Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин

2010-жылдын 23-декабрындагы №30-V токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2009-жылдын 12-ноябры № 1492-IV

2009-жылдын 6-ноябрындагы № 1474-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттерин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 1474-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттерин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитет;

Коргоо, коопсуздук, укук тартиби, сот-укук маселелери жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет".

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

А. Тагаев