Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-февралы №101
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө
1. Бул Мыйзам норма чыгаруу ишинин принциптерин аныктайт, нормативдик укуктук актылардын түшүнүгүн жана түрлөрүн, алардын өз ара катнашын, аларды даярдоонун, кабыл алуунун жарыялоонун тартибин, ошондой эле аларды колдонуу эрежесин, чечмеленишин жана юридикалык талаш-тартыштардын чечилишин белгилейт.
2. Башка мыйзамдарда жана башка нормативдик укуктук актыларда камтылган жана ушул Мыйзамдын иш чөйрөсүнө тийиштүү мыйзамдардын нормалары ушул Мыйзамга ылайык келиши керек. Бул Мыйзам менен башка мыйзамдардын ортосунда талаш-тартыштар келип чыккан учурда ушул Мыйзамдын нормалары колдонулат.
Норма чыгаруу ишинде төмөнкү негизги терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:
мыйзамдар - коомдук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдардын жана нормативдик укуктук актылардын жыйындысы;
нормативдик укуктук актылардагы талаш-тартыштар - бир эле коомдук мамилелерди жөнгө салуучу колдонуудагы нормативдик укуктук актылардын нормаларынын карама каршылыгы (ылайык эместиги);
норма чыгаруу иши - нормативдик укуктук актыларды даярдоо, экспертиза жүргүзүү, өзгөртүү, толуктоо, кабыл алуу (жарыялоо), чечмелөө, колдонулушун токтотуу, күчүн жоготту деп табуу же болбосо жокко чыгаруу боюнча илимий жана уюштуруу иштери;
норма чыгаруучу орган (кызмат адамы) - нормативдик укуктук актыларды кабыл алган (чыгарган) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (кызмат адамы);
нормативдик укуктук акт - ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) тарабынан өз компетенциясынын чегинде же адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп жолу колдонууга эсептелген жүрүм-турумдун жалпыга милдетүү эрежелерин камтыган колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген жол-жоболорду сактоо менен референдум аркылуу кабыл алынган (чыгарылган) белгиленген формадагы расмий документ.
норма чыгаруу техникасы - нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо эрежелеринин системасы;
мыйзамдардагы проблемалар - зарылдыгы мамлекеттин колдонуудагы укуктук системанын маңызы жана мазмуну, эл аралык укуктун принциптери жана нормалары менен шартталган укуктук нормалардын жоктугу;
укуктук норма - мамлекеттик-башкаруучулук буйрук түрүндө жана коомдук мамилелерди жөнгө салуучу жалпы милдеттүү тартиптер;
мыйзамдар жыйнагы - нормативдик укук актыларды бириктирүүчү системалаштырылган жыйнак;
нормативдик укуктук актыларды системалаштыруу - нормативдик укуктук актыларды тартипке келтирүү жана аларды бирдиктүү ички макулдашылган системага келтирүү боюнча иштер (эсепке алуу, бириктирүү, кодификациялоо);
нормативдик укуктук актылардын юридикалык күчү - нормативдик укуктук актылардын милдеттүү түрдө тийиштүү коомдук мамилелерге колдонулушун, ошондой эле, анын башка нормативдик укуктук актыларга тең багынуусун аныктаган мүнөздөмө.
Норма чыгаруу иши төмөнкү принциптер аркылуу жүзөгө ашырылат:
жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдык кызыкчылыктарын сактоо;
мыйзамдуулук;
негиздүүлүк;
максатка ылайыктуулук;
адилеттүүлүк;
ачыктык.
Нормативдик укуктук актылар төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:
Конституция - нормативдик укуктук акт, Кыргыз Республикасынын эң жогорку юридикалык күчкө ээ негизги Мыйзамы, эң маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салууда негиз болуучу нормаларды жана принциптерди бекитет;
конституциялык мыйзам - мыйзам түрүндө жасалган нормативдик укуктук акт, Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген тартипте жана анда аныкталган маселелер боюнча кабыл алынат;
кодекс - мыйзам түрүндө жасалган нормативдик укуктук акт, бир түрдүү коомдук мамилелерди жөнгө салууга багытталган жыйнак нормаларды камтыйт;
мыйзам - нормативдик укуктук акт, эң эле негизги коомдук мамилелерди жөнгө салуунун нормаларын жана принциптерин бекитет;
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы - Президенттин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн чыгарылган нормативдик укуктук акт. Президенттин нормативдик укуктук актылары жарлык түрүндө чыгат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому - нормативдик укуктук акт, Конституциянын, мыйзамдардын чегинде аларга тийиштүү маселелер боюнча жана анын ички ишмердигин уюштуруу боюнча кабыл алынат. Жогорку Кеңештин нормативдик укуктук актылары токтом түрүндө чыгат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому - Өкмөт тарабынан мыйзамдардын чегинде жана учурларында кабыл алган нормативдик укуктук акт. Өкмөттүн нормативдик укуктук актылары токтом түрүндө чыгат.
Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому - көбүрөөк жогорку юридикалык күчкө ээ нормативдик укуктук актыларынын негизинде жана аткарылышы үчүн ыйгарым укуктарынын чегинде коллегиалдуу кабыл алынган нормативдик укуктук акт. Нормативдик укуктук актыны чыгарганда, анда кайсы жогору турган норма чыгарган органдын актысынын аткарылышы үчүн чыгып жатканы көрсөтүлөт;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарынын токтому - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарынын көбүрөөк жогорку юридикалык күчкө ээ нормативдик укуктук актыларынын негизинде жана аткарылышы үчүн ыйгарым укуктарынын чегинде коллегиалдуу кабыл алынган тийиштүү жергиликтүү маселелерди чечүүгө багытталган жана тийиштүү аймакта милдеттүү күчкө ээ нормативдик укуктук акт;
Нормативдик укуктук актыларды кабыл алуу (чыгаруу) укугуна төмөнкү норма чыгаруу органдары ээ:
- Президент;
- Жогорку Кеңеш;
- Өкмөт;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк);
- Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдары.
1. Юридикалык күчүнүн деңгээли боюнча нормативдик укуктук актылар төмөнкү иерархияда жайгашат:
- Конституция, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүчү мыйзамдар;
- конституциялык мыйзам;
- кодекс;
- мыйзам;
- Президенттин жарлыгы;
- Жогорку Кеңештин токтому;
- Өкмөттүн токтому;
- Улуттук банктын, Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын актылары;
- норма чыгаруу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү актыларга ылайык нормативдик укуктук актыларды чыгарууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын нормативдик укуктук актылары;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарынын нормативдик укуктук актылары.
