада жүргүзүлөт.
Текшерип каралуучу адамдын мүлкүнө жеке текшерип кароо жүргүзүүчү бажы органынын кызмат адамынын укукка жат аракеттер менен келтирилген зыян Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык калыбына келтирилет. Бажы органынын кызмат адамынын мыйзамдуу иш-аракети болгон учурда зыян калыбына келтирилүүгө тийиш эмес.
96. Жеке текшерип кароо жүргүзүү боюнча бажы органынын кызмат адамынын иш-аракети текшерип каралуучу адам тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.
Жеке текшерип кароону жүргүзүү менен байланышкан текшерип каралуучу адамды жөнөтүүнү негизсиз кечиктирүүдө Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамы аны кезектеги рейс менен жөнөтүүнү камсыз кылуучу бардык зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.
97. Жеке текшерип кароо үч этап менен жүргүзүлөт.
Биринчи (даярдоочу) этап жеке текшерип кароо жөнүндө бажыкананын начальнигинин (аны алмаштыруучу адамдын) чечимин жеке адамга жарыялаган учурдан тартып башталат. Даярдоо этабында бажы органынын кызмат адамы жеке текшерип кароо жөнүндө бажыкананын начальнигинин (аны алмаштыруучу адамдын) чечими менен жеке адамды тааныштырат, адамга күбөлөрдүн катышуусунда анын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлөт, ошондой эле бажылык контролдон жашырган товарларын ыктыяры менен берүү сунуш кылынат. Даярдоочу этапты өткөрүү тартиби ушул Нускама менен жөнгө салынат.
Экинчи этапта - түздөн-түз жеке текшерип кароо этабында бажы органынын кызмат адамы жеке адамга түздөн-түз жекече текшерип кароонун башталышы, буюмдарын, кийимин жана жеке адамдын денесин текшерип кароо жүргүзүлөөрү жана аларды зарыл учурда изилдөөлөрү жөнүндө жарыялайт.
Үчүнчү жеке текшерип кароонун акыркы этабында жеке текшерип кароону документалдуу тариздөө жүргүзүлөт - ушул Нускаманын № 6 тиркемесине ылайык форма боюнча жеке текшерип кароо актысы түзүлөт.
98. Бажы органынын кызмат адамы төмөнкүдөй учурларда жеке текшерип кароо жүргүзө албайт, эгерде:
- текшерип каралуучу жеке адамдын жубайы же тууганы болсо;
- жеке текшерип кароонун белгилүү натыйжаларына ал түз же кыйыр кызыкчылыгы бар деп эсептөөгө башка жагдайлар болсо.
Бажы органынын кызмат адамынын жеке текшерип кароону жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу жагдайлар болгон учурда бажы органынын начальниги же аны алмаштыруучу кызмат адамы жаңы чечим менен жеке текшерип кароону жүргүзүүнү бажы органынын башка кызмат адамына тапшырат. Ушул эле негизде бажы органынын көрсөтүлгөн кызмат адамынан баш тартуу текшерип каралуучу адам тарабынан, ал эми жашы жетпеген же жарамсыз адамды жеке текшерип кароодо - анын мыйзамдуу өкүлү же коштоочу адамы тарабынан билдирилиши мүмкүн. Баш тартуу жөнүндө билдирүү бажы органынын начальниги (аны алмаштыруучу адам) тарабынан каралышы үчүн далилдүү болууга тийиш. Баш тартуу жөнүндө арыз берилген учурда жеке текшерип кароо токтотула турат.
99. Жеке текшерип кароону жүргүзүү тапшырылган бажы органынын кызмат адамы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жеке текшерип кароо жөнүндө бажы органынын начальнигинин (аны алмаштыруучу адамдын) чечимин так жана мөөнөтүндө аткаруу, аны укуктары жана милдеттери менен тааныштыруу жана жашырган товарын ыктыярдуу берүүнү сунуш кылуу;
- жеке текшерип кароого катышуучу бардык адамдарга алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү;
- жеке текшерип кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Нускаманын жоболорунун талаптарын так сактоону камсыз кылуу;
- белгиленген форма боюнча жеке текшерип кароо актысын түзүү;
- текшерип каралуучу адамды жеке текшерип кароо актысы менен тааныштыруу.
Жеке текшерип кароо жүргүзүүчү бажы органынын кызмат адамы Бажы кодекси, ушул Нускама жана бажы иши боюнча Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары ага берген бардык укуктарды пайдаланат.
100. Күбө катары текшерип кароонун натыйжасына кызыкдар эмес. Кыргыз Республикасынын каалаган жараны чакырылышы мүмкүн (транспорт уюмдарынын кызматкерлери, жүргүнчүлөр, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери).
Күбө катары эки адам чакырылат.
Күбөлөр жеке текшерип кароонун жүрүшүндө бардык иш-аракеттерге катышууга жана алардын катышуусунда болгон иш-аракеттердин фактысы, мазмуну жана натыйжалары жөнүндө маалыматтарды жеке текшерип кароо актысында күбөлөндүрүүгө милдеттүү.
Күбөлөр төмөнкүлөргө укуктуу:
- текшерип каралуучу адамдан алып коюлган предметтерди кароого байкоо жүргүзүү;
- жеке текшерип кароо актысына жазууга тиешелүү болгон жүргүзүлгөн иш-аракеттер боюнча эскертүү жасоого.
101. Медициналык кызматкердин катышуусу.
Жеке текшерип кароону жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамы тарабынан тартылуучу медициналык кызматкер:
- текшерилүүчү адамдын денесине жеке текшерүү жүргүзөт, анын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирбөөгө тийиш;
- текшерип каралуучу адамдын денесин кароо жагдайы боюнча түшүндүрмө берет.
Медициналык кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу:
- жеке текшерип кароо актысы менен таанышууга жана текшерип каралуучу адамдын денесин текшерүүгө тиешелүү бөлүгүндө эскертүү жасоого;
- зарыл учурда текшерип каралуучу адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуз жана ага зыян келтирбөөчү техникалык каражаттарды (медициналык приборлорду жана жабдууларды ж.б.) колдонууга.
