Редакцияот 10.03.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 10-марты №155

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын ички рыногун цемент жана шифер менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" 2007-жылдын 9-июнундагы № 223 жана "Кыргыз Республикасынын ички рыногун цемент жана шифер менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-июнундагы № 223 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" 2008-жылдын 16-августундагы № 449 токтомдорун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

Ички рынокто цементке жана шиферге суроо-талаптын азайышына байланыштуу жана цементти жана шиферди ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын ички рыногун цемент жана шифер менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-июнундагы № 223 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын ички рыногун цемент жана шифер менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-июнундагы № 223 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 449 токтому.

 

Премьер-министр

И.Чудинов