Нормативдик укуктук актылардын мыйзамдуулугун камсыз кылуучу ыкма болуп төмөнкүлөр саналат:
нормативдик укуктук актыны белгиленген тартипте кабыл алуу;
нормативдик укуктук актыны Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү;
нормативдик укуктук актыны колдонуу үчүн аны расмий жарыялоо;
актыны белгилеген тартипте конституциялык эмес деп таануу;
актыны жоюу;
актыны белгилеген тартипте жараксыз деп таануу;
актыны колдонууну токтотуу;
актыны күчүн жоготту деп таануу.
1. Норма чыгаруучу органдар өзүнүн норма чыгаруучу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө укуктуу.
Жеке ишкерликти жөнгө салуучу чөйрөдөгү норма чыгаруу ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
2. Өткөрүп берүү жөнүндө актыда кайсы мыйзамды аткаруу үчүн кайсы органга кандай ыйгарым укук жана канчалык мөөнөткө жиберилери көрсөтүлөт, ошондой эле жиберилген ыйгарым укукту канчалык нормада органдын пайдалануу укугунун алкагы белгиленет.
3. Тигил же бул ыйгарым укук берилген орган, аны башка органга берүүгө укугу жок.
4. Берилген ыйгарым укукту ишке ашыруунун тартибинде нормативдик укуктук актыны чыгарып, орган ага тийиштүү ыйгарым укуктарды жибергендиги жөнүндө айтылган нормативдик укуктук актыга же мыйзамга шилтейт.
1. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында күчүнө кирген күндөн тартып колдонулат жана аткарылууга тийиш.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын нормативдик укуктук актылары тийиштүү аймакта күчүнө кирген күндөн тартып колдонулат жана аткарылууга тийиш.
2. Эгерде актынын өзүндө же аны колдонууга киргизүү жөнүндөгү актыда башкача каралбаса, анда нормативдик укуктук акт мөөнөтсүз колдонулат.
3. Колдонуу мөөнөтү нормативдик укуктук акттын бардыгына же айрым бөлүгүндө (айрым бөлүктөрүндө) бекитилиши мүмкүн. Нормативдик укуктук актынын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин ал актыны чыгарган орган акттын колдонулушун жаңы мөөнөткө узартууга же ага мөөнөтсүз мүнөз берүүгө укуктуу.
4. Нормативдик укуктук актынын же анын айрым нормаларынын колдонулушу белгисиз мөөнөткө токтотулушу мүмкүн. Нормативдик укуктук актынын же анын айрым нормаларынын колдонулушун токтотуу бөлөк нормативдик укуктук акт аркылуу ишке ашырылат.
Кыйла жогорураак юридикалык күчкө ээ болгон нормативдик укуктук актынын же анын айрым нормаларынын колдонулушун токтотуу, эгерде токтотуу жөнүндө актыда башкача каралбаса токтотулуучу актка негизделген нормативдик укуктук актылардын же айрым нормаларынын колдонулушун токтотууга алып барат.
5. Нормативдик укуктук актынын колдонулушу ал ишке киргизилгенге чейин пайда болгон мамилелерге жайылтылбайт. Бул эрежеге нормативдик укуктук актынын же анын бөлүгүнүн терс таасири анын өзүндө же нормативдик укуктук актыны ишке киргизүү жөнүндө актыда, ошондой эле мурда каралган укук бузгандык үчүн жоопкерчилик алып салынган же жеңилдетилген учурлар кирбейт.
Жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттенмелерди жүктөгөн же алардын абалын орчундаткан жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү нормативдик укуктук актылар терс таасирге ээ болбойт.
6. Нормативдик укуктук акт же анын түзүмдүк элементи четтетилген, күчүн жоготту деп табылган, конституциялык эмес же жараксыз эмес деп таанылган учурда анын негизинде кабыл алынган бардык нормативдик укуктук акылар же алардын бөлүктөрү өз аракетин токтотушат.
7. Нормативдик укуктук актыда кабыл алына элек нормативдик укуктук актыга шилтеме келтирилген учурда, ошол тиешелүү шилтеме жана ага байланыштуу бардык нормалар шилтеме келтирилген нормативдик укуктук акт күчүнө кирген учурдан тартып күчүнө кирет.
1. Нормативдик укуктук акт (түзүмдүк элемент) төмөнкү учурларда өзүнүн колдонулушун токтотот:
убактылуу актынын (түзүмдүк элементтин) эсептелген убакыты бүткөндөн кийин;
мурда кабыл алынган актынын (анын түзүмдүк элементинин) жоболору жаңы кабыл алынган нормативдик укуктук актыга каршы келсе же ал (анын түзүмдүк элементин) өзүнө сиңирип алган;
мыйзамдарда белгилеген тартипте актыны (анын түзүмдүк элементин) конституциялык эмес же жараксыз деп таанылган;
актыны (анын түзүмдүк элементин) күчүн жоготту деп тааныганда же ушул актыны кабыл алган орган, же ушуга ыйгарым укуктуу башка орган актынын (анын түзүмдүк элементин) колдонуусун токтоткон убакта.
2. Нормативдик укуктук актынын толугу менен же анын түзүмдүк элементин күчүн жоготту дел табуу, эгерде күчүн жоготту деп табуу жөнүндө актыда башкача каралбаса ушул актыны же анын түзүмдүк бөлүгүн күчүн жоготту деп табуу жөнүндө нормативдик укуктук акт күчүнө кирген күндөн тартып аталган нормативдик укуктук акт колдонулушун токтотууну билдирет.
Нормативдик укуктук актынын же анын түзүмдүк элементинин күчүн жоготту деп табуу ал күчүн жоготконго чейин пайда болгон укук мамилелер үчүн юридикалык кесепеттерге алып келбейт.
3. Нормативдик укуктук актынын толугу менен же анын түзүмдүк элементинин колдонулушун токтотуу нормативдик укуктук акт же анын түзүмдүк элементи токтотуу жөнүндөгү нормативдик укуктук акты күчүнө кирген күндөн тартып колдонулушун токтотот.
