Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 3-июнундагы № 331 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-марты №143
"Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1998-жылдын 8-июнундагы З № 1100-I "Экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзүүгө лицензияларды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык жана уруксат берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү, экспортко-импортко лицензияларды берүүдө ашыкча администрациялык тоскоолдуктарды жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- "Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1998-жылдын 8-июнундагы № 1100-1 "Экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзүүгө лицензияларды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору.
2. Бул мыйзам долбоору жана токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри аталган мыйзам долбоору жана токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-статья.
Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж., № 3, 126-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
14-статьянын биринчи бөлүгүнүн 4-пунктчасы "мамлекеттик каттоо" деген сөздөрдөн кийин ", эгер зарыл болсо" деген сөздөр менен толукталсын.
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1998-жылдын 8-июнундагы З № 1100-I "Экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзүүгө лицензияларды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
Уруксат берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү, экспортко-импортко лицензияларды берүүдө ашыкча администрациялык тоскоолдуктарды жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1998-жылдын 8-июнундагы З № 1100-I "Экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзүүгө лицензияларды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө" токтому менен бекитилген Экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзүүгө лицензияларды тариздөөнүн жана берүүнүн тартибине төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
5-пунктунда:
- алтынчы абзацы ", эгер бул зарыл болсо" деген сөздөр менен толукталсын;
- сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эгер зарыл болсо, иштин лицензияланчу түрүн жүргүзүү укугуна лицензия.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы |
|