Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-марты №154
"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун өнүктүрүүдө жакшы натыйжаларга жетишүү үчүн жарандардын, юридикалык жактардын, аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы укуктук мамилелерди белгилейт.
1-статья. Экономиканын агроазыктүлүк секторун өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамилелерди укуктук жөнгө салуу
Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын укуктук жөнгө салуу ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырылат.
Бул Мыйзам калкты азык-түлүк менен, өнөр жайды - сырье менен камсыздоо жана аны менен айылдык региондорду туруктуу өнүктүрүү максатында айылдык товар өндүрүүчүлөр менен мамлекеттик бийлик органдарынын мамилелерин жөнгө салат, айыл чарбаны өнүктүрүү жана айыл чарбалык продукцияны өндүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик социалдык-экономикалык саясатты ишке ашыруунун укуктук негиздерин белгилейт.
2-статья. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Бул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк сектору - жеке көмөкчү чарба жүргүзгөн, ошондой эле айыл чарбалык (дыйканчылыктын, мал чарбасынын, айбанаттар чарбасынын, канаттуулар чарбасынын, балчылыктын) жана балык чарбасынын, агро-токой чарбанын продукцияларын өндүрүүчү (өстүрүүчү) жана кайра иштетүүчү юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле жарандардын, анын ичинде айыл чарбалык (агроазыктүлүк), илимий-техникалык кызматтарды жана коргонуунун биологиялык каражаттарын колдонуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын экономикалык иштеринин түрлөрүнүн жыйындысы;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик айыл чарба (агроазыктүлүк) программасы - Кыргыз Республикасынын агроазыктүлүк рыногун жана материалдык-техникалык ресурстарды жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик агроазыктүлүк саясатын 3 жылдык мөөнөткө ишке ашыруунун механизмдерин жөнгө салуучу айыл, суу чарбаларды, агро-токой чарбаны жана балык чарбаны өнүктүрүүнүн негизги багыттары;
айыл чарба (агроазыктүлүк) товарларын өндүрүүчү - жеке көмөкчү чарба жүргүзүшкөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чарбакер субъект деп таанылган, айыл чарбалык, балык чарбалык, агро-токой чарбалык продукцияны жана аны иштетүүдөн алынчу продуктуларды жана азык-түлүк товарларды өндүрүүчү жеке адамдар же юридикалык жактар;
айыл чарбалык, сервистик жана башка кызматтарды көрсөтүүчү уюмдар - илимий-техникалык, информациялык, маркетингдик, консультациялык, агротехникалык, агрохимиялык, зооветеринардык, соодалык, сугат суу берүү боюнча, коргонуунун биологиялык каражаттарын колдонуу боюнча, айыл чарба, балык чарба, агро-токой чарба продукцияларын, сырьену жана азык-түлүктү сактоо жана ташуу боюнча, агроазыктүлүк товарларды өндүрүү үчүн керектүү материалдык-техникалык ресурстарды берүү боюнча уюмдар;
Кыргыз Республикасынын агроазыктүлүк рыногу - айыл чарбалык, балык чарбалык, агро-токой чарбалык продукцияны, сырьену жана азык-түлүктү, ошондой эле агроазыктүлүк товарларды жана продукцияларды өндүрүү үчүн керектүү материалдык-техникалык ресурстарды жүгүртүү;
Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторунун өнүгүүсү жөнүндө отчет - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик айыл чарба (агроазыктүлүк) программасынын өткөн жылдагы ишке ашырылышы. Алдыдагы жылга карата милдеттер жана ишке ашыруу механизми жөнүндө ар жылдык маалыматтык-аналитикалык материал.
3-статья. Бул Мыйзамдын максаты жана милдеттери
1. Бул Мыйзамдын максаттары төмөнкүдөй:
1) мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо;
2) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторунун туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн камсыздоо;
3) атаандаштыкка жарактуу айыл чарба продукциясын жана аны иштетүүдөн алынчу продуктуларды өндүрүү үчүн экономикалык шарттарды түзүү;
4) айыл жеринде социалдык жана башка инфраструктураны өнүктүрүү жана айылдык калктын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.