Нормативдик укуктук актынын же анын түзүмдүк элементинин колдонулушу токтотулган учурда токтотулуучу нормативдик укуктук актынын же анын түзүмдүк элементинин күчүндө болуп турган кездеги укуктук мамилелер жараксыз деп эсептелет жана жоюлуучу акт күчүнө киргенге чейин болгон укуктук мамилелерге колдонулат.
4. Кыйла жогорураак юридикалык күчкө ээ болгон нормативдик укуктук актыны же анын түзүмдүк элементин жоюуда же күчүн жоготту деп табууда, эгерде жоюу же күчүн жоготту деп табуу жөнүндө актыда башкача каралбаса жоюлуучу же күчүн жоготту деп табылуучу актыга негизделген нормативдик укуктук актылар же алардын түзүмдүк элементтери да күчүн жоготушат.
5. Актыны (анын түзүмдүк элементин) конституциялык эмес же жараксыз эмес деп таануу соттун тиешелүү чечими күчүнө кирген күндөн тартып колдонулушун токтотууга алып келет.
Актыны (анын түзүмдүк элементин) конституциялык эмес же жараксыз эмес деп таануу алардын колдонулушун, анын ичинде конституциялык эмес же жараксыз эмес деп табылган актыга (анын түзүмдүк элементине) негизделген актылардын токтотушуна алып келет.
Эгерде сот нормативдик укуктук актынын же анын түзүмдүк элементинин конституциялык эмес же жараксыз эмес деп тааныган учурда норма жаратуучу орган бул актты же анын түзүмдүк элементин Конституцияга жана/же мыйзамдарга ылайык келтирет.
Соттун нормативдик укуктук актынын же анын түзүмдүк элементинин конституциялык эмес же жараксыз эмес деп тааныган чечими расмий жарыяланууга тийиш жана Өкмөт аныктаган тартипте мамлекеттик органдарга жиберилет.
6. Нормативдик укуктук акты же анын түзүмдүк элементи жоюлган же конституциялык эмес же жараксыз эмес деп тааныган учурда анын негизинде кабыл алынган бардык нормативдик укуктук актылар же алардын түзүмдүк бөлүктөрү колдонулуштарын токтотушат.
1. Коомдук укуктук мамилелерди аларды кийин мыйзамдуу түрдө жөнгө салуу үчүн жаңы шарттарды ишке киргизүү максатында республиканын айрым аймагында же укуктук айрым тармагында алардын апробациясы жүргүзүлүшү мүмкүн. Коомдук укуктук мамилелердин жаңы шарттарын апробациялоо жөнүндө чечим Президенттин Жарлыгы түрүндө кабыл алынат.
Апробациялоо тартибинде кабыл алынган Президенттин жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында Өкмөт өзүнүн актыларын чыгарат.
Апробациялоонун алкагында кабыл алынган Президенттин жарлыктары Конституцияга карама-каршы келбеши керек.
2. Коомдук укуктук мамилелердин жаңы шарттарын апробациялоонун алкагында кабыл алынган нормативдик укуктук актылар мөөнөт менен чектелиши керек.
3. Коомдук укуктук мамилелердин жаңы шарттарын апробациялоонун алкагында кабыл алынган нормативдик укуктук актылар анда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин же мөөнөтүнө чейин колдонулушун токтотот.
1. Нормативдик укуктук акттын тексти адабий тилдин нормаларын жана юридикалык терминологияны сактоо менен баяндалат. Эскирген, көп маанилүү сөздөрдү, айтылыштарды, эпитеттерди, метафораларды, кыскартылган сөздөрдү колдонууга жол берилбейт. Берененин (пункттун) тексти башка беренелеринде (пункттарда) кайталанып баяндалбайт.
2. Нормативдик укуктук актылар ичинен макулдашылган, логикалык туура түзүлгөн жана норма чыгаруу техникага ылайык болушу керек.
Нормативдик укуктук актылардын текстинде биринчи жалпы андан кийин конкреттүү жоболор баяндалат. Нормативдик укуктук актыларда укуктук нормаларды баяндоодо өтө эле жалпыланган же эң эле майдалап такталган жазуулар колдонулбашы керек.
3. Нормативдик укуктук актынын аталышы, бөлүгү, главасы жана беренеси кыска, так жана мазмунунун негиздерин чагылдырышы керек. Нормативдик укуктук актыларда колдонулган терминдер жана түшүнүктөр бир мааниде жана түшүнүктүү болушу керек.
4. Өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор негизги нормативдик укуктук актыларга киргизилет. Толуктаган мыйзам актысына өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизүү жолу менен негизги мыйзам актысына өзгөртүүлөр жана же/толуктоолор киргизүүгө жол берилбейт.
5. Нормативдик укуктук актылардын күчүнө киришинин тартиби жана мамлекеттик органдарга тапшырмалар корутунду жоболору түрүндө баяндалат.
1. Мыйзам долбоордун түзүмдүк элементтери преамбула, бөлүктөр, бөлүкчөлөр, главалар, параграфтар, беренелер, беренелердин бөлүктөрү, пункттар, пунктчалар жана абзацтар болуп эсептелет.
Преамбула (киришүү) - мыйзам долбоордун себептери, шарттары жана аны кабыл алуунун (чыгаруунун) максаттары жөнүндө маалыматты камтыган милдеттүү эмес болгон өз алдынча бөлүк.
Нормативдик укуктук актынын бөлүгүнө бөлүмдөр кирет, бөлүк сөздөр менен белгиленет жана анын аталышы болот.
Бөлүм - нормативдик укуктук актылардын түзүмдүк бирдиги, ага мазмуну боюнча жакын главалар кирет.
Бөлүмдөр рим цифралары менен белгиленет жана жазуу тамгалары менен жазылган аталышы болушу керек жана ал ортосунда жайгаштырылат. Көлөмгө жараша бөлүмдөр бөлүмчөлөргө бөлүнүшү мүмкүн. Бөлүмчөлөр араб цифралары менен белгиленет жана цифралардан кийин жазуу тамгалары менен жазылган аталышы болушу керек жана ал ортосунда жайгаштырылат. Эгерде нормативдик укуктук актыда главалар жок болсо, "Бөлүм" деген түзүмдүк элементин киргизүүгө жол берилбейт.
Нормативдик укуктук актылардын көлөмү боюнча олуттуу келген мазмуну боюнча жакын беренелер (пункттар) главаларга бириктирилиши мүмкүн.
Главалар араб цифралары менен белгиленет жана жазуу тамгалары менен жазылган аталышы болушу керек жана ал ортосунда жайгаштырылат. Нормативдик укуктук актылардын ири көлөмдүү главалары параграфтарга бөлүнүшү мүмкүн. Параграфтар араб цифралары менен белгиленет.
2. Мыйзам менен кодекстер беренелерден, башка нормативдик укуктук актылар пункттардан турат.
Беренелер (пункттар) - нормативдик көрсөтмөнү камтыган нормативдик укуктук актынын негизги түзүмдүк бирдиктери.
Беренелер аракеттеги мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизген мыйзамдарынын беренелеринен тышкары аталыштарга ээ болушу абзел. Беренелер арап цифралары менен белгиленет. Берене укуктук айрым нормаларын камтуучу бөлүктөрдөн же пункттардан турат.
Берененин бөлүктөрү цифралык же тамгалык белгиленишке ээ эмес жана абзацтарга бөлүнүшү мүмкүн.
Пункттардын аталышы болбойт жана арап цифраларына чекит коюу менен белгиленет. Пункттар пунктчалардан жана/же абзацтардан, пунктчалар абзацтардан турушу мүмкүн.
Пунктчалар арап цифралары менен жана жабуучу тегерек кашасы менен алфавитин тамгасы менен белгиленет.
Абзац - пункттун же пунктчанын мааниси жагынан бириктирилген, биринчи сапта кетенчиктөө менен бөлүнүп турган жана чоң тамга менен башталган тексттин бөлүгү. Буга жазуу тамгасы менен башталган берененин бөлүгүнүн биринчи абзацы кирбейт. Абзацтар үтүрлүү чекит менен бүтөт (акыркы саптан башка).
Эгерде мыйзам долбоордун мурдагы абзацы чекит менен аяктап, маңызы боюнча жаңы абзац менен улантууну талап кылса, анда бул абзац жазуу тамгасы менен башталат.
Абзацтын цифралык же тамгалык белгилениши болбойт.
3. Нормативдик укуктук актынын текстинин түзүмдүк элементтерине өтмө номер коюлушу абзел.
Берененин пункттарынын жана пунктчаларынын номерлери ар бир берене үчүн өзүнчө алынат, ал эми негизги түзүмдүк элементи берене эмес пункт болгон нормативдик укуктук актыда ар бир пункттун пунктчаларынын өз алдынча номерлери коюлат. Өтмө эмес өз алдынча болуп ар бир главадагы параграфтардын номерлери жана нормативдик укуктук актынын ар бир бөлүмүндөгү бөлүмчөлөрүнүн номерлери эсептелет.
Нормативдик укуктук актынын бөлүктөрүнүн, бөлүмдөрүнүн, главаларынын, беренелеринин, пункттарынын номерлерин ага өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүдө же мыйзам актысынын беренесинин түзүмдүк бирдиктерин күчүн жоготту деп табууда өзгөртүүгө жол берилбейт.
Эгерде толуктоо нормативдик укуктук актынын аягына киргизиле турган болсо, анда бөлүктөрдүн, бөлүмдөрдүн, главалардын, беренелердин, пункттардын буга чейинки номерленишин улантуу абзел.
Эгерде толуктоолор берененин түзүмдүк бирдигинин аягына киргизилсе, анда буга чейин болгон номерленишин улантуу зарыл.
Эгерде нормативдик укуктук акт жаңы түзүмдүк бирдиктер менен буга чейин бар бирдиктердин кошулган жеринде толуктала турган болсо, анда жаңы түзүмдүк бирдиктер негизги сандык же тамгалуу белгилердин үстүндө жайгаштырыла турган кошумча сандар менен толукталышы абзел.
4. Нормативдик укуктук актылардын тиркемелери болушу мүмкүн, алар ар кыл тизмелер, таблицалар, графикалар, тарифтер, карталар, бланктардын, документтердин, схемалардын үлгүлөрү ж.б.
Эгерде тиркемелердин саны бир нече болсо, анда "N" белгиси коюлбастан араб сандары менен белгиленет. Актынын текстинде тиркемеге шилтеме жасалса, анда "N" белгиси коюлбайт.
Нормативдик укуктук актына тиешелүү тиркемелердин юридикалык күчү бирдей.
Тиркеменин аталышы мыйзам долбоорунун текстинен кийин беттин жогорку бурчунда мыйзам долбоорунун катталуу номери жана кол коюлган күнү көрсөтүлбөстөн жайгаштырылат.
Тиркеменин аталышы беттин ортосунда жайгаштырылып жарым жоон тамгалар менен терилет.
1. Кодификацияланган нормативдик укуктук актылардын (кодекстин) бөлүктөрү жалпы жана өзгөчө бөлүмдөргө бириге алат.
2. Кодификацияланган нормативдик укуктук актылардын (кодекстин) жалпы бөлүгү өзүнө төмөнкүлөрдү камтышы керек:
негизги жоболор (принциптер, түшүнүктөрдүн аныктамасы, негизги институттар);
адистешрилилген нормативдик жоболор;
жогорку даражада жалпыланган, туруктуу мүнөздүү жана өзгөчө бөлүмдүн нормаларын пайдалануунун (колдонуунун) укуктук негиздерин белгилөөчү башка алгачкы нормативдик жоболор.
3. Кодификацияланган нормативдик укуктук актылардын өзгөчө бөлүгү төмөнкү мазмундагы нормаларды камтый алат:
Мүмкүн болуучу жана ылайыктуу (юридикалык укуктары жана милдеттери) алып жүрүүнүн түрү жана чарасы (эреже);
нормативдик укуктарды бузуунун мүмкүндүү терс натыйжасынын түрү жана чарасы.
Нормативдик укуктук актылардын тексттеринде сүрөт, аббревиатура, эмблема, графикалык сүрөт, символ жана башка түрдөгү атайын белгилер колдонулат.
Нормативдик укуктук актыда колдонулган атайын белгилер тиешелүү адистик чөйрөдө колдонулган мааниде түшүндүрүлөт.
1. Нормативдик укуктук актыларда колдонулуучу мамлекеттик органдардын (уюмдардын) аталышы Конституцияда, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларында, ошондой эле жоболорунда жана уставдарында, түзүү, атоо жана кайра атоо тууралу чечимдеринде жана башка акттарда көрсөтүлгөн так толук расмий аталышына ылайык көрсөтүлөт.
2. Мамлекеттик органдардын (уюмдардын) кыскартылган аталышын колдонуу кыскартылган аталыш расмий болуп саналган учурда гана колдонууга уруксат берилет. Долбоордо объектти биринчи айтылганда толук аталышы көрсөтүлөт, ал эми кашаанын ичинде кыскартылган аталыш көрсөтүлөт, мындан ары нормативдик укуктук актынын долбоорунун текстинде бул объект ушундай белгиленет.
3. Нормативдик укуктук актыларда мамлекеттик органдарды (уюмдарды) жалпыланган түшүнүктөр (сөздөр, сөз айкаштар) менен белгилөө, кайсы болбосун мамлекеттик органга (уюмдарга) тийиштүү жалпыланган түшүнүк жайылган учурда гана уруксат берилет.
1. Нормативдик укуктук актыларда шилтемелер анын түзүмдүк элементтерине, ошондой эле башка нормативдик укуктук актыларга анын түзүмдүк элементтерине болсо, алардын өз ара байланышын же кайталоодон качуу зарыл болгон учурларда гана колдонулат.
2. Нормативдик укуктук актыга анын түзүмдүк элементине шилтеме колдонулганда, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, аны чечмелөө, жокко чыгаруу жана күчүн жоготуу деп табылган учурлар көрсөтүлөт:
так (бөлүгү, главасы, беренеси, пункттары, пунктчалары, абзацы) кайсы нормага шилтеме колдонулгандыгы - нормативдик укуктук актынын айрым түзүмдүк элементине шилтеме колдонулганда;
актынын түрү жана аталышы;
актыны кабыл алган күнү;
актынын каттоо номери;
расмий жарыялоо булагы.
3. Бир нече жолу шилтеме мыйзамга колдонулганда, биринчи шилтемеден тышкары, анын аталышы жана түрү көрсөтүлөт.
Бир нече жолу шилтеме башка нормативдик укуктук актыга колдонулганда, анын түрү жана аталышы, кабыл алган датасы жана каттоо номери көрсөтүлөт.
Нормативдик укуктук актыга же анын түзүмдүк элементине ушул эле нормативдик укуктук актыда шилтеме колдонулса, "ушул" деген сөздүн гана колдонулушу керек.
1. Нормативдик укуктук актыларга киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор эгер колдонуудагы редакцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун саны нормативдик укуктук актынын (анын түзүмдүк элементинин) текстинин жарымынан ашыгын түзсө, же болбосо айрым өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү баяндоо жана кабыл алуу үчүн техникалык жактан кыйын болсо нормативдик укуктук актынын жаңы редакциясы (анын түзүмдүк элементти) түрүндө жасалат. Нормативдик укуктук актынын текстин жаңы редакциясын баяндоодо нормативдик укуктук актынын аталышында "жаңы редакция" деген сөздөр колдонулбайт. Колдонуудагы актынын ордуна нормативдик укуктук актыны жаңы редакцияда кабыл алуу күчүн жоготууга жарыялоого тийиш.
Калган учурларда нормативдик укуктук актынын текстине айрым сөздөрдү, сүйлөмдөрдү, сөз айкалыштарды, цифраларды алып салуу, толуктоо же алмаштыруу жолу менен киргизилет.
2. Нормативдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү аны кабыл алган (чыгарган) норма чыгаруучу орган (кызмат адамы) тарабынан, ал өзгөртүүлөр/толуктоолор киргизилип жаткан нормативдик укуктук акт түрүндө ишке ашырылат.
Эгер референдум жөнүндө конституциялык мыйзамда башкача каралбаса, референдумдун жыйынтыгында кабыл алынган нормативдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү ушул Мыйзамда каралган тартипте ишке ашырылат.
3. Өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор негизги нормативдик укуктук актыга гана киргизилет.
Нормативдик укуктук актыга аны өзгөртүүчү жана/же толуктоочу нормативдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жолу менен өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт.
4. Нормативдик укуктук акты кабыл алынышы менен ошондой эле же андан азыраак юридикалык күчкө ээ бардык актылар же алардын бөлүктөрү (бөлүмдөр, главалар, статьялар, пункттар ж.б.) жаңы актыга киргизилген нормативдик укуктук көрсөтмөлөргө каршы келсе же анын ичине камтылса, өзүнүн маанисин иш жүзүндө жоготсо, күчүн жоготту деп эсептелүүгө тийиш.
5. Күчүн жоготту деп төмөнкүлөр эсептелүүгө тийиш: нормативдик укуктук акт, нормативдик укуктук актынын түзүмдүк элементтери; сөздөр, цифралар жана сүйлөмдөр - алынып салууга жатат.
Түзүмдүк элементтерди күчүн жоготту деп эсептөөдө номерленбеген кийинки түзүмдүк элементтер кайрадан эсептөөгө алынбайт. Күчүн жоготкон түзүмдүк элемент ошол түзүмдүк элементке кийинки өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүдө эсептөөгө алынат.
6. Нормативдик укуктук актыны күчүн жоготту деп эсептөөдө ошол акты менен актыга же бөлүгүнө өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген бардык нормативдик укуктук актылар күчүн жоготту деп эсептөөгө берилет.
Эгер нормативдик укуктук акты менен мурда күчүн жоготту деп эсептөө белгиленген башка нормативдик укуктук акты же анын бөлүгү күчүн жоготту деп эсептелсе, алардын жарактуулугу кайрадан жаңыртылбайт.
7. Эгер нормативдик укуктук актынын же анын түзүмдүк элементинин жарактуулугу жокко чыгарылууга жатса, анда нормативдик укуктук актынын даярдалып жаткан жана кабыл алынчу долбоорунда нормативдик укуктук актынын же анын түзүмдүк элементинин жарактуулугун жокко чыгаруу жөнүндө жоболор менен кошо актынын жокко чыгарылчу аракетин акты күчүнө кирген күндөн баштап күчүн жоготту деп таануу каралат.
