Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 13-февралы №122
"Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө
Бул Мыйзам асыл тукум малды көбөйтүү, асыл-тукум продукцияны (материалды) өндүрүү жана пайдалануу боюнча иштин укуктук, экономикалык, уюштуруучулук негиздерин аныктайт жана асыл тукум малдын генофондун сактоого, көбөйтүүгө, тукумдатууга жана алардын азыктуулук сапатын жакшыртууга багытталган.
1-берене. Бул Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр
Асыл тукум малды жана асыл тукум үйүрлөрдү мамлекеттик каттоо асыл тукум малды жана мал үйүрлөрүн идентификациялоо, тегин аныктоо жана продукттуулугун аныктоо максатында асыл тукум жаныбарлар жана асыл тукум мал үйүрлөрү жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик китепте жана мамлекеттик асыл тукум каттоосунда эсепке алуу.
Асылдандыруу иштеринин субъектилери - асыл-тукум малды көбөйтүп, асыл-тукум продукцияны (материалдарды) селекциялык максатта пайдаланып жана өндүрүп жаткан, ошондой эле асылдандыруу иштерине тейлөө кызматтарын көрсөткөн жеке жана юридикалык жактар.
Асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - аткаруу бийлигинин асылдандыруу ишин башкаруу тармагындагы мамлекеттик органы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Асылдандыруу иши - колдо болгон айыл чарба жаныбарларын сактоого, сапатын жакшыртууга жана жаңы породаларын, түрлөрүн, линияларын чыгарууга багытталган зоотехникалык, биологиялык-генетикалык жана уюштуруучу чарбалык иш-чаралардын системасы;
Асыл тукум жаныбар - теги документтүү ырасталган, белгилүү бир породаны чыгарууга пайдаланылчу жана мамлекеттик китепте жана мамлекеттик асыл тукум каттоосунда катталган айыл чарба жаныбарлары.
Асыл-тукум үйүрү - тигил же бул породанын стандарттуу талаптарына жооп берүүчү, атайын селекциялык-асылдандыруу иштери жүргүзүлө турган айыл чарба жаныбарларынын ар кандай жыныстагы жана жаштагы белгилүү бир сандагы асыл-тукум тобу.
Асыл тукум (селекциялык) өзөгү - үйүрдү оңдоочу тукум катары пайдаланыла турган жогорку баалуу элита тубар жаныбарлар, булар жаныбарлардын тегине жана продукттуулугуна жараша жекече ылгоонун жыйынтыгы менен тандап алынат.
Селекциялык-асылдандыруу иши - мал чарбасындагы асылдандыруу ишинде малдын продукттуулук жана асыл тукумдук сапаттарын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын комплекси.
Асыл-тукум күбөлүгү - асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилчү, асыл тукум жаныбардын тегин, продукттуулугун жана башка сапаттарын, ошондой эле ата-энесинин генетикалык тектерин, уруктун же түйүлдүктүн сапатын ырастаган документ.
Асыл тукумдук продукция (материал) - асыл тукум жаныбар, анын уругу жана түйүлдүгү, жумурткасы.
Асыл-тукумдук баалуулугу - асыл-тукум жаныбардын генетикалык потенциалынын деңгээли жана ал генетикалык потенциалдын тукумдун чарбалык пайдалуу белгилерине тийгизген таасири.
Бонитировка - андан ары да пайдалануу максатында асыл тукум жаныбардын асылдык жана продукттуулук сапатын, ошондой эле башка асыл тукум продукциянын сапаттарын баалоо.
2-берене. Мал чарбасында селекциялык-асылдандыруу ишин жүргүзүүнүн максаты, милдеттери жана укуктары
1. Мал чарбасындагы асылдандыруу ишинин максаттары:
- асылдандыруу ишинин субъектилери үчүн кайра өндүрүү маселесин чечүүгө шарттарды түзүү;
- жогорку продуктулуу айыл чарба жаныбарларын төлдөтүү;
- асыл тукум жаныбарлардын генофондун сактоо жана селекциянын заманбап технологияларын киргизүү.
2. Асылдандыруу ишинин милдеттери:
- мал чарбасында селекциялык-асылдандыруу ишин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана ушул Мыйзамга ылайык уюштуруу;
- жогорку продуктулуу жаңы породаларды, түрлөрдү, линияларды, түркүмдөрдү чыгарууга жана Кыргыз Республикасындагы колдо болгон айыл чарба жаныбарларынын жана канаттуулардын генофондун сактоого жана өркүндөтүүгө шарттарды түзүү;
- жаныбарлардын жана канаттуулардын каттоосун, идентификациясын уюштуруу, асылдандыруу документтерин жүргүзүү жана асыл-тукум продукцияга (материалга) экспертиза жүргүзүү;
- асыл тукум жаныбарларды жана асыл тукум үйүрлөрдү асыл тукум жаныбарлардын мамлекеттик китебине жана мамлекеттик асыл тукум каттоосуна каттоо;
- асыл тукум ишин мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө, анын ичинде айыл чарба жаныбарларынын аз сандагы жана жок болуп бараткан породаларынын генофондун сактоо боюнча, селекциялык максаттар үчүн пайдалуу сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын асылдандыруу иши тармагындагы эл аралык кызматташтыгын координациялоо;
- асылдандыруу иши тармагына илимдин жетишкендиктерин жана алдыңкы тажрыйбаларды киргизүү, аларды асылдандыруу иштеринин субъектилерине пропагандалоо;
- мамлекеттик асыл тукум заводдорду, чарбаларды, фермаларды, дыйкан (фермердик) чарбаларды түзүү жана мезгилдүү сынактан өткөрүү боюнча иштерди уюштуруу.
