Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 12-марты №172
"Гарантияланган мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Гарантияланган мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Гарантияланган мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө
1-берене. Жөнгө салуу предмети
Бул Мыйзам калктын эң маанилүү турмуштук керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн гарантияланган мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарды белгилөө жана колдонуу жаатындагы укуктук жактан жөнгө салуунун негиздерин аныктайт.
2-берене. Кыргыз Республикасынын гарантияланган мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндөгү мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын гарантияланган мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндөгү мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан жана башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
3-берене. Бул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
Гарантияланган мамлекеттик минималдуу социалдык стандарт (мындан ары - социалдык стандарт) - жалпыга жеткиликтүү, акысыз берилүүчү жана жеңилдетилген социалдык жактан тейлөөлөрдү жана төлөмдөрдү берүүнүн гарантияларынын минималдуу деңгээли;
жашоо минимуму - минималдуу керектөө корзинасынын наркынын чоңдугуна барабар жана адамдын жашоосун камсыз кылуу жана анын ден соолугун сактоо үчүн зарыл болгон материалдык жыргалчылыктардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу топтомунун, ошондой эле милдеттүү түрдөгү төлөмдөрдүн жана жыйымдардын (салымдардын) суммасынын нарктык бааланышы;
жакырчылыктын чеги - адамдын минималдуу керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн зарыл болгон, бир адамга эсептелген минималдуу кирешенин чеги;
жашоо деңгээли - калктын жашоосунун зарыл болгон муктаждыктарын канааттандырууну камсыз кылуучу материалдык жана рухий байлыктардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйындысы.
4-берене. Социалдык стандарттарды белгилөөнүн милдеттери жана принциптери
Социалдык стандарттарды түзүүнүн жана колдонуунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жарандардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу;
- социалдык стандарттардын мамлекеттик социалдык саясаттын негизги багыттарына шайкеш келиши;
- социалдык стандарттардын социалдык жана экономикалык жактан негизделгендиги;
- бириккен мамлекеттик бюджетти түзүүдө жана аткарууда социалдык чыгымдардын артыкчылыгы жана милдеттүүлүгү;
- социалдык стандарттарды расмий белгилөөнүн мезгилдүүлүгү;
- социалдык стандарттарды белгилөөнүн жана өзгөртүүнүн айкындуулугу;
- мамлекеттик органдардын белгиленген социалдык стандарттарды сактоодогу жоопкерчилиги.
Социалдык стандарттарды белгилөө төмөнкү милдеттерди аткарууга багытталган:
- мамлекет тарабынан жарандардын негизги материалдык жана руханий жыргалчылыгы менен тейлөө кызматтарына болгон керектөөлөрүнүн кепилдик берилген ченемдерин аныктоо;
- бирдиктүү мамлекеттик социалдык саясат жүргүзүү жана региондор боюнча материалдык жана руханий жыргалчылыктар менен тейлөө кызматтарын алууну камсыз кылуу шарттарын теңдештирүүнүн негизинде социалдык жактан өнүгүү деңгээлинин айырмачылыктарынын болушуна жол бербөө;
- региондор боюнча калктын жашоо деңгээлин жана анын жогорулашынын шарттарын баалоо;
- бюджеттик каражаттарды жана социалдык жактан кызмат көрсөтүүлөргө берилүүчү дагы башка каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- калк муктаж болгон даректүү мамлекеттик колдоонун зарылдыгын негиздөө.
5-берене. Социалдык стандарттардын тутуму
Социалдык стандарттардын тутумуна социалдык чөйрөнүн төмөнкү жааттарында белгиленүүчү социалдык стандарттар кирет:
- саламаттык сактоо;
- социалдык жактан коргоо;
- билим берүү;
- турак жай-коммуналдык тейлөө;
- эмгекке акы төлөө, эмгек мамилелери жана эмгекти коргоо;
- пенсия менен камсыз кылуу;
- калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
- экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу;
- укук тартибин, жарандардын коопсуздугун жана акысыз юридикалык жардамды камсыз кылуу;
- маданият.
6-берене. Саламаттык сактоо жаатындагы социалдык стандарттар
Саламаттык сактоо жаатындагы социалдык стандарттар төмөнкүлөрдү карайт:
- менчигинин формасына карабастан, саламаттык уюмдары тарабынан бүткүл калкка медициналык тез жардамды (кечиктирилбес), кечиктирилбес абалдан чыгарганга чейин акысыз берүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган көлөмдөргө жана түрлөргө ылайык биринчи деңгээлдеги базалык медициналык кызмат көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеге киргизилген социалдык статусу жана клиникалык көрсөткүчтөрү боюнча жарандарга акысыз жана жеңилдетилген шарттарда медициналык жардам көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте бекитилген Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына ылайык вакцина менен башкарылуучу инфекцияларды акысыз иммундук профилактикалык эмдөө жүргүзүү.
7-берене. Социалдык жактан коргоо жаатындагы социалдык стандарттар
Социалдык жактан коргоо жаатындагы социалдык стандарттар төмөнкүлөрдү карайт:
- үй-бүлөнүн канчалык даражада муктаж экендигин текшерүүнү эске алуу менен аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга мамлекеттик жөлөк пулдарды;
- социалдык жактан тейлөө чөйрөсүндө жарандардын социалдык аярлуу категориялары үчүн кызмат көрсөтүүлөргө коюлган талаптар.
Социалдык жактан коргоо жаатындагы социалдык стандарттарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
8-берене. Билим берүү жаатындагы социалдык стандарттар
Билим берүү жаатындагы социалдык стандарттар билим берүүнүн баардык деңгээлинде окугандарды социалдык жактан коргоонун минималдуу деңгээлин камсыз кылуучу нормалардан жана нормативдерден турат.
Билим берүү жаатында төмөнкүдөй социалдык стандарттар белгиленет:
- мектепке чейинки;
- мектеп;
- баштапкы, негизги жана орто;
- баштапкы, орто кесиптик;
- жогорку кесиптик.
9-берене. Турак жай-коммуналдык жактан тейлөө жаатындагы социалдык стандарттар
Турак жай-коммуналдык жактан тейлөө жаатындагы социалдык стандарттар катары төмөнкүлөр белгиленет:
- калкка коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн (ысык жана муздак суу, электр, жылуулук кубатын, газ берүү, суунун агып кетишин камсыз кылуу, тиричилик таштандыларын тазалап жыйноо ж.б.) тизмеси;
- үй-бүлөнүн жыйынды кирешесинен жарандардын турак-жайга жана коммуналдык кызмат көрсөтүүгө жумшоочу өздүк чыгымдарынын максималдуу жол берилген үлүшү.
Калкка туракжай субсидиясын жана компенсацияларды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилет.
10-берене. Эмгекке акы төлөө, эмгек мамилелери жана эмгекти коргоо жаатындагы социалдык стандарттар
Социалдык стандарттар төмөнкү жааттарда белгилөөнү карайт:
- эмгекке акы төлөө - квалификацияланбаган жумушта иштеген кызматкердин эмгек акысынын деңгээлин аныктаган эмгек акынын минималдуу өлчөмү;
- эмгек мамилелери - жумуш убактысынын, төлөнө турган негизги эмгек өргүүсүнүн узактыгы, эмгек шарттары боюнча гарантиялар, жеңилдиктер жана компенсациялар;
- эмгекти коргоо - эмгекти коргоо жана анын коопсуздугун камсыз кылууга карата милдеттүү түрдөгү талаптар.
Эмгекке акы төлөө, эмгек мамилелери жана эмгекти коргоо жаатындагы социалдык стандарттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
11-берене. Пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы социалдык стандарттар
Пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы социалдык стандарттар төмөнкүлөрдү белгилөөнү карайт:
- курагын, камсыздандыруу стажынын узактыгын, пенсия чектөө үчүн иштеген жылдарды;
- пенсиянын базалык өлчөмүн;
- аскер кызматкерлеринин минималдык пенсиясынын өлчөмүн;
- пенсиянын өлчөмүнө үстөктөр жана компенсациялар.
Пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы социалдык стандарттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленет.
12-берене. Калкты ишке орноштурууга көмөктөшүү жаатындагы социалдык стандарттар
Калкты ишке орноштурууга көмөктөшүү жаатындагы социалдык стандарттар төмөнкүлөрдү белгилөөнү карайт:
- расмий катталган жумушсуз жарандарга убактылуу материалдык жактан колдоо көрсөтүүнүн мамлекеттик гарантиясы иретинде колдонулуучу жумушсуздук боюнча жөлөк пулдарды;
- калкты ишке орноштуруу жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тараптан берилген калкты ишке орноштурууга көмөктөшүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин;
- кесиптик даярдоо, кайра даярдоо курстарында окутууну жана окутуу процессинде стипендия төлөөнү;
- ишкерликти уюштурууда жана өзүн-өзү жумуш менен камсыз кылууда консультациялык кызмат жана финансылык колдоо көрсөтүүлөрдү;
- акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу боюнча программаларга катышуу мүмкүнчүлүгүн.
Калкты ишке орноштурууга көмөктөшүү жаатындагы социалдык стандарттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат.
13-берене. Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы социалдык стандарттар
Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы социалдык стандарттар жалпы жана атайын техникалык регламенттер менен жөнгө салынат.
14-берене. Жарандардын укук тартибин жана коопсуздугун камсыз кылуу жана акысыз юридикалык жардам көрсөтүү жаатындагы социалдык стандарттар
Жарандардын укук тартибин жана коопсуздугун камсыз кылуу жана акысыз юридикалык жардам көрсөтүү жаатындагы социалдык стандарттар төмөнкүлөрдү карайт:
- кылмыштуу кол салуулардан жарандардын коопсуздугун, коомдук тартипти камсыз кылуу;
- акысыз юридикалык жардам көрсөтүү;
- жол кыймылынын коопсуздугун жана эрежелерин камсыз кылуу.
Жарандардын укук тартибин жана коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы социалдык стандарттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат.
15-берене. Маданият, дене тарбия жаатындагы социалдык стандарттар
Социалдык стандарттар төмөнкү жааттар боюнча аныктамаларды карайт:
- маданият - мамлекеттик маданият мекемелери (китепкана, музей, айыл клубдары) тараптан жалпыга жеткиликтүү социалдык кызмат көрсөтүү;
- дене тарбия - адамдын дене бой жактан өсүшүн камсыз кылуучу дене тарбиялык-спорттук гарантияланган мамлекеттик базалык кызмат көрсөтүүнүн көлөмү.
Маданият, дене тарбия жаатындагы социалдык стандарттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат.
16-берене. Жашоо минимумунун арналышы
Жашоо минимуму төмөнкү учурлар үчүн арналган:
- калкты социалдык жактан колдоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу жана социалдык саясаттын багыттарын аныктоо;
- калктын жашоо деңгээлине талдоо жүргүзүү жана божомолдоо;
- минималдуу мамлекеттик эмгек гарантияларын негиздөө.
17-берене. Жашоо минимумунун түрлөрү
Максаттуу арналышына жараша жашоо минимуму төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- калктын жан башына;
- калктын негизги социалдык-демографиялык топтору (жумушка жарамдуу калк, пенсионерлер, курагы боюнча белгилүү топтогу балдар) боюнча.
18-берене. Жашоо минимумун аныктоонун түзүмү жана тартиби
Минималдуу жол берилген деңгээлде адам муктаждыктарын канааттандыруучу жана анын жашоо-тиричилигин камсыз кылуучу милдеттүү төлөмдөр жана жыйымдар боюнча товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана чыгымдардын стандарттык тобуна кирген жашоо минимумунун түзүмүнө төмөнкүлөр кирет:
- тамак-аш азыктары;
- азык-түлүк эмес товарлар;
- кызмат көрсөтүүлөр;
- милдеттүү салык төлөмдөр жана жыйымдар боюнча чыгымдар.
Жашоо минимумунун түзүмүн республика жана региондор боюнча аныктоо жаратылыш-климаттык шарттарды, улуттук каада-салтты жана тамак-аш азыгын, азык-түлүк эмес товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөнүн жергиликтүү өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
19-берене. Жашоо минимумун жана жакырчылыктын чегин бекитүү
Жашоо минимумунун нарктык чоңдугун аныктоо үчүн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси жана эсептөөнү аныктоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Калктын негизги социалдык-демографиялык тобу үчүн жана калктын жан башына жашоо минимумунун эсептөөнүн методикасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Жашоо минимуму жалпысынан республика жана региондор боюнча статистиканын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тараптан квартал сайын эсептелет.
Жакырчылыктын чеги жылына бир жолу республика боюнча жана региондордун деңгээлинде статистиканын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат.
20-берене. Социалдык стандарттардын колдонулушу
Социалдык стандарттар республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин социалдык беренелерин түзүү жана аткаруу үчүн негиз болуп эсептелет.
21-берене. Социалдык стандарттарды кайрадан кароо
Социалдык стандарттар республиканын финансылык-экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша кайрадан каралат жана мурда кабыл алынгандан төмөн эмес өлчөмдө бекитилет.
22-берене. Социалдык стандарттарды сактоого болгон жоопкерчилик
Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарды камсыз кылууну жана сактоону контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
23-берене. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төрт айлык мөөнөттө бул Мыйзамда каралган социалдык стандарттар жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын.
Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 7-августундагы №149 "Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө" Мыйзамы күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|