1. Нормативдик укуктук актыларды даярдоо, кабыл алуу, жарыялоо, чечмелөө, өзгөртүү, убактылуу токтотуп туруу, алардын жарактуулугун жокко чыгаруу жана күчүн жоготту деп эсептөө боюнча иш норма чыгаруучу иш болуп эсептелет.
2. Норма чыгаруучу иш төмөнкүдөй удаалаш стадиялардан турат:
жөнгө салуучу таасирди талдоо жолу менен нормативдик укуктук актыны даярдоо зарылдыгын негиздөө. Нормативдик укуктук актыны даярдоодо колдонуудагы нормативдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү, нормативдик укуктук актыны жокко чыгаруу же күчүн жоготту деп эсептөө, коомдук мамилелерди мамлекеттик жөнгө салууну жөнөкөйлөштүрүү же жоюу белгиленген учурларда Норма чыгаруучу органдын чечими менен жөнгө салуучу таасирге талдоо жүргүзүлбөшү да мүмкүн;
жөнгө салуучу таасирдин анализине баа берүү жана норма чыгаруучу органдын нормативдик укуктук актыны даярдоо жөнүндө кабыл алуучу же кабыл албоочу корутунду чыгарышы;
нормативдик укуктук актынын долбоорун даярдоо;
нормативдик укуктук актыны кабыл алуу;
нормативдик укуктук актыны каттоо;
нормативдик укуктук актыны жарыялоо;
нормативдик укуктук актыны Нормативдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү.
1. Өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү белгиленген Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын жыл сайын иштеп чыгат жана бекитет.
2. Мыйзам долбоорлоо иштеринин долбоорлорун иштеп чыгууда кызыкдар органдардын сунуштары, Президенттин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын кайрылуулары жан билдирүүлөрү, Өкмөттүн, илимий мекемелердин, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн иш-аракеттер программалары эске алынат.
3. Нормативдик укуктук актылар Мыйзам долбоорлоо иштеринин планынан тышкары даярдалышы мүмкүн.
1. Жөнгө салуучу таасирди талдоо Өкмөт бекиткен методикага ылайык жүргүзүлөт.
2. Жөнгө салуучу таасирди талдоо нормативдик укуктук актыны иштеп чыгуучу тарабынан ишке ашырылат жана камсыздалат.
3. Негиздемени иштеп чыгуучу жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган негиздемени бербеген учурда нормативдик укуктук актынын долбоору артка жиберилүүгө тийиш.
1. Экспертизанын негизги максаттары:
иштелип чыгып жаткан долбоорлордун максатка ылайыктуулугун, актуалдуулугун, негиздүүлүгүн экономикалык, социалдык жана башка позициялардан баалоо;
долбоордун мыйзамдуулугун, жеке жана юридикалык жактардын мыйзамдарда бекитилген укуктары жана кызыкчылыктары сакталышын баалоо;
нормативдик укуктук актыларды кабыл алуунун натыйжасында мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендерлик, экологиялык, коррупциялык жана башка мүмкүн болуучу кесепеттерди аныктоо;
нормативдик укуктук актынын долбоорунун натыйжалуулугун жана сапатын аныктоо.
2. Милдеттүү экспертиза жоболору төмөнкүлөргө тиешелүү болгон нормативдик укуктук актылардын долбоорлоруна карата жасалат:
Адам укуктары, эркиндиктери, жарандын укуктары жана милдеттенмелери;
юридикалык жактардын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары;
бажылык максатта же бажы алымдарынын, салыктарынын же башка жыйымдардын максатында товарларды классификациялоо же баалоо, же импортко жана экспортко карата талаптар, чектөөлөр же тыюулар же ага байланыштуу же аларды сатууга, таратууга, ташууга, камсыздандырууга, жыюуга, инспекциялоого, көргөзмөгө коюуга, иштетүүгө, аралаштырууга же башкача пайдаланууга тиешелүү төлөмдөрдү которуу;
бажылык иш, демпингге каршы, коргоочу, компенсациялык чаралар, ишкердик субъекттерин каттоо жана жоюу, мамлекеттик органдардын ишкердикти лицензиялоосу, контролдоосу, шайкештикти баалоо, санитардык жана фитосанитардык чаралар, ошондой эле тышкы соодага тиешелүү башка нормативдик укуктук актылар.
3. Көз карандысыз экспертизага берилген нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун норма чыгаруу ишинин субъекти көз карандысыз экспертизанын корутундусу болгондо гана карайт.
Нормативдик укуктук актылардын долбоору нормативдик укуктук актыны кабыл алууга укуктуу субъектке киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары - Юстиция министрлиги), мамлекеттин кирешелерин азайтууну же чыгымдарын көбөйтүүнү караштырган маселелери боюнча - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - Финансы министрлиги) менен, ишкерлик субъекттеринин иштерин жөнгө салууга багытталгандар - ишкерликти өнүктүрүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен, алардын эгер нормативдик укуктук актылардын нормалары компетенцияларына тийиштүү болсо - башка мамлекеттик органдар менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.
1. Коомдук талкууну, коомдук талкуулоонун катышуучуларынан түшкөн сунуштарды кароону жана жалпылоону уюштурууну нормативдик укуктук актыны иштеп чыккан субъект төмөнкүдөй жолдор менен камсыздайт:
коомдук талкуулоодо бул Мыйзамдын талаптарын сактоо;
нормативдик укуктук актынын концепциясынын жана долбоорунун текстине жеткиликтүүлүктү камсыздоо;
коомдук талкуулоонун катышуучуларынан түшкөн сунуштарды кабыл алуу, карап чыгуу жана жалпылоо;
коомдук талкуулоонун жыйынтыктары боюнча концепцияга же долбоорго, ошондой эле негиздемеге киргизүү үчүн жыйынтык маалыматты даярдоо;
2. Норма чыгаруу ишинин субъекти талкуулоонун предметине тиешелүү маалыматты элге жарыялоого тийиш, анын ичинде:
нормативдик укуктук актынын концепциясынын жана долбоорунун текстин;
концепцияны жана долбоорду иштеп чыккан адамдардын жана уюмдардын тизмесин, ошондой эле актынын долбоору алдын ала макулдашылган уюмдардын тизмесин;
финансылык-экономикалык эсептөөлөр, жүргүзүлгөн экспертизалардын жыйынтыктары;
статистикалык маалыматтар;
концепциянын жана долбоордун жоболорун негиздөө үчүн керектүү башка маалыматтар, мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу башка сырларды камтыган маалыматтардан башкасын.
