Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-марты №170
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 139 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин түзүмүн жана ишин оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгына ылайык келтирүү, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин алдында "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-январындагы № 20 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 139 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 2-пунктта:
биринчи абзацта "216" деген цифралар "225" деген цифраларга алмаштырылсын;
экинчи абзацта "21" деген цифралар "27" деген цифраларга алмаштырылсын;
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери боюнча жергиликтүү органдары - 168 бирдик санында;";
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:
- 5.4-пунктта:
- тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- белгиленген тартипте "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору кызматына талапкерди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындоо үчүн сунуш кылат;";
- онунчу абзацта "Каба уулу Кожомкул атындагы спорттук-маданий борбор" жана "Башкы спорттук арена" мамлекеттик ишканалардын уставдарынын долбоорлорун" деген сөздөр "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын уставынын долбоорун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- он биринчи абзацта "Каба уулу Кожомкул атындагы спорттук-маданий борбор" жана "Башкы спорттук арена" мамлекеттик ишканалардын жетекчилери менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгектик келишимдерди" деген сөздөр "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору менен эмгек келишимин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5.5-пункттун биринчи абзацында:
- "9" деген цифра "11" деген цифраларга алмаштырылсын;
- "Мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары," деген сөздөрдөн кийин "жаштардын иштери боюнча департаменттин директору, балдарды коргоо боюнча департаменттин директору жана" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2009-жылдын 10-мартындагы № 170 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу СХЕМАСЫ
┌───────────────────┐
│ Борбордук аппарат │
└─────────┬─────────┘
│
┌─────────────────┬────────┴─────────┬─────────────────┐
┌───────┴────────┐ ┌─────┴───────┐ ┌───────┴───────┐ ┌──────┴──────┐
│ Агенттиктин │ │ Дене тарбия │ │ Ведомстволук │ │ "Спорттук │
│ карамагына │ │ жана спорт │ │ уюмдар │ │ курулмалар │
│ кирген уюмдар │ │ боюнча │ │ │ │жана спорттук│
│ │ │ аймактык │ │ │ │ камсыздоо │
│ │ │ органдар │ │ │ │башкармалыгы"│
│ │ │ │ │ │ │ мамлекеттик │
│ │ │ │ │ │ │ ишканасы │
└┬───────────────┘ └─────────────┘ └┬──────────────┘ └─────────────┘
│ ┌─────────────┐ │ ┌────────────┐
│ │Спорттун │ │ │Жаштардын │
├─┤түрлөрү │ ├─┤иштери │
│ │боюнча │ │ │боюнча │
│ │республикалык│ │ │департамент │
│ │өнүктүрүү │ │ └────────────┘
│ │борборлору │ │ ┌────────────┐
│ └─────────────┘ │ │Балдарды │
│ ┌─────────────┐ └─┤коргоо │
│ │Республикалык│ │боюнча │
├─┤олимпиадалык │ │департамент │
│ │резерв окуу │ └────────────┘
│ │жайы │
│ └─────────────┘
│ ┌─────────────┐
│ │Спорттун │
├─┤түрлөрү │
│ │боюнча │
│ │олимпиадалык │
│ │резервдин │
│ │республикалык│
│ │спорттук │
│ │балдар- │
│ │өспүрүмдөр │
│ │мектеби │
│ └─────────────┘
│ ┌─────────────┐
│ │"Манас" │
└─┤республикалык│
│жаштар │
│двореци │
└─────────────┘
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри |
Н.Айтмурзаев |