Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 11-февралы №108
"Бирге алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Нидерланддар Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Нидерланддар Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2002-жылдын 16-январындагы № Alm/0001/2002 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2002-жылдын 12-мартындагы № 011-19/385 жооп нотасын денонсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бирге алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Нидерланддар Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Нидерланддар Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2002-жылдын 16-январындагы N Alm/0001/2002 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2002-жылдын 12-мартындагы N 011-19/385 жооп нотасын денонсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тааныштыруу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрине тапшырылсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бирге алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Нидерланддар Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Нидерланддар Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2002-жылдын 16-январындагы № Alm/0001/2002 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2002-жылдын 12-мартындагы № 011-19/385 жооп нотасын денонсациялоо жөнүндө
1-статья.
Бирге алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Нидерланддар Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Нидерланддар Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2002-жылдын 16-январындагы N Alm/0001/2002 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2002-жылдын 12-мартындагы N 011-19/385 жооп нотасы денонсациялансын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Нидерланддар Королдугунун Өкмөтүнө ушул Мыйзамдын 1-статьясында көрсөтүлгөн Макулдашуу денонсацияланганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-статья.
Бул Мыйзам кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|