102. Башка адистердин катышуусу.
Тартылган адиске төмөнкүлөр зарыл:
- жеке текшерип кароо жүргүзүүчү бажы органынын кызмат адамынын көрсөтмөлөрүн так сактоого;
- текшерип каралуучу адам тарабынан жашырылган предметтерди табуу жана алып коюуга өзүнүн атайын билимин жана көндүмдөрүн пайдалануу менен анын жүрүшүн жана натыйжаларын белгилөө үчүн катышууга;
- товарларды жашыруунун мүмкүн болгон жерлерине жана ыкмаларына жеке текшерип кароо жүргүзүүчү бажы органынын кызмат адамына көңүл бурууга жана аларды табуу ыкмалары жөнүндө рекомендация берүүгө;
- алар аткаруучу иштер жагдайында түшүндүрмө берүүгө;
- жеке текшерип кароо актысына, зарыл учурда анын катышуусу менен таризделүүчү башка документтерге кол коюуга.
Адис төмөнкүлөргө укуктуу:
- жеке текшерип кароо жүргүзүүчү бажы органынын кызмат адамынын уруксаты менен текшерип каралуучу адамга суроолорду берүүгө;
- жашырылган предметтерди табуу жана алып коюу үчүн илимий-техникалык каражаттарды жана методдорду пайдаланууга, бул учурда билдирүү жасоого;
- байкоо жүргүзүү, ченөө жана изилдөө жүргүзүүгө;
- атайын билимди жана көндүмдү талап кылуучу маселелер боюнча жеке текшерип кароо жүргүзүүчү бажы органынын кызмат адамына консультация берүүгө;
- сөзсүз түрдө аларды актыга жазуу менен алар тарабынан кол коюулуучу документтердин мазмуну жөнүндө эскертүү жасоого.
103. Котормочунун катышуусу.
Эгерде текшерип каралуучу адам кыргыз же орус тилин билбесе жеке текшерип кароого катышуу үчүн котормочу тартылат.
Котормочу жеке текшерип кароонун бардык этаптарына катышат. Котормочу катары бажы органынын кызматкерин чакырууга жол берилет.
Котормочу ага тапшырылган котормону так жана толук аткарышы керек.
104. Текшерип каралуучу адам жеке текшерип кароонун жүрүшүндө жеке текшерип кароо жүргүзүүчү бажы органынын кызмат адамынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга милдеттүү жана төмөнкүлөргө укуктуу:
- бажы органынын начальнигинин же аны алмаштыруучу адамдын жеке текшерип кароо жүргүзүү жөнүндө чечимин ага жарыялоону талап кылууга;
- өзүнүн укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга;
- баш тартууга;
- түшүндүрмө берүүгө, өтүнүч кат жазууга;
- жеке текшерип кароо аяктаганда түзүлгөн акты менен таанышууга жана анын мазмуну боюнча эскертүү жазууга;
- эне тилин же кыйла кеңири тараган тилдерге тиешелүү өзү билген башка тилди, ошондой эле котормочунун кызматын пайдаланууга;
- жеке текшерип кароо жүргүзүүдө өзүнүн укуктары жана мыйзамдуу таламдары кемсинтилди деп эсептесе бажы органынын кызмат адамынын иш-аракетине жеке текшерип кароо аяктаганда даттанууга.
105. Бажы органынын кызмат адамы жеке адамга ага жеке текшерип кароо жүргүзүүгө ниеттенгендиги жөнүндө билдирет жана жеке текшерип кароо жүргүзүү жөнүндө бажыкананын начальнигинин (аны алмаштыруучу адамдын) чечими менен тааныштырат.
Жеке текшерип кароо жөнүндө чечим менен жеке адамды тааныштыруу фактысы текшерип кароо жүргүзүү жөнүндө чечимге тиешелүү жазууларды жазуу жолу менен аталган адам тарабынан ырасталат. Мындай иш-аракетти аткаруудан баш тарткан учурда бул жөнүндө жеке текшерип кароо жүргүзүү жөнүндө чечимге белги коюлат, жеке текшерип кароо жүргүзүү жөнүндө чечимди жарыялаган бажы органынын кызмат адамынын колу менен ырасталат.
Жеке текшерип кароону жүргүзүү жөнүндө чечим менен жеке адамды тааныштырууну ырастаган учурдан тартып Бажы кодексинин жана ушул Нускамага каршы келбөөчү ар кандай жеке текшерип кароо жүргүзүүнү дайындаган бажы органынын кызмат адамынын аны жүргүзүүнүн жана тариздөөнүн убактысы, орду, ыкмасы жана жол-жобосу жөнүндө буйругу же талабы жеке текшерип кароо жүргүзүлүүчү жеке адам үчүн милдеттүү болуп эсептелет. Жеке текшерип кароону жүргүзүү дайындалган бажы органынын кызмат адамынын мыйзамдуу буйругуна же талабына баш ийбөө бажы эрежелерин бузуу жөнүндө жеке адамга карата протокол түзүү үчүн негиз болуп эсептелет, ага жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган. Жекече текшерип кароодо бажы органынын кызмат адамына каршылык көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык каралган тартипте жана мөөнөттө жеке адамды администрациялык кармоо үчүн негиз болуп эсептелет.
Жеке текшерип кароо жөнүндө чечим менен жеке адам тааныштырылгандан кийин жеке текшерип кароону жүргүзүү үчүн адам жабык жайга киргизилет, мында күбөлөрдүн катышуусунда ага укуктары жана милдеттери түшүндүрүлөт.
Жеке адам тарабынан жүйөлүү баш тартуу билдирилген учурда бажы органынын кызмат адамы аны бажы органынын начальнигине (аны алмаштыруучу адамга) билдирет, адамды билдирилген баш тартууга карата кабыл алынган чечими менен тааныштырат.
