Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-январындагы №15 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 7-марты №150
"Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Жогоруда аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри, Кыргыз Республикасынын юстиция министри жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болууга дайындалышсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-статья.
"Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2007-ж., № 7-8-8, 722-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 3-статьяда:
- 3-пунктчасындагы "жарандарга күбөлүктөрдү берүү үчүн" деген сөздөр "ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 6-пунктунда көрсөтүлгөн жарандык абалдын актыларын каттагандан тышкары жарандык абалдын актыларын каттаганы үчүн, жарандарга күбөлүктөрдү берүү үчүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөгө туруктуу жашоого кетүү укугуна документтерди тариздегендик үчүн; чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына келүүсүнө уруксаттарды бергендик үчүн; Кыргыз Республикасына келүү жана Кыргыз Республикасынан чыгуу үчүн мурда берилген документтерге кандайдыр өзгөртүүлөрдү киргизгендик үчүн; чет өлкөлүк жарандарды паспорттор боюнча же аларды алмаштыруучу документтер боюнча каттагандык жана катталуу мөөнөтүн узарткандык үчүн; жашап турууга уруксатты бергендик же узарткандык үчүн; чет өлкөлүк жаранга Кыргыз Республикасына келүү жана Кыргыз Республикасынан чыгуу укугуна виза бергендик үчүн; Кыргыз Республикасынын аймагында болуу укугуна визаны узарткандык үчүн, даректик маалымкаттарды бергендик үчүн; мамлекеттик бересечилерди издегендик үчүн (ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан алынат), чек ара зонасына пропуск бергендик үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгын аныктоо жөнүндө документтерди карагандык үчүн;";
- 6-пунктчадагы "жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка иштерге" деген сөздөр алып салынсын.
2. 4-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен" деген сөздөр алып салынсын.
3. 6-статьяда:
- 1-пунктунда:
17-пунктчасы "төлөмдөрдү бюджетке өндүрүү жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 34-пункт менен толукталсын:
"34) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана анын мекемелери-жоопкер жана доочу катары бардык иштер боюнча.";
- 4-пунктунун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 6-пунктунун 5-пунктчасы күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 7-пунктундагы "жалпы жарандык паспорт" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8. Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар болуп эсептелген, тарыхый мекенине ыктыярдуу кайтып келген жана өзүн кайрылман деп эсептөөнү суранган кайрылмандар - этностук кыргыздар Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн документтерди тариздөөдө мамлекеттик алымдан бошотулушат.".
4. 7-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-статья. Мамлекеттик алымдын бюджетке кириштелиши
Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан алынчу мамлекеттик алым:
- сотторго кайрылганда 50 процент өлчөмү республикалык бюджетке жана 50 процент өлчөмү-сотторду өнүктүрүү фондуна түшөт;
- мамлекеттик нотариустук контораларга жана жарандык абалдын актыларын каттоочу органдарга кайрылганда 70 процент өлчөмү жергиликтүү бюджетке түшөт, 30 өлчөмү юстиция мекемелерин өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондуна түшөт;
- жеке нотариустук органдарга кайрылганда 60 процент өлчөмү республикалык бюджетке түшөт, 30 процент өлчөмү - юстиция мекемелерин өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондуна, 10 процент өлчөмү - жеке нотариустун карамагына түшөт;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга кайрылганда 85 процент өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык технологиялар жана ресурстар мамлекеттик агенттигинин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгындагы атайын блоктолгон эсебине, 15 проценти-Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жана визалык контроль башкармалыгын өнүктүрүү фондуна түшөт;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөгө туруктуу жашоого кетүү укугуна документтерди тариздегендик үчүн; чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына келүүсүнө уруксаттарды бергендик үчүн; Кыргыз Республикасына келүү жана Кыргыз Республикасынан чыгуу үчүн мурда берилген документтерге кандайдыр өзгөртүүлөрдү киргизгендик үчүн; чет өлкөлүк жарандарды паспорттор боюнча же аларды алмаштыруучу документтер боюнча каттагандык жана катталуу мөөнөтүн узарткандык үчүн; жашап турууга уруксатты бергендик же узарткандык үчүн; чет өлкөлүк жаранга Кыргыз Республикасына келүү жана Кыргыз Республикасынан чыгуу укугуна виза бергендик үчүн; Кыргыз Республикасынын аймагында болуу укугуна визаны узарткандык үчүн, даректик маалымкаттарды бергендик үчүн; мамлекеттик бересечилерди издегендик үчүн (ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан алынат), чек ара зонасына пропуск бергендик үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгын аныктоо жөнүндө документтерди карагандык үчүн-10 процент өлчөмү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жана визалык контроль башкармалыгын өнүктүрүү фондуна, 90 проценти-республикалык бюджетке түшөт;
- аңчылык, балык уулоо укуктарына уруксаттарды бергендик үчүн республикалык бюджетке;
- аукциондорду өткөргөндүк үчүн; аукциондордо жасалчу бүтүмдөр үчүн, мамлекеттик ишканалардын мүлкүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алгандык үчүн - республикалык бюджетке;
- мамлекеттик каттоого алышууга тийиш болгон жана нотариустун күбөлөндүрүүсү талап кылынбаган жер участокторго укуктар боюнча жасалган бүтүмдөр үчүн-90 процент өлчөмү жергиликтүү бюджетке жана 10 процент өлчөмү - кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү органынын эсебине түшөт;
- лицензияларды бергендик үчүн-республикалык бюджетке;
- жарандарды жашаган жери боюнча каттагандык үчүн - жергиликтүү бюджетке;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Тизмеге ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталчу юридикалык мааниси бар башка иштер жана документтерди бергендик үчүн-республикалык бюджетке.".
5. 8-статьяда:
- 1-пунктунун экинчи абзацындагы ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "эмгек акынын минимум өлчөмүнүн" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "эсептик көрсөткүч" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.
2-статья.
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө нормативдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|