Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 18-марты №179
"Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газети, 2001-жылдын 10-октябры, №74) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
13-статьяда:
- биринчи бөлүктө:
"Кыргыз Республикасынын кинофильмдеринин Мамлекеттик фондусу" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивине" деген сөздөр менен толукталсын;
"кинематография жаатындагы" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
- үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрдө "Кыргыз Республикасынын киносүрөтдокументтеринин мамлекеттик архиви" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архиви" деген сөздөргө менен алмаштырылсын.
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|