Адамга бажылык контролдон жашырган товарларын ыктыяры менен берүү сунуш кылынат. Берилген товарлар жеке текшерип кароого катышуучу адамдарга көрсөтүлөт.
Эгерде адам жашырган товарларын ыктыярдуу берүүдөн баш тартса же болбосо ушундай товарларды бергенден кийин бажы органынын кызмат адамында жеке адам кандайдыр бир товарын бажылык контролдон дагы эле жашырып жатат деп болжолдоого жетишээрлик негиз бар болгон учурда бажы органынын кызмат адамы адамды түздөн-түз жеке текшерип кароого өтөт.
106. Текшерип кароого катышуучу адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында аны жүргүзүү башталганга чейин текшерип каралуучу адамда кол салуу үчүн жарактуу ок атуучу, газ жана саюучу курал, чубурма жана башка заттар жана предметтер жок экенине ишенүү зарыл.
Жеке текшерип кароо санитариялык-гигиеналык талаптарга жооп берүүчү бажы органынын ушул максаттар үчүн атайын жабдылган өзүнчө бөлүнгөн жайында жүргүзүлөт. Өзгөчө учурларда жеке текшерип кароо санитариялык-гигиеналык талаптарга жооп берүүчү өзүнчө бөлүнгөн. аэропорттун, вокзалдын, транспорт каражаттарынын жайларында (каютада, купеде ж.б.у.с.), ошондой эле транспорттук уюмдардын, Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын өзүнчө бөлүнгөн жайларында жүргүзүлүшү мүмкүн.
Жеке текшерип кароо жүргүзүлүүчү жайга жеке адамды коштоп келүүдө аталган адам алып келе жаткан учурда өзүндөгү товарларды, предметтерди, документтерди ыргытып жибербегенине же болбосо жок кылбаганына контроль камсыз кылынууга тийиш.
Жеке текшерип кароо жүргүзүлүүчү жай күбөлөрдүн катышуусунда бажы органынын кызмат адамдары тарабынан алдын ала каралууга тийиш. Жанаша жайларга чыгуучу эшиктер, терезелер, иллюминаторлор бекитилиши керек, кол салуучу курал катары пайдаланылышы мүмкүн болгон предметтер алып салынууга тийиш.
Жеке текшерип кароо жүргүзүлүүчү жайга бөтөн адамдардын киришине жана жеке текшерип кароо жүргүзүүгө алардын байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болтурулбашы керек.
Бир эле жайда бир нече адамды бир мезгилде жеке текшерип кароого тыюу салынат.
Жеке текшерип кароо жүргүзүүчү бажы органынын кызмат адамынын буйругунда текшерип каралуучу адамдын кийимин, бут кийимин жана башка предметтерин толук текшерүү үчүн зарыл аспаптар, приборлор жана текшерип кароочу техникалык каражаттар болууга тийиш.
107. Жеке текшерип кароонун жүрүшүндө:
а) текшерип каралуучу адамда болгон бардык майда предметтер (трость, кол чатыр, капчык, зажигалка, авторучка, портсигар ж.б.у.с.) каралат;
б) текшерип каралуучу адамдан ырааты менен чечилип алынып сырт кийимдери, бут кийими жана баш кийими каралат;
в) текшерип каралуучу адамдын бүткүл денеси ич кийиминин сыртынан жогортодон төмөн карай сыйпалап текшерилет;
г) текшерип каралуучу адамдан чечилип алынган ич кийим ырааты менен жогортон төмөн карай каралат;
д) текшерип каралуучу адамдын денеси текшерилет (чачтары, колдорунун манжалары, бутунун таманы ж.б. каралат).
Жеке текшерип кароонун жүрүшүндө текшерип каралуучу адамдын жүрүм-турумуна дайыма байкоо жүргүзүп туруу, текшерип каралуучу адамдын кийиминин, бут кийиминин жана предметтердин ремонттолгон жерлерине, анын денесинде байлоолордун жана бинттердин болушуна өзгөчө көңүл буруу менен жеке текшерип кароонун аралыктык натыйжаларын эске алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу мыйзамсыз өткөрүлүүчү ошол же башка предметтерди жашыруунун мүнөздүү ыкмаларын эске алуу зарыл.
Кийимди жана бут кийимди кароодо кол өндүрүшүнүн предметтерине, ортопедиялык бут кийимге, баш кийимге, ошондой эле тигиштерге, бүктөмөлөргө, манжеталарга, ийинге, кийимдин ичилигине, курга, тизеёкапка, батекке, бут кийимдин такасына өзгөчө көңүл буруу керек.
Жеке текшерип кароого катышуучу адам текшерип каралуучу адамдын мүлкүнө аяр жана кылдат мамиле жасоого милдеттүү. Айрым предметтерди зарыл болгондо ачуу же бузуу талап кылынган деңгээлде гана жүргүзүлүшү керек.
Текшерип каралуучу адам тарабынан товарлар ыктыярдуу берилген учурда бажы органынын кызмат адамы эгерде көрсөтүлгөн адам дагы кандайдыр бир товарды жашырып жатат деп эсептөөгө жетишээрлик негиз жок болсо аларды алып коюу менен чектелүүгө укуктуу. Бул чечим жеке текшерип кароо протоколунда чагылдырылууга тийиш.
Жеке текшерип кароодо ыктыяры менен берилген же табылган товарлар баяндоо үчүн жеке текшерүүгө катышуучу адамга көрсөтүлөт жана текшерип каралуучу адам үчүн жете албагыдай жерлерге жыйналат.
Жеке текшерип кароо аяктаганда аны жүргүзгөн бажы органынын кызмат адамы жеке текшерип кароо жүргүзүлгөн жайды көңүл буруп кароого милдеттүү.
Жеке текшерип кароо башталганга чейин бул жайда жок болгон предметтер табылганда бажы органынын кызмат адамы алардын кимге таандыктыгын аныктоо үчүн чара көрүүгө тийиш.