3. Коомдук талкууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча чыгымдар нормативдик укуктук актынын долбоорун даярдаган субъекттин эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржыланат.
1. Коомдук талкуулоонун мөөнөтү мыйзам долбоорлору үчүн эки айдан кем эмес жана башка нормативдик укуктук актылардын долбоорлору үчүн бир айдан кем эмес болот.
2. Коомдук талкуулоонун мөөнөтү нормативдик укуктук актынын долбоору жарыялангандан кийинки күндөн баштап эсептелет.
1. Нормативдик укуктук актыны кабыл алуу укугуна ээ субъектке киргизиле турган нормативдик укуктук актынын долбооруна төмөнкүлөр тиркелет:
коштомо кат;
негиздеме-маалымкат;
салыштырма таблица (нормативдик укуктук актыга өзгөртүүлөр же/жана толуктоолор киргизилгенде же жаңы редакцияда болсо);
нормативдик укуктук акты макулдашылганы жөнүндө маалыматты камтыган документтер - зарыл болсо;
жүргүзүлгөн экспертизанын натыйжасында даярдалган эксперттик корутунду - зарыл болсо;
нормативдик укуктук актынын концепциясына жана долбооруна коомдук талкуу жүргүзүлгөнү жөнүндө маалыматты камтыган документтер - зарыл болсо.
2. Эгерде нормативдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка нормативдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, нормативдик укуктук актынын киргизилчү долбооруна башка нормативдик укуктук актылардын аталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
3. Нормативдик укуктук актынын долбоору кагаз жүзүндө жана электрондук сактагычы менен кошо, мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилет.
4. Нормативдик укуктук актынын долбоорун киргизүү тартибинин башка маселелери нормативдик укуктук актыны кабыл алуу укугуна ээ тиешелүү субъект тарабынан аныкталат.
5. Ушул берененин талаптарын бузуу менен кароого киргизилген нормативдик укуктук актынын долбоору кароосуз артка кайтарылууга тийиш. Эреже бузуулар жоюлгандан кийин долбоор кароого белгиленген тартипте киргизилет.
Нормативдик укуктук актынын долбооруна негиздеме-маалымкат төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш, алар:
нормативдик укуктук актынын кабыл алуунун натыйжасында жетишилиши же чечилиши болжолдонгон максаттар жана маселелер;
кабыл алынчу нормативдик укуктук актынын иштешинен улам мүмкүн болуучу экономикалык, социалдык, юридикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолу;
коомдук талкуулоонун натыйжалары жөнүндө маалымат;
нормативдик укуктук актынын долбоорунун мыйзамдарга шайкештигине талдоо; аны каржылоо булактарынын болушу;
кабыл алынган нормативдик укуктук актынын коомдук мамилелерге таасирине баалоо жүргүзүү мөөнөттөрү жөнүндө сунуштар.
1. Эгер Конституцияда башкача каралбаса, нормативдик укуктук актыларды нормативдик укуктук актыларды кабыл алууга ыйгарым укуктуу норма чыгаруучу орган ушул Мыйзамда жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынчу башка нормативдик укуктук актыларга ылайык белгиленген тартипте кабыл алат.
Ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен каржылоону жаратуучу нормативдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого тийиш.
2. Нормативдик укуктук актыны кабыл алууга укуктуу норма чыгаруучу орган нормативдик укуктук актынын долбоорун кароонун жыйынтыгы менен төмөнкүлөргө укуктуу:
нормативдик укуктук актыны кабыл алууга;
долбоорду себептерин көрсөтүү менен кайра артка жиберүүгө;
өзүнүн сунуштарын жана пикирлерин билдирүү менен долбоорду кайра жиберүүгө.
1. Кабыл алынган нормативдик укуктук актылар катталууга тийиш.
2. Каттоону төмөнкүлөр жүргүзүшөт:
- конституциялык мыйзамдарга, кодекстерге жана мыйзамдарга, Президенттин жарлыктарына карата - Президенттин Администрациясы;
- Жогорку Кеңештин токтомдоруна карата - Жогорку Кеңештин Аппараты;
- Өкмөттүн токтомдоруна карата - Өкмөттүн Аппараты;
- Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын актыларына карата - Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия;
- Улуттук банктын актыларына карата - Улуттук банк;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын актыларына карата - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын аппараттары.
3. Өткөн нормативдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилет.
1. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын реестрин жүргүзүүнү мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук жана жазуу формасында Юстиция министрлиги ишке ашырат.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик реестринен нормативдик укуктук актыларынын жайылтуу Интернет тармагы аркылуу акысыз ишке ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.
4. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын реестрине киргизилбеген нормативдик укуктук акты, ал юридикалык күчкө ээ болбойт.
1. Нормативдик укуктук актылар расмий жарыяланууга тийиш.
2. Нормативдик укуктук актыларды расмий жарыялоо деп Өкмөттүк басылмаларда нормативдик укуктук актылардын тексттерин көбөйтүү жолу менен аларды жалпыга маалымдоо түшүнүлөт.
3. Нормативдик укуктук актыларды расмий жарыялоо мамлекеттик жана расмий тилдерде ишке ашырылат.
4. Нормативдик укуктук актынын расмий жарыяланган датасы болуп, ушул акт орун алган басылманын жарыкка чыккан күнү эсептелет.
5. Мамлекеттик сырды камтыган маалыматтарды кошпогондо нормативдик укуктук актыларды расмий жарыялоодо аны толук эмес баяндоого жол берилбейт.
Жарыялоо жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилет.
6. Нормативдик укуктук актыларды башка жалпыга маалымдоо каражаттарында басып чыгарууда милдеттүү түрдө басылманын расмий булагына шилтеме берилүүгө тийиш.
Укук колдонуу практикасында нормативдик укуктук актылардын расмий жарыяланышы пайдаланылууга тийиш.
1. Нормативдик укуктук актылардын расмий жарыяланышы алардын күчүнө киришинин милдеттүү шарты болуп саналат.
