ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 27-январындагы № 123-V «Кыргыз Республикасынын улуттук адабиятынын күнүн белгилөө жөнүндө» токтому

Редакция27.01.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 27-январы № 123-V

Кыргыз Республикасынын улуттук адабиятынын күнүн белгилөө жөнүндө

Кыргыз адабиятын сактоо, түбөлүккө калтыруу жана өнүктүрүү максатында, ошондой эле улуу жазуучу Ч.Айтматов менен улуу акын А.Осмоновдун, кыргыз адабиятынын башка чыгаан өкүлдөрүнүн элесине таң берип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 12-декабрь Кыргыз Республикасынын улуттук адабиятынын күнү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча комитетине (Ж.А.Джолдошова) жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Келдибеков