Жеке текшерип кароого катышуучу адамга жеке текшерип кароодо белгилүү болгон текшерип каралуучу адамдын интимдик жана табигый өзгөчөлүктөрүн, текшерип кароонун натыйжаларын жарыялоого тыюу салынат.
108. Жеке текшерип кароо аяктаганда бажы органынын кызмат адамы белгиленген формада акты түзөт. Актынын көчүрмөсү текшерип каралуучу адамга тил кат менен берилет.
Жекече текшерип кароо актысында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- акт түзүлгөн күн жана жери, ошондой эле жеке текшерип кароонун башталган жана аяктаган убактысы;
- бажы органынын аталышы, жеке текшерип кароо жүргүзгөн жана акт түзгөн бажы органынын кызмат адамынын аты-жөнү, кызматы;
- бажы органынын аталышы, анын чечими менен жеке текшерип кароо жүргүзүлгөн бажы органынын кызмат адамынын аты-жөнү, кызматы;
- текшерип каралуучу адамдын жарандуулугу, аты-жөнү, туулган жылы, паспорттук маалыматтары;
- жеке текшерип кароо жүргүзүлгөн жер жана ал жүргүзүлгөн жай жөнүндө маалыматтар (аэропорт, вокзал, поезд ж.б.у.с. жайдын, купенин, каютанын номери);
- күбөлөрдүн аты-жөнү, жашаган дареги жана алардын паспорттук маалыматтары же болбосо кызматтык күбөлүктөрүнүн маалыматтары;
- текшерип кароого катышкан котормочунун аты-жөнү, паспорттук маалыматтары же болбосо кызматтык күбөлүгүнүн маалыматтары, иштеген жери же ишинин түрү;
- текшерип кароого катышкан адистин, анын ичинде медициналык кызматкердин аты-жөнү, иштеген жери жана кызматы;
- текшерип каралуучу адамга, ошондой эле жеке текшерип кароо жүргүзүүгө катышкан башка адамдарга укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү фактысы;
- текшерип каралуучу адамга жеке текшерип кароо жөнүндө жарыялоо жана жашырылган товарларды ыктыярдуу берүүнү сунуш кылуу фактысы;
- текшерип каралуучу адам тарабынан ыктыярдуу берилген же текшерип кароонун жүрүшүндө табылган товарлардын аталышы жана жекече белгилери, жашыруу ыкмасы жана жери, алардын саны;
- жеке текшерип кароо ырааттуулугу жана чектери;
- конкреттүү техникалык каражаттарды, медициналык приборлорду (параметрлери - аталышы, тиби, маркасы, моделди) колдонуу, аларды пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө маалыматтар;
- текшерип каралуучу адамдын жана жеке текшерип кароого катышуучу башка адамдардын арызы;
- текшерип каралуучу адамдын жүрүм-турум мүнөздөмөлөрү (зарыл учурда).
Жеке текшерип кароо актысына төмөнкүлөр кол коет:
- жеке текшерип кароо жүргүзгөн бажы органынын кызмат адамы;
- күбөлөр;
- ушул Нускамага ылайык жеке текшерип кароого тартылуучу башка адамдар;
- ага карата жеке текшерип кароо жүргүзүлгөн жеке адамдар.
Ага карата жеке текшерип кароо жүргүзүлгөн адам жеке текшерип кароо актысына кол коюудан баш тартканда актыга бул жөнүндө тиешелүү жазуу жазылып, күбөлөрдүн колдору менен күбөлөндүрүлөт.
Жеке текшерип кароо актысына төмөнкүлөр тиркелет:
- текшерип каралуучу адам тарабынан ыктыярдуу берилген предметтер;
- жеке текшерип кароонун жүрүшүндө табылган жана алып коюлган предметтер;
- жеке текшерип кароонун жүрүшүндө аткарылган фотографиялык сүрөттөр жана негативдер, кинотасмалар, аудио- и видеожазуулар;
- өзүнчө баракка текшерип каралуучу адамдын, медициналык кызматкердин, адистин, күбөлөрдүн түшүндүрмөлөрү жана арыздары;
- байкоо жүргүзүүлөрдүн, ченөөлөрдүн жана изилдөөлөрдүн, ошондой эле дары-дармек каражаттарын колдонуунун документ жүзүндө белгиленген натыйжалары.
Текшерилип каралуучу адам тарабынан ыктыярдуу берилген, андан жекече текшерип кароонун жүрүшүндө табылган жана алып коюлган предметтер, видео-, аудио-, фото-, кинопленкалар жана башка заттык далилдер өзүнчө пакетке таңгакталат жана чапталып мөөр басылат. Пакеттер зарыл түшүндүрмөлөрдү камтышы керек жана күбөлөрдүн жана жекече текшерип кароо жүргүзгөн бажы органынын кызмат адамынын колдору менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
XI бөлүм
Бажылык контролдоо зонасын түзүүнүн жана белгилөөнүн тартиби
109. Бажы кодексинде аныкталган жерлерде бажылык контролдоо жана бажылык тариздөө боюнча жол-жоболорду ишке ашыруу максатында бажы контролунун зоналары түзүлөт, алар туруктуу же убактылуу болот.
(КР өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
110. Туруктуу бажы контролунун зоналары бажы чек арасын бойлото, бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында, бажы органдарына тиешелүү жайларда жана аймактарда, бажы айланасында иш жүргүзүү жерлерде түзүлөт.
(КР ¤кмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
111. Бажылык контролдун туруктуу аймагын түзүү жөнүндө чечим бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен таризделет. Бажылык контролдун туруктуу аймагын түзүү жөнүндө буйрукта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
а) түзүүнүн негизги максаты;
б) жайгашкан жери;
в) алардын адамдар, товарлар жана транспорт каражаттары өтүү чектери жана жерлери;
г) белгилөө үчүн пайдаланылуучу каражаттар;
д) бажылык операцияларды аткаруу, товарларды жана транспорт каражаттарын убактылуу сактоо кампасына жайгаштырбастан аларды сактоо үчүн арналган жай жана (же) ачык аянтчалар ээлигинде болгон адамдар жөнүндө маалыматтар.
