Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-апрели № 486-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 18-февралындагы "Кыргыз Республикасынын аймактарын парламенттик радио менен камтуу зонасын кеңейтүү жөнүндө" № 192-V токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 9-февралындагы № 1338-VI токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 157-беренесинин негизинде, ошондой эле парламенттик радионун ишин оптималдаштыруу жана кеңейтүү максаттарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 18-февралындагы "Кыргыз Республикасынын аймактарын парламенттик радио менен камтуу зонасын кеңейтүү жөнүндө № 192-V токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгы (А.А.Кожомкулов) "КТРК - биринчи радио" менен келишимди бузсун, бошотулган каражаттарды парламенттик радиону уктуруу зонасын кеңейтүү максатында зарыл жабдууларды сатып алуу үчүн Радиорелеялык магистралдар, телекөрсөтүү жана радио уктуруу республикалык өндүрүштүк бирикмесинин (РМТР РӨБ) ААКсына багыттасын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгы "Парламент" радиосун уктурууну республиканын аймактары боюнча туруктуу жайылтууга талап кылынган финансылык каражаттардын суммасына ылайык РМТР РӨБ менен жыл сайын Келишим түзсүн.
(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 9-февралындагы № 1338-VI токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине (И.Ш.Омуркуловго) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Н. Алимбеков
|