2. Бул Мыйзамда белгиленген максаттарга төмөнкүдөй маселелерди ишке ашыруунун эсебинен жетишилет, алар:
1) агроөнөржай комплексинде кредит берүүнү өнүктүрүү;
2) сатып алуу операцияларын жана товардык интервенцияларды жүргүзүү;
3) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторунун товарларынын экспортун жана импортун жөнгө салуу;
4) агроөнөржай комплексин техникалык жабдуу;
5) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторуна инвестицияларды тартуу;
6) ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо;
7) салыктык, бюджеттик, бажылык-тарифтик, техникалык жөнгө салуу чараларын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка чараларды колдонуу;
8) агроөнөржай комплексин информациялык-маркетингдик камсыздоону уюштуруу;
9) агроөнөржай комплекси үчүн кадрларды даярдоону илимий, нормативдик-методикалык камсыздоо.
4-статья. Бул Мыйзамды ишке ашыруунун принциптери
Бул Мыйзамды ишке ашыруу төмөнкүдөй принциптерге ылайык жүргүзүлөт:
1) айыл чарба, санитардык жана фитосанитардык нормалар боюнча эл аралык талаптарга ылайыктуулук;
2) мамлекет Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторунда жүргүзүүчү иш-чаралардын ачык-айкындыгы;
3) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү чараларынын жеткиликтүүлүгү жана даректүүлүгү;
4) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоонун ар жылдык керектүү көлөмүн камсыздоо;
5) айыл чарба продукциясын өндүрүүчү, аны иштетүүчү жана тийиштүү кызматтарды көрсөтүүчү айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн кредиттик ресурстардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;
6) айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн рыногунун бирдиктүүлүгү жана бул рынокто атаандаштык үчүн бирдей шарттарды камсыздоо;
7) Кыргыз Республикасынын экономикасынын ата мекендик агроазыктүлүк секторунун атаандаштыктагы артыкчылыктарын жана ички рыноктун карасанатай атаандаштыктан корголушун өнүктүрүү;
8) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторунун ишиндеги экологиялык коопсуздук;
9) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторунда ишкерлердин коомдук бирикмелери, ассоциациялары (кошуундары) менен өз ара байланышта иштешүү.
5-статья. Агроазыктүлүк рынокторун мамлекеттик жөнгө салуу
1. Азык-түлүктүк коопсуздукту камсыздоо жана ата мекендик айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында агроазыктүлүк рынокторун мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат, алар:
1) мамлекеттик сатып алууну жана товардык интервенцияларды жүргүзүү;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажылык-тарифтик, тарифтик эмес жөнгө салуу ыкмалары менен ички рынокту коргоо.
2. Мамлекеттик сатып алуу жана товардык интервенцияларды жүргүзүү тартибин жана көлөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
6-статья. Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторуна кредит берүү
Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторуна кредит берүү төмөнкүдөй багыттар боюнча ишке ашырылат:
1) айыл чарба продукциясын өндүрүүгө;
2) айыл чарба өндүрүшүнүн инфраструктурасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө;
3) айыл чарбалык техниканын жана технологиялык жабдуунун лизингине;
4) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторуна кредит берүүчү кредиттик шериктештиктерди (кошуундарды) уюштурууга жана аларга кредит берүүгө;
5) айыл чарба продукциясын сатып алууга, өндүрүүгө, иштетүүгө жана сатууга.