Буйрукка тиркемеде план же карта түрүндө бажылык контролдун туруктуу аймагынын чектеринин жана аймактарынын графиктик чагылдырылышы келтирилүүгө тийиш.
112. Убактылуу бажы контролунун зоналары ушул Нускаманын 110-пунктунда каралбаган башка жерлерде түзүлөт.
(КР өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
113. Бажылык контролдоонун убактылуу аймагын түзүү жөнүндө чечим анын иш жүргүзүү регионунда аталган аймак жайгашкан бажы органынын буйругу менен таризделет.
Бажылык контролдоонун убактылуу аймагын түзүү жөнүндө буйрукта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
а) түзүүнүн негизи жана максаты;
б) түзүлгөн күнү ал түзүлгөн мөөнөт;
в) жайгашкан жери;
г) алардын адамдар, товарлар жана транспорт каражаттары өтүүчү чектери жана жерлери;
д) белгилөөнүн колдонулуучу каражаттары.
114. Бажылык контролдоо аймагынын чектери тик бурчтуу формадагы белгилер менен белгиленет, анын жашыл фонуна ак түс менен кыргыз, орус жана англис тилдеринде тиешелүү түрдө - "Бажы көзөмөлдөө аймагы", "Зона таможенного контроля" жана "Customs co№trol zo№e" деген жазуулар жазылган (№ 7 тиркеме). Аталган белгилер бажылык контролдоо аймагын белгилөөнүн негизги каражаттары болуп эсептелет.
Бажылык контролдоо аймагы "Бажы көзөмөлдөө аймагы", "Зона таможенного контроля" ("Customs co№trol zo№e") деген жазууларды түздөн түз тосмо курулмаларга жана анын периметрин түзүүчү имараттардын дубалдарына илүү менен белгилениши мүмкүн.
Англис тилиндеги жазууну бажылык контролдоонун конкреттүү аймагын түзүүдө пайдалануу үчүн максатка ылайык болгон каалагандай башка тилдеги жазуу менен алмаштырууга жол берилет.
115. Автомобиль жолдоруна орнотулуучу бажылык контролдоо аймагын белгилөө белгилери белгиленген тартипте даярдалат.
116. Бажылык контролдоо аймагын белгилөө адамдар, товарлар жана транспорт каражаттары бажы чегарасынан өткөрүлгөн жерлерде, транспорт жолдору менен кесилишкен жерлерде анын чектери боюнча жүргүзүлөт. Бажылык контролдоо аймагын белгилөөдө кошумча түрдө анын конкреттүү чектери жөнүндө, анын чегараларын кесип өтүүнүн белгиленген жерлери жөнүндө, ага бара ала турган адамдардын тизмеси жөнүндө, аны белгилөө каражаттары жөнүндө жана анын иштеши менен байланышкан башка жагдайлар жөнүндө маалыматтары бар тактачалар колдонулушу мүмкүн.
117. Бажылык контролдоонун убактылуу аймагынын чектери тосуучу сызыктар (№ 8 тиркеме), ошондой эле убактылуу орнотулган белгилер менен белгилениши мүмкүн. Бул учурда колго кармама материалдарды жана каражаттарды колдонууга жол берилет.
118. Бажылык контролдоонун убактылуу зонасын белгилөө аны түзүү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин жүргүзүлөт.
119. Бажылык контролдоо аймагын түзүү жөнүндө чечим бажы органынын жайгашкан жери өзгөргөн учурда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүү пункттары жабылганда, бажылык контролдоодо болгон товарларды сактоочу жер өзгөргөндө, бажылык операцияларды аткарууга жол берилген жерлер өзгөргөндө, Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын бөлүктөрүн бөлүү жана белгилөө талап кылынган негиздер токтотулганда алып салынат.
Бажылык контролдоо аймагын түзүү жөнүндө чечимди алып салуу аны жоюуга алып келет.
120. Бажы органы ал иштеген региондогу бажылык контролдоо аймагы жоюлгандан кийин аны белгилөө каражаттарын алып салуу жана аны жок кылуу жөнүндө кызыгдар адамдарга маалымдоо боюнча чараларды көрөт.
121. Бажылык контролдоонун туруктуу аймагын жоюу жөнүндө чечим бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу түрүндө таризделет. Бажылык контролдоонун убактылуу аймагы аны түзүү үчүн негиз болуп кызмат кылуучу иш-чаралар аяктаганда же бажылык контролдоонун убактылуу аймагын түзүү жөнүндө бажы органынын буйругунда көрсөтүлгөн анын иштөө мөөнөтү бүткөндө жоюлат.
"2-тиркеме
Биринчи бети
ЖҮРГҮНЧҮ БАЖЫ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 402 токтомунун редакциясына ылайык)
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│* 16 жашка толгон адам тарабынан толтурулат │
│ ┌───┐ │
│* Декларант тандаган жооп тийиштүү алкакта белгиленет │ х │ │
│ └───┘ │
│* Жеке адамда калган, таризделген декларациянын нускасы убактылуу │
│ кирген/чыккан убакыт аралыгында сакталып, кайтып жаткан учурда бажы│
│ органына берилет │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
┌──┐ ┌──┐
└──┘ └──┘
кирүү чыгуу
1. Адам тууралуу маалымат:
_____________________|_____________________|______________________
Фамилиясы Аты Атасынын аты
серия №
_____________________|_____________________|______________________
Туруктуу жашаган Жарандыгы/өкүлдүгү Ким экенин билдирүүчү
өлкөсү документ
____________________________|_____________________________________
Кайсы өлкөдөн келди Кайсы өлкөгө бара жатат
(жөнөткөн өлкө көрсөтүлөт) (бара жаткан өлкөсү көрсөтүлөт)
┌──┐ ┌──┐
Мени менен жашы жете элек балдар бара жатат └──┘ └──┘ Саны _____
Ооба Жок
Мени менен же менин дарегиме бажылык декларациялоодон өтө турган төмөнкү товарлар жана транспорт каражаттары өткөрүлөт
2. Товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүү ыкмасы тууралуу маалыматтар:
┌──┐ ┌──┐ ┌──┐ ┌──┐
2.1. Коштоп жүрүүчү └──┘ └──┘ 2.2. Коштоп жүрбөгөн └──┘ └──┘
жүк Ооба Жок жүк Ооба Жок
Орундардын саны _______ Орундардын саны _______
┌──┐ ┌──┐
2.3. Жүк ташуучу └──┘ └──┘
жеткирүүчү товарлар Ооба Жок
Орундардын саны _______
3. Товарлар жана транспорт каражаттары тууралуу маалыматтар:
3.1. Эквиваленти 3000 АКШ долларынан көп болгон Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жана башка накталай валютанын, жол чектеринин суммасы, ар кандай түрдөгү жана абалдагы баалуу металлдардан жасалган
буюмдардын саны ┌──┐ ┌──┐
└──┘ └──┘
Ооба Жок
┌─────────────────┬───────────────────────────────────────────────────┐
│ Аталышы │ Сумма │
│ ├─────────────┬─────────────────────────────────────┤
│ │ Цифра менен │ Сөз менен │
├─────────────────┼─────────────┼─────────────────────────────────────┤
├─────────────────┼─────────────┼─────────────────────────────────────┤
├─────────────────┼─────────────┼─────────────────────────────────────┤
├─────────────────┼─────────────┼─────────────────────────────────────┤
└─────────────────┴─────────────┴─────────────────────────────────────┘
3.2. Транспорт каражаттары ┌──┐ ┌──┐
└──┘ └──┘
Ооба Жок
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│Каттоо номери __________ │
│ │
│Түрү, Чыгарылган Кузовдун № же │
│маркасы _________ жылы ________ идентификациялык № ____________ │
│ │
│Кыймылдаткычтын Шассинин № _______ Бажы наркы ________ │
│көлөмү (куб.см) _______ │
│ ┌──┐ ┌──┐ │
│Өтүп жаткан багыты: └──┘ ташып кирүү └──┘ убактылуу ташып кирүү │
│ ┌──┐ ┌──┐ │
│ └──┘ ташып чыгуу └──┘ кайра ташып чыгуу │
│ │
│Мурунку каттоо мамлекетинен каттоодон чыгарылган ┌──┐ ┌──┐ │
│ └──┘ └──┘ │
│ Ооба Жок │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
3.3. Тыюу салуулар жана чектөөлөр колдонулган товарлар ┌──┐ ┌──┐
└──┘ └──┘
Ооба Жок
3.4. Жалпы салмагы 50 килограммдан ашкан жана (же) жалпы бажы нар-
кы 38000 сомдон көп товарлар ┌──┐ ┌──┐
└──┘ └──┘
Ооба Жок
Арткы бети
4. 3.3, 3.4-пунктчаларда көрсөтүлгөн товарлар жөнүндө, бажылык тариздөөгө жаткан товарлар жана жеке адамдын каалоосу боюнча башка товарлар тууралуу маалыматтар:
┌───┬────────────────────────────┬──────────────────────┬─────────────┐
│№№ │ Товардын аталышы жана │ Салмагы/саны │Наркы улуттук│
│ │башка айырмалоочу белгилери,├───────┬──────────────┤ валютада же │
│ │ чектөөлөр сакталганын │ Цифра │ Сөз менен │ АКШ доллары │
│ │ тастыктаган документтин │ менен │ │ менен │
│ │ номери жана күнү, │ │ │ │
│ │ аны берген орган │ │ │ │
├───┼────────────────────────────┼───────┼──────────────┼─────────────┤
├───┼────────────────────────────┼───────┼──────────────┼─────────────┤
├───┼────────────────────────────┼───────┼──────────────┼─────────────┤
├───┼────────────────────────────┼───────┼──────────────┼─────────────┤
├───┴────────────────────────────┼───────┼──────────────┼─────────────┤
│Жалпы салмагы/саны жана │ │ │ │
│наркы (бардыгы): │ │ │ │
└────────────────────────────────┴───────┴──────────────┴─────────────┘
Бажы декларациясында так эмес маалыматтарды бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралганы мага белгилүү.
_____-ж. "__" ________ Адамдын колу _____________
----------------------------------------------------------------------
Кызматтык белгилер үчүн: ________________________________________
┌────────┐ ________________________________________
│ │ ________________________________________
│ │ ________________________________________
└────────┘ ________________________________________
М.О. ________________________________________
Эскертүү: Бажы кызматы органынын байланыш ишеним телефондорунун номерлери: 0312 51-24-67, 0312 51-18-59; Түштүк региону боюнча байланыш ишеним телефондорунун номерлери: 03222 59404 (саат 09.00дон 18.00го чейин), 03222 55696 (күнү-түнү).
Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы
аркылуу өткөрүлүүчү товарларды
жана транспорт каражаттарын
бажылык тариздөө жана бажылык
контролдоо боюнча нускамага
№ 3 тиркеме
Үлгү
БКО формасы
Басмаканалык номер ХХ-ХХХХХХ,
БАЖЫЛЫК КИРИШ ОРДЕРИ (БКО)
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 369 токтомунун редакциясына ылайык)
┌─────────────────────────────────┬───────────────┬───────────────────┐
│1. Маалымдама номери │2. Ордердин │3. Кош. баракчалар │
│ │тиби │ │
├─────────────────────────────────┼────┬─────┬────┼───────────────────┤
│ │ │ │ │ │
├─────────────────────────────────┼────┴─────┴────┴───────────────────┤
│4. Төлөөчү │5. АКШ долларынын курсу │
├─────────────────────────────────┼───────────────────────────────────┤
│ │ │
│ ├───────────────────────────────────┤
│ │6.1. Товардын коду │
│ ├───────────────────────────────────┤
│ │ │
├─────────────────────────────────┼──────────────┬────────────────────┤
│6. Товардын аталышы │6.2 Товардын │6.3 Товардын саны │
│ │салмагы │ │
├─────────────────────────────────┼──────────────┼─────────┬──────────┤
│ │ │А (нетто)│В (брутто)│
│ ├──────────────┴─────────┴──────────┤
│ │6.4. Чыккан өлкөсү │
│ ├─────────┬─────────────────────────┤
├──────────────────────────────┐ │ │ │
│6А. Кошумча маалымат/берилүүчү│ ├─────────┴─────────────────────────┤
│документтер │ │6.5. Жиберген өлкөсү │
├──────────────────────────────┘ ├─────────┬─────────────────────────┤
│ │ │ │
│ ├─────────┴─────────────────────────┤
│ │6.6. Багытталган өлкө │
│ ├─────────┬─────────────────────────┤
│ │ │ │
├────────────────┬────────────────┼─────────┴─────────────────────────┤
│6.7. Товардын │6.8. Товардын │6.9. Өткөрүү ыкмасы │
│наркы │жалпы наркы │ │
├───────┬────────┼───────┬────────┼───────────────────────────────────┤
│А. сом │В. АКШ │А. сом │В. АКШ │ │
│ │долл. │ │долл. │ │
├───────┼────────┼───────┼────────┤ │
│ │ │ │ │ │
├───────┴────────┴───────┴────────┴───────────────────────────────────┤
│7. Төлөмдөрдү эсептөө │
├────────┬──────────────┬──────┬─────────────┬────────────┬───────────┤
│Төлөмдүн│Эсептөө негизи│Ставка│Төлөм суммасы│Төлөм ыкмасы│Толук саноо│
│ коду │ │ │ │ │ │
├────────┼──────────────┼──────┼─────────────┼────────────┼───────────┤
│ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │
├────────┴──────────────┼──────┼─────────────┴────────────┴───────────┤
│7.1. Төлөнүүгө тийиш, │Цифра │ │
│бардыгы │менен │ │
│ ├──────┼──────────────────────────────────────┤
│ │Жазуу │ │
│ │менен │ │
├───────────────────────┴──────┼──────────────────────┬───────────────┤
│8. Аты-жөнү, бажыкана │9. Төлөмдү кабыл алган│10. Аты-жөнү, │
│кызматкеринин колу (№ ЛНП) │адамдын аты-жөнү жана │төлөөчүнүн колу│
│ │колу (№ ЛНП) │ │
├──────────────────────────────┼──────────────────────┼───────────────┤
│ │ │ │
│ │ │ │
│ │ │ │
│ │ │ │
└──────────────────────────────┴──────────────────────┴───────────────┘
Үлгү
БКОКБ формасы
Бажылык кириш ордерине кошумча баракча (БКОКБ)
┌─────────────────┬────────────────┬─────────────┬────────────────────┐
│1. БKOнун │6.4. Чыккан │6.1. Товардын│2. Товардын № │
│маалымдама номери│өлкөсү │коду │ │
├─────────────────┼───────┬────────┼─────────────┼────────────────────┤
│ │ │ │ │ │
├─────────────────┼───────┴────────┼─────────────┼────────────────────┤
│6. Товардын │6.5. Жиберилген │6.2. Товардын│6.3. Товардын саны │
│аталышы │өлкө │салмагы │ │
├─────────────────┼───────┬────────┼─────────────┼─────────┬──────────┤
│ │ │ │ │А (нетто)│В (брутто)│
│ ├───────┴────────┤ ├─────────┼──────────┤
│ │6.6. Бара турган│ │ │ │
│ │өлкө │ │ │ │
│ ├───────┬────────┤ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │
│ ├───────┴────────┤ │ │ │
│ │6.7. Товардын │ │ │ │
│ │наркы │ │ │ │
│ ├───────┬────────┼─────────────┼─────────┼──────────┤
│ │ │ │ │ │ │
├────────┬────────┼───────┴────────┼─────────────┼─────────┴──────────┤
│Төлөм │Чегерүү │Ставка │Сумма │Төлөм ыкмасы │
│коду │негизи │ │ │ │
├────────┼────────┼────────────────┼─────────────┼────────────────────┤
│ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │
├────────┴────────┼────────────────┼─────────────┼────────────────────┤
│1. БКОнун │6.4. Чыккан │6.1. Товардын│2. Товардын № │
│маалымдама номери│өлкөсү │коду │ │
├─────────────────┼───────┬────────┼─────────────┼────────────────────┤
│ │ │ │ │ │
├─────────────────┼───────┴────────┼─────────────┼────────────────────┤
│6. Товардын │6.5. Жиберилген │6.2. Товардын│6.3. Товардын саны │
│аталышы │өлкө │салмагы │ │
├─────────────────┼───────┬────────┼─────────────┼─────────┬──────────┤
│ │ │ │ │А (нетто)│В (брутто)│
│ ├───────┴────────┤ ├─────────┼──────────┤
│ │6.6. Бара турган│ │ │ │
│ │өлкө │ │ │ │
│ ├───────┬────────┤ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │
│ ├───────┴────────┤ │ │ │
│ │6.7. Товардын │ │ │ │
│ │наркы │ │ │ │
│ ├───────┬────────┤ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │
├────────┬────────┼───────┴────────┼─────────────┼─────────┴──────────┤
│Төлөм │Чегерүү │Ставка │Сумма │Төлөм ыкмасы │
│коду │негизи │ │ │ │
├────────┼────────┼────────────────┼─────────────┼────────────────────┤
│ │ │ │ │ │
├────────┴────────┼────────────────┼─────────────┼────────────────────┤
│1. БКОнун │6.4. Чыккан │6.1. Товардын│2. Товардын № │
│маалымдама номери│өлкөсү │коду │ │
├─────────────────┼───────┬────────┼─────────────┼────────────────────┤
│ │ │ │ │ │
├─────────────────┼───────┴────────┼─────────────┼────────────────────┤
│6. Товардын │6.5. Жиберилген │6.2. Товардын│6.3. Товардын саны │
│аталышы │өлкө │салмагы │ │
