Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-февралы №134
"Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашуунун 10-беренесине ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 19-мартындагы №187 токтому менен жиберилген "Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.
5. "Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 19-мартындагы №187 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Казакстан тарапка билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|