ТоктомКүчүндө

КР ЖК 2009-жылдын 4-декабрындагы № 1523-IV «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы К. Апаитованын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» токтом

Редакция04.12.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2009-жылдын 4-декабры № 1523-IV

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы К. Апаитованын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын II бөлүмүнүн 7-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын 1999-жылдын 16-декабрындагы П № 1046-1-18 токтому менен 10 жылдык мөөнөткө шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Кадычахан Апаитованын ыйгарым укуктары мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу 2009-жылдын 16-декабрынан тартып токтотулду деп эсептелсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

Ч. Баекова