Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-марты №165
"Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2001-жылдын 27-июну, № 46) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
27-берене төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Почта байланышынын жашырын сырын түзүүчү акча каражаттарын которуулар жөнүндөгү маалымат "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган максаттарда жана тартипте терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга берилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|