ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы №110 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2003-жылдын 4-июнундагы № 011-20/1000 нотасын жана Кыргыз Республикасындагы Жаңы Зеландия Элчилигинин 2003-жылдын 17-апрелиндеги № NZ 55/2003 нотасын алмаштыруу жолу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Жаңы Зеландия Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Жаңы Зеландия куралдуу күчтөрүнүн аскер жана жарандык кызматкерлеринин статусуна тиешелүү Макулдашууну денонсациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу»

Редакция11.02.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 11-февралы №110

"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2003-жылдын 4-июнундагы № 011-20/1000 нотасын жана Кыргыз Республикасындагы Жаңы Зеландия Элчилигинин 2003-жылдын 17-апрелиндеги № NZ 55/2003 нотасын алмаштыруу жолу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Жаңы Зеландия Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Жаңы Зеландия куралдуу күчтөрүнүн аскер жана жарандык кызматкерлеринин статусуна тиешелүү Макулдашууну денонсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2003-жылдын 4-июнундагы N 011-20/1000 нотасын жана Кыргыз Республикасындагы Жаңы Зеландия Элчилигинин 2003-жылдын 17-апрелиндеги N NZ 55/2003 нотасын алмаштыруу жолу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Жаңы Зеландия Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Жаңы Зеландия куралдуу күчтөрүнүн аскер жана жарандык кызматкерлеринин статусуна тиешелүү Макулдашууну денонсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

3. Бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тааныштыруу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрине тапшырылсын.

 

Премьер-министр

И.Чудинов

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2003-жылдын 4-июнундагы № 011-20/1000 нотасын жана Кыргыз Республикасындагы Жаңы Зеландия Элчилигинин 2003-жылдын 17-апрелиндеги № NZ 55/2003 нотасын алмаштыруу жолу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Жаңы Зеландия Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Жаңы Зеландия куралдуу күчтөрүнүн аскер жана жарандык кызматкерлеринин статусуна тиешелүү Макулдашууну денонсациялоо жөнүндө

1-статья.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2003-жылдын 4-июнундагы № 011-20/1000 нотасын жана Кыргыз Республикасындагы Жаңы Зеландия Элчилигинин 2003-жылдын 17-апрелиндеги № NZ 55/2003 нотасын алмаштыруу жолу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Жаңы Зеландия Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Жаңы Зеландия куралдуу күчтөрүнүн аскер жана жарандык кызматкерлеринин статусуна тиешелүү Макулдашуу денонсациялансын.

 

2-статья.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жаңы Зеландиянын Өкмөтүнө ушул Мыйзамдын 1-статьясында көрсөтүлгөн Макулдашуу денонсацияланганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

 

3-статья.

Бул Мыйзам кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти