Редакцияот 11.12.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2009-жылдын 11-декабры № 1554-IV

"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү тууралу

"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри И.Р.Айдаралиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Н.Р.Айдаралиевдин маалыматы эске алынсын.

2. Жайыттардын ресурстарын пайдалануунун башка түрлөрүн, ошондой эле жайыттарды чет өлкөлүктөрдүн пайдалануусун караган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине тапшырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

А. Тагаев