Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-февралы № 179-V
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Т.Н.Бековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Т.Н.Бековдун маалыматы эске алынсын.
2. "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы толук көлөмдө аткарылбай жаткандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк кризисинин алдын алуу боюнча токтоосуз чараларды көрсүн;
- калктын социалдык жактан жармач катмарларына өзгөчө көңүл бурсун жана алар үчүн жеңилдиктерди карасын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңештин жаңы курамын Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин төрагалыгы астында түзүп, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри жана финансы министри анын орун басарлары, ал эми Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Кеңештин жумушчу органы болуп аныкталсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңештин жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жоопкерчилигин жогорулатуу жана ишин күчөтүү максатында башка мамлекеттик органдарга ведомстволук караштуулуктагы, бирок айыл чарбасына тиешеси бар түзүмдүк бөлүкчөлөрдү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин түзүмүнө которсун, ошондой эле кайра иштетүү тармагын, токой чарбасын, тармактык илимий-изилдөө институттарды жана суу чарба комплекстерин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук караштуулугуна таандык кылуу маселесин карасын;
- акча каражаттарын зарыл болгон көлөмдө бөлүп берүү менен мамлекеттик материалдык резервдин корунун деңгээлине көңүл бурсун, ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрдөн продукцияларды сатып алуунун аркасында негизги тамак-аш азыктарынын үч айлык корун түзсүн, ошондой эле адаттан тышкары учурларда же өзгөчө абалдарда пайдалануу үчүн негизги тамак-аш азыктары боюнча мамлекеттик материалдык резервдин корун толуктасын;
- үрөн өстүрүүчү чарбаларга мамлекеттик колдоо көрсөтүп, республиканын региондорундагы айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзсүн, ошондой эле ташып келинүүчү азыктардын сапатына, сатылышына жана наркына контролду жүзөгө ашырсын;
- кирешелерди субсидиялоо аркылуу ата мекендик өндүрүүчүлөргө ийкемдүү жана натыйжалуу коргоону жана баалардын кескин термелишинин шарттарында алардын жалпы деңгээлин кармап турууну камсыз кылсын;
- сатуу үчүн продукцияны өткөрүүгө айыл чарба өндүрүүчүлөрүн дүң рынокко жетүүдө жана рынокто азыктарды төмөндөтүлгөн бааларда сатып өткөрүүгө мажбурлаган криминалдык элементтерден калкаласын;
- алып сатарлар (ортомчулар) тарабынан баалардын негизсиз жогорулатылышын ооздуктоо максатында экинчи рыноктогу бааларды жөнгө салууну караган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүүнү тездетсин, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин үчүнчү абзацын жеткире иштеп чыгуу боюнча мыйзам долбооруна демилге көтөрсүн;
- Кыргызстандын бренди катары экологиялык таза айыл чарба продукциясын өндүрүү программасын иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетине квартал сайын маалымат берүү менен тамак-аш азыктарына баа саясатын контролдоону күчөтсүн;
- "Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясы" ААКсынан 18,0 миң тонна буудайдын жок болуп кетишинин фактысын иликтөөнү укук коргоо органдарына тапшырсын жана зыянды накта түрүндө калыбына келтирүү боюнча чараларды көрсүн;
- япон жана кытай гранттарынан 450 млн. сомду АУБга жана ӨИИБАга которуунун мыйзамдуулугун иликтесин, аны айыл чарба техникасы менен жабдууларын сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына кайтаруу боюнча чараларды көрсүн;
- "Агробизнес жана маркетинг", Айыл чарба инвестициялары жана кызматтары, "Бишкектеги агрохимикаттардын сапаты боюнча лабораторияны чыңдоо" техникалык жардам, "Кыргыз Республикасында балык кармоо жана агрардык өсүмдүктөр башкармалыгына көмөктөшүү" долбоорлорунун аткарылышын камсыз кылсын;
- айыл чарба продукцияларына техникалык регламенттерди иштеп чыгууну тездетсин;
- республикадагы азык-түлүктүн сапатын текшерүүчү лабораторияларды техникалык жабдуу маселесин чечсин;
- өсүмдүктөрдөн жана жаныбарлардан алынган айыл чарба азыктарынын коопсуздугунун сапаттык параметрлерине баа берүү боюнча эл аралык стандарттарга ылайык келген лаборатория комплексин түзсүн;
- "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 4, 6, 7 жана 8-беренелеринин толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылсын;
- болгон айыл чарба багытындагы жер аянттарын сактап калсын, алардын кыртышын жакшыртууну жана калыбына келтирүүнү камсыз кылсын;
- майда жана бодо малды вакцинациялоо менен анын жүзөгө ашырылышын контролдоону камсыз кылсын;
- калктын эт жана сүт азыктарын пайдалануусу менен байланышкан ооруларын (кызыл жүгүрүк, күйдүргү ж.б.) төмөндөтүүгө карата чараларды көрсүн;
- айыл чарба товар өндүрүүчүлөр тарабынан өткөрүлүүчү азык-түлүк продукциясына кепилдик берилген акы төлөө боюнча бааларды 2011-жылдын 15-мартына чейин жарыяласын;
- болгон айыл чарба техникасын ремонттоону эң кыска мөөнөттө жүргүзсүн жана жазгы талаа жумуштарына өз убагында даярдануу боюнча чараларды көрсүн;
- ата мекендик буудай өндүрүүчүлөрдү колдоо жана 9353-90 МАСТтын ченемдери менен талаптарына ылайык келген, илешкектикти камтуусу кеминде 20-21 пайыз 3-4-класстагы буудайды мамлекеттик сатып алуу максатында 2010-жылдын 9-июлундагы № 122 "2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйноо боюнча айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун 4 жана 5-пункттарына өзгөртүүлөр киргизүү сунуш кылынсын;
- айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн азот, фосфор жана калий жер семирткичтери менен камсыз кылууну "Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясы" ААКсына жана "Кыргызресурстары" МИсине тапшырсын;
- "Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясы" ААКсы менен биргелешип, ал каражаттар кайсы адамдардын жетекчилиги астында пайдаланылгандыгын иликтөө менен республикалык бюджеттен "Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясы" ААКсына бөлүнүп берилген 400,0 млн. сомдун пайдаланылышы жөнүндө толук маалымат берсин, ал эми алардын күнөөсү далилденгенде мыйзамдар менен каралган тартипте жоопкерчиликке тартылсын;
- көрүлгөн чаралардын натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2011-жылдын 2-майына чейин маалымдасын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (И.И.Исаков), ошондой эле Жер-агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетиие (Э.А.Сакебаев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Келдибеков
|