ТоктомКүчүндө

КР ЖК 2009-жылдын 11-декабрындагы № 1554-IV «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү тууралу» токтому

Редакция11.12.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2009-жылдын 11-декабры № 1554-IV

"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү тууралу

"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри И.Р.Айдаралиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Н.Р.Айдаралиевдин маалыматы эске алынсын.

2. Жайыттардын ресурстарын пайдалануунун башка түрлөрүн, ошондой эле жайыттарды чет өлкөлүктөрдүн пайдалануусун караган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине тапшырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

А. Тагаев