2. Эгерде мыйзамдын өзүндө же аны колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамда башкача каралбаса, мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Эгерде нормативдик укуктук актынын өзүндө башкача каралбаса, башка нормативдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылар расмий жарыяланган учурдан тартып бир айдан кечиктирбестен күчүнө кирет.
1. Нормативдик укуктук актыларда так эместиктер, аларды колдонуу практикасында туура эместиктер же карама-каршылыктар табылган учурда расмий чечмелөө (түшүндүрмө) берилет.
Конституциядан тышкары, нормативдик укуктук актылардын нормаларын расмий чечмелөө (түшүндүрүү), нормативдик укуктук актыны кабыл алуу жолу менен ушул актыны кабыл алган норма чыгаруучу орган тарабынан ишке ашырылат.
Конституциянын нормаларын расмий чечмелөө (түшүндүрүү) Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан ишке ашырылат.
2. Расмий чечмелөөдө нормалардын мазмуну түшүндүрүлөт же такталат, мыйзамдар системасында алардын орду, ошондой эле бир эле түрдөгү коомдук мамилелердин ар кандай аспектилерин жөнгө салуучу башка нормалар менен функционалдык жана башка байланыштары аныкталат.
Нормативдик укуктук актыларды расмий чечмелөө процессинде аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт.
3. Нормативдик укуктук актыларды расмий чечмелөө аларда камтылган укуктук нормаларды ишке ашырууда, анын ичинде аларды колдонууда милдеттүү мүнөзгө ээ болот.
4. Мыйзамдардын нормалары Конституциянын жоболоруна ылайык, ал эми башка актыларда камтылган нормалар Конституцияга жана мыйзамдарга ылайык толук чечмелениши керек.
1. Нормативдик укуктук актылардын ортосунда коллизия пайда болгон учурунда укуктук мамилелердин субъекттери жогорураак юридикалык күчкө ээ актынын нормасын жетекчиликке алууга милдеттүү.
2. Мыйзамдардын нормаларынын кодекстердин нормалары менен айырмасы болгон учурда кодекске тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин гана колдонулушу мүмкүн.
3. Бирдей юридикалык күчкө ээ нормативдик укуктук актылар ортосунда коллизия пайда болгон учурда жана алардын ичинен бирөө дагы жогорураак юридикалык күч менен актыга карама-каршы келбесе, укуктук мамилелердин аталган чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жобосу колдонулат.
4. Норма чыгаруучу орган тарабынан кабыл алынган нормативдик укуктук акты бирдей деңгээлдеги башка норма чыгаруучу органдын нормативдик укуктук актысына карата, эгерде ушундай актыны кабыл алган орган коомдук мамилелердин белгилүү жаатында жөнгө салууга атайын ыйгарым укуктуу болсо, көбүрөөк юридикалык күчкө ээ болот.
5. Норма чыгаруучу органдар коллизияларды жана өксүктөрдү жоюуга карата алардын компетенциясынын чөйрөсүнө кирген колдонуудагы нормативдик укуктук актыларга мониторинг жүргүзүп турууга милдеттүү.
Нормативдик укуктук актыларда өксүктөр табылса, ушул актыларды кабыл алган норма чыгаруучу субъекттер аларга өксүктөрдү жоюучу тиешелүү толуктоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүүгө милдеттүү.
1. Нормативдик укуктук актыларды ишке ашырууга контролду нормативдик укуктук актыны кабыл алууга укугу бар субъекттер ишке ашырышат. Мында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу мыйзамдарды жана нормативдик укуктук актыларды турмушка ашыруу үчүн контролду Жогорку Кеңештин комитеттери ишке ашырышат.
2. Нормативдик укуктук актылардын так жана бирдей түрдө аткарылышына көзөмөлдү өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде прокуратура органдары ишке ашырат.
1. Мыйзамга карама каршы келген нормативдик укуктук актыга прокурордук чара көрүү актысы прокурор же анын орун басары тарабынан нормативдик укуктук актыны чыгарган органга же жогору турган органга жиберилет.
2. Прокурордук чара көрүү актысы нормативдик укуктун актыны же анын түзүмдүк элементин токтотуу, жокко чыгаруу же күчүн жоготкондугун таануу үчүн негиз болушу мүмкүн.
Прокурордук чара көрүү актысын четке кагуу (макул болбоо) учурунда прокурор сотко кайрылууга укуктуу.
1. Колдонуудагы нормативдик укуктук актылар бул Мыйзам күчүнө киргенден кийин үч айдын ичинде Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилет.
Конституциялык мыйзамдардан, кодекстерден, мыйзамдардан, Президенттин жарлыктарынан, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомдорун кошпогондо, ушул пункттун биринчи абзацында белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилбеген нормативдик укуктук актылар өзүнүн колдонулушун токтотот жана колдонууга жатпайт.
2. Бул Мыйзамга ылайык мыйзам чыгаруу органдары болуп эсептелбеген мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган (чыгарылган) нормативдик укуктук актылар ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн шартта 2010-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
Бул Мыйзамга ылайык мыйзам чыгаруу органдары болуп эсептелбеген мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган (чыгарылган) нормативдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт.
3. ССР Союзунун нормативдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жагында 2010-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулат.
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 1-июлундагы N 34 Мыйзамы;
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 21-ноябрындагы N 82 Мыйзамынын 1-беренесинин 1-пункту;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-июнундагы N 80 Мыйзамынын 2-беренеси;
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы N 57 Мыйзамы;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 13-июлундагы N 69 Мыйзамынын 2-беренеси;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 27-ноябрындагы N 131 Мыйзамынын 4-беренеси;
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 24-январындагы N 11 Мыйзамы;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 25-июлундагы N 130 Мыйзамынын 2-беренеси;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 1-августундагы N 166 Мыйзамынын 1-беренеси;
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 17-июлундагы N 89 Мыйзамы;
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июнундагы N 71 Мыйзамы;
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 4-августундагы N 148 Мыйзамы;
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 9-августундагы N 168 Мыйзамы;
"Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2006-жылдын 8-июнундагы N 1064-III токтому;
"Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2006-жылдын 8-июнундагы N 1064-III токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы N 1970-III токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- бул Мыйзамдан келип чыккан зарыл чараларды алты айлык мөөнөттөн кечиктирбестен көрсүн;
- зарыл учурда мыйзам актыларын ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуш киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|