Редакцияот 04.12.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2009-жылдын 4-декабры № 1523-IV

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы К. Апаитованын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын II бөлүмүнүн 7-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын 1999-жылдын 16-декабрындагы П № 1046-1-18 токтому менен 10 жылдык мөөнөткө шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Кадычахан Апаитованын ыйгарым укуктары мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу 2009-жылдын 16-декабрынан тартып токтотулду деп эсептелсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

Ч. Баекова