Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 21-апрелиндеги № 486-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18-февралы № 192-V
Парламенттик радионун Кыргыз Республикасынын аймагын камтуу зонасын кеңейтүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарын республиканын бүткүл аймагына радиодон уктуруу жөнүндө жарандардын көп сандаган кайрылууларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Парламенттик радионун республиканын бүткүл аймагын камтуу зонасын кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарын уктурууну камсыз кылуу үчүн 2011-жылга республикалык бюджеттен 1878991,0 сом суммасындагы каржы каражаттарын издеп тапсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарын жазуу түрүндө "Биринчи" радиосунун программасы боюнча жыйналыштар күндөрүндө 19 саат 30 мүнөттөн тартып уктурууну камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынан өтүнүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин - Иш башкармалыгы (Р.П.Касымов) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарын уктуруп туруу жөнүндө келишимди Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен жыл сайын түзсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (И.А.Пирматов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Келдибеков |