├─────────────────┼───────┬────────┼─────────────┼─────────┬──────────┤
│ │ │ │ │А (нетто)│В (брутто)│
│ ├───────┴────────┼─────────────┼─────────┼──────────┤
│ │6.6. Бара турган│ │ │ │
│ │өлкө │ │ │ │
│ ├───────┬────────┼─────────────┼─────────┼──────────┤
│ │ │ │ │ │ │
│ ├───────┴────────┼─────────────┼─────────┼──────────┤
│ │6.7. Товардын │ │ │ │
│ │наркы │ │ │ │
│ ├───────┬────────┼─────────────┼─────────┼──────────┤
│ │ │ │ │ │ │
├────────┬────────┼───────┴────────┼─────────────┼─────────┴──────────┤
│Төлөм │Эсептөө │Ставка │Сумма │Төлөм ыкмасы │
│коду │негизи │ │ │ │
├────────┼────────┼────────────────┼─────────────┼────────────────────┤
│ │ │ │ │ │
├────────┴────────┼────────────────┼─────────────┴────────────────────┤
│8. Бажыкана │9. Төлөмдү кабыл│10. Төлөөчүнүн аты-жөнү, колу │
│кызматкеринин │алган адамдын │ │
│аты-жөнү, колу │аты-жөнү жана │ │
│(№ ЛНП) │колу (№ ЛНП) │ │
│ │ │ │
│ │ │ │
└─────────────────┴────────────────┴──────────────────────────────────┘
Эскертүү: Бажы кызматынын органынын байланыш ишеним телефондорунун номерлери: 0312 51-24-67, 0312 51-18-59; Түштүк региону боюнча байланыш ишеним телефондорунун номерлери: 03222 59404 (саат 09.00дөн 18.00гө чейин), 03222 55696 (күнү-түнү).
Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы
аркылуу өткөрүлүүчү товарларды
жана транспорт каражаттарын
бажылык тариздөө жана бажылык
контролдоо боюнча нускамага
№ 4 тиркеме
КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 8-декабрындагы № 697 токдомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту
| Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо боюнча нускамага № 5 тиркеме |
КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 8-декабрындагы № 697 токдомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту
| Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо боюнча нускамага № 6 тиркеме |
КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 8-декабрындагы № 697 токдомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту
| Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо боюнча нускамага № 7 тиркеме |
Бажы көзөмөлдөө аймагынын белгилөө белгисинин
ҮЛГҮСҮ
┌─────────────────────────────────────┐
│ БАЖЫ КӨЗӨМӨЛДӨӨ АЙМАГЫ │
│ ЗОНА ТАМОЖЕННОГО КОНТРОЛЯ │
│ CUSTOMS CO№TROL ZO№E │
└─────────────────────────────────────┘
Талаанын түсү - жашыл.
Жазуунун түсү - ак.
Өлчөмдөрү: эни - 75 см, бийиктиги - 25 см.
| Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо боюнча нускамага № 8 тиркеме |
Бажылык көзөмөлдөө аймагын белгилөөнүн
тосуучу тасмасынын
ҮЛГҮСҮ
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│БАЖЫ КӨЗӨМӨЛДӨӨ АЙМАГЫ ЗОНА ТАМОЖЕННОГО КОНТРОЛЯ CUSTOMS CO№TROL ZO№E│
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
Тасма полимер материалдан даярдалат.
Талаасынын түсү - жашыл.
Жазуулардын түсү - ак.
Өлчөмдөрү: эни - 10 см.
Кыргыз Республикасынын бажы
чегарасы аркылуу алып өтүлүүчү
товарларды жана транспорт
каражаттарын бажылык тариздөө жана
бажылык контролдоо боюнча нускамага
№ 9 тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 259 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
№ 10 тиркеме
___________________________________ Бажы органынын аталышы
Юридикалык жактар үчүн тышкы экономикалык иштин
катышуучусу тууралуу маалыматтарды түзүүгө
БИЛДИРМЕ
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 30-майындагы № 250 токтомунун
редакциясына ылайык)
Аталышы___________________________________________________________
Жактын юридикалык статусун
аныктаган документ
________________________________________________________(*)
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоо-
дон өткөндүгү тууралуу маалымат
_______________________________________________________________(*)
(күбөлүктүн №, күнү)
Салык төлөөчүнүн идентификациялык салыктык номери _____________(*)
Маалымдаректер
__________________________________________тел.____________________
Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердик жүргүзүү боюнча укуктук мүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтар
______________________________________________________________(**)
(*) - Билдирмеге маалыматтарды камтыган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү кошо тиркелет.
(**) - чет өлкөлүк юридикалык жактын филиалы же өкүлчүлүгү тарабынан толтурулат.
Маалыматтардын тууралыгын ырастайм М.О.
__________________________(жетекчинин аты-жөнү, колу)
___________________________________ Бажы органынын аталышы
Жеке адамдар үчүн тышкы экономикалык иштин катышуучусу
тууралуу маалыматтарды түзүүгө билдирме
Аты-жөн___________________________________________________________
Паспорт___________________________________________________(*) (**)
(сериясы, №, ким тарабынан берилген, күнү)
Социалдык камсыздандыруу органдары берүүчү жеке идентификациялык номер______________________________________________________________(**)
Жашаган жери _________________________________ тел.___________
Ыктыярдуу билдирилүүчү башка маалыматтар__________________________
__________________________________________________________________
(*) - Чет өлкөлүк адам дипломаттык паспорт, чет өлкөлүк адамдар үчүн аккредитациялык карточка жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин же ыйгарым укуктуу органдын тастык-каты тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт.
(**) - Табыштамага маалыматтарды камтыган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү кошо тиркелет.
Маалыматтардын тууралыгын ырастайм М.О.
________________________________
(Жетекчинин аты-жөнү, колу)
"Токтом" МБ эскертүүсү: Текст түп нускага ылайык берилди.