Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 11-февралы №104
"Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дания Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Дания Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин 2002-жылдын 15-январындагы N 2.5.Е.142 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2002-жылдын 14-февралындагы № 011-19/249 жооп нотасын денонсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дания Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Дания Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин 2002-жылдын 15-январындагы N 2.5.Е.142 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2002-жылдын 14-февралындагы N 011-19/249 жооп нотасын денонсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тааныштыруу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрине тапшырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дания Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Дания Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин 2002-жылдын 15-январындагы N 2.5.Е.142 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2002-жылдын 14-февралындагы N 011-19/249 жооп нотасын денонсациялоо жөнүндө
1-статья.
Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дания Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Дания Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин 2002-жылдын 15-январындагы N 2.5.Е.142 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2002-жылдын 14-февралындагы N 011-19/249 жооп нотасы денонсациялансын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Дания Королдугунун Өкмөтүнө ушул Мыйзамдын 1-статьясында көрсөтүлгөн Макулдашуу денонсацияланганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-статья.
Бул Мыйзам кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|