Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-февралы № 130
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарын уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө
"Баткен шаарын Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Баткен районунун курамынан чыгаруу жана ага областтык маанидеги шаар статусун берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелинин № 230 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Баткен облусунун Баткен шаарынын мамлекеттик башкаруу органдарынын штаттык саны ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте:
- зарыл болгон учурда Баткен облусунун Баткен шаарында кызматкерлердин жалпы санынын жана 2009-жылга бюджетте каралган каражаттын чегинде аймактык структураларды белгиленген тартипте түзүшсүн;
- жаңыдан түзүлгөн шаардык структураларды финансылык жана уюштуруу-техникалык камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине зарыл болгон учурда Баткен облусунун Баткен шаарында кызматкерлердин жалпы санынын жана 2009-жылга бюджетте каралган каражаттын чегинде аймактык структураларды белгиленген тартипте түзүү сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте Баткен облусунун Баткен шаарынын жаңыдан түзүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарын кызматтык жайлар жана имараттар менен камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизсин.
7. "Объекттерди шаардык шериктештиктин коммуналдык менчигине өткөрүп берүү жана Баткен областынын Баткен шаарынын шаар башкармасынын структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-июнундагы № 370 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун үчүнчү абзацы алып салынсын;
- 7-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Баткен шаарынын шаар башкармалыгынын структурасы жана штаттык саны күчүн жоготту деп табылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы № 130 токтомуна тиркеме |
┌───┬─────────────────────────────────────────────┬───────────────────┐
│ № │ Органдын аталышы │ Штаттык бирдиктин │
│ │ │ саны │
├───┼─────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│ 1 │Шаардык социалдык коргоо башкармалыгы │ 9 │
├───┼─────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│ 2 │Шаардык финансы бөлүмү │ 5 │
├───┼─────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│ 3 │Шаардык маданият бөлүмү │ 3 │
├───┼─────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│ 4 │Шаардык билим берүү бөлүмү │ 4 │
├───┼─────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│ 5 │Дене тарбия жана спорт боюнча шаардык бөлүм │ 3 │
└───┴─────────────────────────────────────────────┴───────────────────┘
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Айтмурзаев |