3. Кыргыз Республикасындагы асылдандыруу ишин асылдандыруу ишинин субъектилери жүргүзүшөт.
4. Асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган асылдандыруу ишинин субъектилеринин иштерин координациялайт.
5. Мал чарбачылыгындагы селекциялык-асылдандыруу иштерин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте түзүлгөн, аттестациялык комиссиядан өткөн асылдандыруу ишинин субъектилери укуктуу.
6. Асылдандыруу ишинин субъектилерине статус берүү же алып коюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ишке ашырылат.
3-берене. Асыл тукум жаныбарлары бар асылдандыруу ишинин субъекттеринин милдеттери
Асылдандыруу ишинин субъектилери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- селекциялык-асылдандыруу ишин ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын асыл тукум ишинин маселелерин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүүгө;
- асыл тукум жаныбарлардын жогорку продуктулуу жаңы породаларын, түрлөрүн, линияларын жана тукумдарын чыгаруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- айыл чарба жаныбарларынын колдо болгон генофондун сактоо жана өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүүгө;
- асыл-тукум жаныбарларды жана канаттууларды каттоого, идентификациялоого, асыл тукумдук документтерди жүргүзүүгө жана асыл тукум продукцияга (материалга) экспертиза жүргүзүүгө;
- асыл тукум жаныбарларга жана асыл тукум продукцияга бонитировка жүргүзүүгө;
- асыл тукум жаныбарларды жана асыл тукум продукцияны сатуу боюнча көргөзмөлөрдү, мал көрсөтүүлөрдү, кароолорду, аукциондорду жана конкурстарды уюштурууга катышууга.
4-берене. Мамлекеттик асылдандыруу ишканаларында асылдандыруу иштерин уюштуруу жана жүргүзүү
1. Мамлекеттик асылдандыруу ишканаларында асылдандыруу иштерин уюштуруу жана жүргүзүү ушул Мыйзамга ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктачу тартипте ишке ашырылат.
2. Асылдандыруу ишинин субъектилерин, асылдандыруу иши боюнча фундаменталдык, прикладдык илимий изилдөөлөрдү, жаңы технологияларды, аспаптарды жана жабдууларды иштеп чыгууну, асылдандыруу иши тармагындагы кадрларды даярдоону жана кайрадан даярдоону каржылоо - мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алынчу мамлекеттик программалардын негизинде ишке ашырылат.
3. Асылдандыруу ишин жүргүзүүчү мамлекеттик ишканалар айыл чарба багытындагы мамлекеттик жерлерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте биринчи кезекте алууга жана пайдаланууга артыкчылыктуу укукка ээ.
4. Мамлекеттик асыл тукум ишканаларынын жери, негизги каражаттары, айыл чарба жаныбарларынын тукумдук өзөгү мамлекеттик менчик болот жана аларды тескөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
5-берене. Асылдандыруу ишинин субъектилерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү
Асылдандыруу ишинин субъектилерине мамлекеттик колдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктачу тартипте көрсөтүлөт.
6-берене. Генофондду жана селекциялык жетишкендиктерди сактоо
1. Жаныбарлардын генетикалык ресурстарын сактоо үчүн генофонддук чарбалар, уруктун, тукум клеткалардын, эмбриондордун, зиготалардын банктары уюштурулуп, мамлекет тарабынан коргоого алынат.
2. Мамлекет мал чарбасындагы селекциялык жетишкендиктер жана селекционерлердин укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте сакталышын гарантиялайт.
7-берене. Асыл тукум жаныбарларды жана асыл тукум үйүрлөрүн мамлекеттик каттоо
1. Мамлекеттик каттоонун объектилери болуп асыл тукум жаныбарлар жана асыл тукум үйүрлөр эсептелет.
2. Асыл тукум жаныбарларды жана асыл тукум үйүрлөрдү мамлекеттик каттоо асыл тукум жаныбарлардын мамлекеттик китебине жана мамлекеттик асыл тукум каттоосуна жазып киргизүү жолу менен асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, ошондой эле асылдандыруу ишинин субъектилери тарабынан ишке ашырылат.
3. Асыл тукум жаныбарлардын жана үйүрлөрдүн мамлекеттик китеби жөнүндө жобону, ошондой эле мамлекеттик асыл тукум каттоосу жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
8-берене. Селекциялык-асылдандыруу ишин мамлекеттик контролдоо
1. Селекциялык-асылдандыруу ишин мамлекеттик контролдоо асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
2. Селекциялык-асылдандыруу ишин мамлекеттик контролдоо боюнча иш-чаралар мал чарбасындагы асылдандыруу иши боюнча бирдиктүү саясат жүргүзүү, асылдандыруу чарбаларынын өз статустарына шайкеш келерин кез-кези менен текшерип туруу, асыл тукум жаныбарлардын генофондун, ошондой эле селекциянын-асылдандыруунун жетишкендиктерин сактоо максатында жүргүзүлөт.
9-берене. Бул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын ченемдерин бузган асылдандыруу субъектилери Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартышат.
10-берене. Эл аралык кызматташтык
1. Кыргыз Республикасы асылдандыруу иши тармагында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жардам көрсөтөт.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандар жана (же) чет өлкөлүк юридикалык жактар асылдандыруу тармагындагы ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүшөт.
11-берене. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 18-декабрындагы N 1124-XII "Кыргызстан Республикасынын мал чарбачылыгындагы асыл тукум иши жөнүндө" Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 7-пункту.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|