Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 14-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 23-декабры №30-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 29-декабрындагы №81-V, 2011-жылдын 2-февралындагы №140-V, 2011-жылдын 21-октябрындагы №1238-V, 2012-жылдын 11-январындагы №1468-V, 2012-жылдын 2-февралындагы №1586, 2012-жылдын 22-февралындагы №1653-V, 2012-жылдын 14- мартындагы №1730-V, 2012-жылдын 10-октябрындагы №2395-V, 2012-жылдын 1-ноябрындагы №2458-V токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү түзүмү бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын 5 орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 13 комитети;
Бүткүл Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети;
эсептөө комиссиясы (курамы жыл сайын кайрадан шайланып турат);
добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча туруктуу комиссия.
(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 11-январындагы №1468-V токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү комитеттери түзүлсүн:
Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитет;
Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитет;
Коргоо жана коопсуздук боюнча комитет;
Эл аралык иштер боюнча комитет;
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет;
Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитет;
Социалдык саясат боюнча комитет;
Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет;
Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет;
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет;
Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитет;
Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет;
Бюджет жана финансы боюнча комитет;
Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитет.
(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 17-октябрындагы №2395-V, 2012-жылдын 1-ноябрындагы №2458-V токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:
- 2009-жылдын 6-ноябрындагы №1474-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттерин түзүү жөнүндө";
- 2009-жылдын 12-ноябрындагы №1492-IV "2009-жылдын 6-ноябрындагы № 1474-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттерин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу";
- 2010-жылдын 17-декабрындагы №21-V "2009-жылдын 6-ноябрындагы № 1474-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттерин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу";
- 2010-жылдын 29-декабрындагы №81-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө";
- 2011-жылдын 2-февралындагы №140-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө";
- 2011-жылдын 21-октябрындагы №1238-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө.
(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 11-январындагы №1468-V токтомунун редакциясына ылайык)
Төрага | А. Келдибеков |