Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 12-февралы №118
"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун атынан "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому менен "Кара-Балта кен иштетүү комбинаты" ачык акционердик коомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 1997-жылдын 5-мартында түзүлгөн Алтын жана күмүш сатуу жөнүндө келишимге жана "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун, "Центерра Голд Инк." компаниясынын "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ортосунда 2005-жылдым 22-декабрында түзүлгөн Алтын үчүн акы төлөө жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун "Аффинаждоо заводу" филиалынын туруктуу иштешин камсыздоо жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунан "Доре" куймасын сатып алууда "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун чыгымга учуроосун болтурбоо максатында, "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун, "Центерра Голд Инк." компаниясынын, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун 1997-жылдын 5-мартында түзүлгөн Алтын жана күмүш сатуу жөнүндө келишимге жана 2005-жылдын 22-декабрындагы Алтын үчүн акы төлөө жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жетишилген алдын ала макулдашууларын көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Расмий тилде тиркелген төмөнкүлөр бекитилсин:
- "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун атынан "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому менен "Кара-Балта кен иштетүү комбинаты" ачык акционердик коомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 1997-жылдын 5-мартында түзүлгөн Алтын жана күмүш сатуу жөнүндө келишимге № 3 өзгөртүүнүн долбоору ("Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому, "Кара-Балта кен иштетүү комбинаты" ачык акционердик коому, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кол коюшкан 2001-жылдын 1-октябрындагы № 1 өзгөртүү жана 2007-жылдын 19-февралындагы № 2 өзгөртүү менен), мындан ары - "Келишимге № 3 өзгөртүү";
- "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун, "Центерра Голд Инк." компаниясынын, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ортосунда 2005-жылдын 22-декабрындагы Алтын үчүн акы төлөө жөнүндө макулдашууга Өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуунун долбоору (мындан ары - "№ 8 өзгөртүү").
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети төмөнкү маселелерди "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун акционерлеринин жалпы чогулушунун кароосуна белгиленген тартипте киргизсин:
- Келишимге № 3 өзгөртүүнүн расмий тилде тиркелген долбоорун кароо жөнүндө;
- № 8 өзгөртүүнүн расмий тилде тиркелген долбоорун жана ага байланыштуу бардык документтерди кароо жөнүндө;
- "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасына - президентине Келишимге № 3 өзгөртүүнүн жана № 8 өзгөртүүнүн долбоорлоруна жана аларга байланыштуу бардык документтерге кол коюуга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |