Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-марты №152
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 150 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 26-декабрындагы №467 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 150 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибине № 1 тиркемеде:
3-мамычанын сегизинчи сабындагы "канцеляриянын начальниги," деген сөздөр алып салынсын;
3-мамычанын үчүнчү сабындагы "сектор башчысы" деген сөздөрдөн кийин", канцеляриянын начальниги" деген сөздөр менен толукталсын;
- көрсөтүлген токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибине № 3 тиркеме:
3-мамычанын бешинчи сабындагы "канцеляриянын начальниги," деген сөздөр алып салынсын;
3-мамычанын үчүнчү сабындагы "бөлүм башчысы (начальник)" деген сөздөрдөн кийин", канцеляриянын начальниги" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда каралган финансылык чыгымдар "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бийликтин соттук тармагы үчүн каралган каражаттарынын чегинде жүргүзүлөөрү белгиленсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |