Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 13-февралы №125
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү саясый жана мамлекеттик ишмери А.Орозбековдун 120 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чараларга даярдануу жана өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 19-декабрындагы №838-IV "А.Орозбековдун туулган күнүнүн 120 жылдыгына арналган иш-чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү саясый жана мамлекеттик ишмери А.Орозбековдун 120 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чараларга даярдануу жана 2009-жылдын ноябрында өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин тиркелген курамы бекитилсин.
2. Уюштуруу комитети эки апталык мөөнөттө иш-чараларга даярдануунун жана өткөрүүнүн планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Баткен облусунун жана Кадамжай районунун мамлекеттик администрациялары бир апталык мөөнөттө А.Орозбековдун 120 жылдык мааракесине даярдануу жана өткөрүү планын иштеп чыгышсын жана уюштуруу комитетине беришсин.
4. Мааракелик иш-чараларды республикалык бюджеттин эсебинен жана жергиликтүү бюджеттердин резервдик мүмкүнчүлүктөрүнөн каржылоо караштырылсын.
5. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор Баткен облусунун мамлекеттик администрациясына Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү саясый жана мамлекеттик ишмери А.Орозбековдун 120 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүшcүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-февралындагы №125 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү саясый жана мамлекеттик ишмери А.Орозбековдун 120 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чараларга даярдануу жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Абдуллаева У.А . - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Жумабеков М.Ж. - Баткен облустук мамлекеттик администрация башчысы - губернатор, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Масалиев И.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Курманов З.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Жороев К.Т. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Султанов М.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Абдрашев А.Б. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы;
Бакиров М.С. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча);
Рыскулбеков А.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иши боюнча агенттигинин директору (макулдашуу боюнча);
Карабаев А.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы;
Мукашев К.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Исмаилов К.И. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
Эшимканов М.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Жунушалиев Ж.Д. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун директору;
Ташов А.М. - Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри |
Н.Айтмурзаев |