7-статья. Ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо
1. Ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
2. Агроазыктүлүк продукциянын сапаты жана коопсуздугу эл аралык талаптарга ылайыктыгын камсыздоо максатында төмөнкүдөй иш-чаралар жүргүзүлөт, алар:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ветеринардык жана фитосанитардык контроль жүргүзүү;
2) жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын алдын алуу, аныктоо жана жоюу;
3) Кыргыз Республикасынын аймагын коргоого жана жаныбарлар жана адам үчүн жалпы оорулардын таралышына жол бербөөгө арналган ветеринардык иш-чаралар;
4) зыяндуу жана өзгөчө коркунучтуу зыяндуу организмдердин таралышын болтурбоого, Кыргыз Республикасынын аймагын карантиндик объекттерден коргоого, ошондой эле алардын таралуу чордондорун аныктоого, бөгөт коюуга жана жоюуга багытталган фитосанитардык иш-чаралар.
8-статья. Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун техникалык камсыздоо
Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун техникалык камсыздоо төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырылат, алар:
1) машина-трактор паркын жана технологиялык жабдууну жаңыртууну уюштуруу;
2) айыл чарбалык техниканы жана шаймандарды тейлөө боюнча сервистик борборлордун тармагын өнүктүрүү;
3) ата мекендик жана чет өлкөлөрдө чыгарылган айыл чарбалык техникага жана жабдууларга сыноо жүргүзүү жана милдеттүү сертификаттоо;
4) мамлекеттик техникалык инспекция жүргүзүү.
9-статья. Мамлекеттик колдоонун негизги багыттары
1. Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
Мамлекеттик колдоонун негизги багыттары төмөнкүдөй:
1) айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөрдүн, уюмдардын финансылык жана материалдык-техникалык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоочу, айыл чарбалык, сервистик жана башка кызматтарды көрсөтүүчү финансылык-кредиттик инфраструктураны түзүү;
2) айыл чарба (агроазыктүлүк) продукцияны өндүрүүдө, иштетүүдө, сактоодо, ташууда жана өткөрүүдө тобокелдерди камсыздандыруу системасын өнүктүрүү;
3) негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгүн өнүктүрүү;
4) айыл чарбалык жаныбарлардын жана канаттуулардын, ошондой эле аарычылыкта жана балык чарбасында асыл тукум ишин өнүктүрүү;
5) зооветеринардык кызматтарды көрсөтүү системасын өнүктүрүү жана айыл чарбалык жаныбарлардын жана канаттуулардын, ошондой эле аарылардын жана балыктардын ден соолугун сактоону камсыздоо;
6) өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоонун биологиялык каражаттарын өндүрүү;
7) сугат суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр системасын өнүктүрүү;
8) суу чарбалык курулмаларды куруу;
9) жаңы жерлерди өздөштүрүү жана пайдаланылып жаткан жерлерди мелиорациялык жактан жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
10) айыл чарба багытындагы жерлердин түшүмдүүлүгүн сактоо, калыбына келтирүү жана көбөйтүү боюнча иш-чараларды, ошондой эле кыртыштын деградациясы күчөшүнө бөгөт коюучу иш-чараларды жүргүзүү;
11) жайыттарды жана жайыт инфраструктурасынын объекттерин өнүктүрүү;
12) мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында айыл чарбалык (агроазыктүлүк) продукция өндүрүү;
13) айыл чарбалык продукцияны жана аны иштетүүдөн алынчу продуктуларды өндүрүүнү, иштетүүнү, сактоону, ташууну, сатууну камсыздоого мүмкүндүк берүүчү инфраструктураны өнүктүрүү;
14) айыл чарбалык (агроазыктүлүктүк) товар өндүрүүчүлөрдүн, уюмдардын, ошондой эле айыл чарбалык, сервистик жана башка кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын негизги каражаттарын жаңылоо;
15) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк сектору үчүн илимий-изилдөөчү, тажрыйбалык-конструктордук жана инновациялык жумуштарды аткаруу;
16) үрөнчүлүктү өнүктүрүү жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн селекциясы боюнча, асыл тукум иши боюнча, азык-түлүк продуктуларды өндүрүүнүн, кайра иштетүүнүн жана сарамжалдуу пайдалануунун технологияларын өркүндөтүү боюнча илимий-изилдөөчү программаларды каржылоо;
17) Мамлекеттик программанын ишке ашырылышын маалыматтык-консультациялык камсыздоо;
18) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун кадрлар менен камсыздоо.
