Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-февралы №129
"Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Кодекстин бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "коммуналдык" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө "муниципалдык" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. 223-статьянын 1-пункту "жеке" деген сөздөн кийин ", муниципалдык" деген сөз менен толукталсын.
3. 227-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацы "ошондой эле" деген сөздөн кийин "жергиликтүү коомчулук" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 233-1-статьянын 1-пункту "юридикалык жактардын" деген сөздөрдөн кийин ", жергиликтүү коомчулуктардын" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 233-2-статьянын 2-пункту "мамлекеттик органдар" деген сөздөрдөн кийин "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 233-13-статьяда:
- 1-пункту "мамлекеттик органдын" деген сөздөрдөн кийин "же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункту "мамлекеттик орган" деген сөздөрдөн кийин "же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пункту "мамлекеттик органдын" деген сөздөрдөн кийин ", жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын" деген сөздөр менен толукталсын.
7. 250-статьяда:
- 1-пункту "тиешелүү органда" деген сөздөрдөн кийин "жергиликтүү өз алдынча башкарууда" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункту "тиешелүү органдын" деген сөздөрдөн кийин "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун" деген сөздөр менен толукталсын.
8. 254-1-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацы "мамлекеттик органдын" деген сөздөн кийин "же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын" деген сөздөр менен толукталсын.
9. 257-статьянын 3-пунктунда:
- биринчи абзацы "мамлекеттик органдын" деген сөздөрдөн кийин "же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзацы "мамлекеттик мүлктү", "мамлекеттик" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү түрдө "же муниципалдык", "же муниципалдык" деген сөздөр менен толукталсын;
- үчүнчү абзацы "мамлекеттик" деген сөздөн кийин "же муниципалдык" деген сөздөр менен толукталсын.
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|