2. Айыл чарбалык (агроазыктүлүк) товар өндүрүүчүлөргө жана айыл чарбалык, сервистик жана башка кызматтарды көрсөтүүчү уюмдарга мамлекеттик колдоо программасынын региондордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккан иш-чаралары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте, аткаруу бийлигинин бардык деңгээлдердеги мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылат.
3. Айыл чарбалык (агроазыктүлүк) товар өндүрүүчүлөргө жана айыл чарбалык, сервистик жана башка кызматтарды көрсөтүүчү уюмдарга жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын берүүнүн тартибин жана көлөмүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкташат.
4. Айыл чарбалык (агроазыктүлүк) товар өндүрүүчүлөргө жана айыл чарбалык, сервистик жана башка кызматтарды көрсөтүүчү уюмдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн кезектеги финансылык жылга карата республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган республикалык бюджеттин каражаттары, ошондой эле жергиликтүү бюджеттердин каражаттары ушул статьянын 1-пунктунда аныкталган мамлекеттик колдоо чараларын каржылоо үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каражат болгон шартта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилечү тартипте берилет.
10-статья. Мамлекеттик айыл чарба (агроазыктүлүк) программасы
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (агроазыктүлүк) программасын (мындан ары - Мамлекеттик программа) Кыргыз Республикасынын бюджетинин орто мөөнөттүк божомолун иштеп чыгуу жана бекитүү үчүн белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитет.
Мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгуунун тартибин жана мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
2. Мамлекеттик программада республиканын экономикасынын агроазыктүлүк секторун өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрү жана божомолу, максаттары, милдеттери, майнаптуулугунун көрсөткүчтөрү жана алдыдагы мезгилде финансылык каражаттардын жылдар боюнча бөлүштүрүлүшү сарптоо милдеттенмелери менен кошо болууга тийиш, анын ичинде:
1) айыл чарба продукциясынын конкреттүү түрлөрүн өндүрүү үчүн айыл чарба жерлерин оптималдуу пайдалануу боюнча региондордун адистешүүсүн аныктоо;
2) сугат жерлердин мелиорациялык абалын жакшыртуу, жаңы суу чарба объекттерди куруу, машина менен сугаруу системасын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар;
3) айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөргө жана айыл чарбалык, сервистик жана башка кызматтарды көрсөтүүчү уюмдарга мамлекеттик колдоону камсыздоо;
4) ветеринария, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантини боюнча мамлекеттик иш-чараларды уюштуруу;
5) агроөнөржай комплексинин тармагында мамлекеттер аралык экономикалык байланыштардын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, экономиканын агроазыктүлүк секторун өнүктүрүү жагындагы эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу;
6) агроөнөржай комплексинин тармактарында техникалык регламенттерди киргизүү жана улуттук стандарттарды шайкеш келтирүү боюнча иш-чаралар;
7) агроөнөржай комплексинин субъекттерин техникалык жабдуу боюнча иш-чаралар;
8) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторунун субъекттеринин кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн экономиканын агроазыктүлүк секторуна кредит берүүчү кредиттик шериктештиктердин системасын түзүү;
9) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун маалыматтык-маркетингдик камсыздоону уюштуруу;
10) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун илимий камсыздоо чараларын ишке ашыруу;
11) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк сектору үчүн кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо системасын өркүндөтүү.
3. Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун, ошондой эле Мамлекеттик программаны аткарууга багытталган иш-чараларды мамлекеттик маалыматтык камсыздоочу системаны түзүү жана коштоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилечү тартипте ишке ашырылат.
4. Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзөт жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитет.
11-статья. Бул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Бул Мыйзамдын талаптарын бузуу же тийиштүү түрдө аткарбоо жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
12-статья. Корутунду жоболор
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна мыйзамдык актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу уюштуруу чараларын чечүүгө багытталган сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизсин;
- өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|