Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 25-февралы № 213-V

Жазык жоопкерчилигине тартууда жарандардын конституциялык укуктарынын бузулушунун фактылары жөнүндө

(КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 25-мартындагы № 268-V токтомунун редакциясына ылайык)

 

Акыркы убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жарандардын кайрылууларынын, ЖМКда республиканын укук коргоо органдары тарабынан жазык иштерин тергөөнүн жүрүшүндө жарандардын укуктарын одоно бузуулардын фактылары жөнүндө жарыялоолордун учурлары көбөйүп кетти, алар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин ченемдерин бузуу менен кылмыштарды жасады деп шек саноо боюнча кармалган тергөө жайларындагы (СИЗО) адамдарга карата кылмыштарды ачуунун жол берилбеген усулдарын колдонот. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мындай укукка каршы аракеттери бүткүл республика боюнча байкалат.

Бул маселени калыс иликтөө максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кылмыш жасады деп шек саноо боюнча кармалган адамдардын жана республиканын тергөө жайларындагы (СИЗО) адамдардын конституциялык укуктарынын бузулушуна байланышкан фактылар боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тарабынан телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү тыңшоонун жана байланыштын техникалык каналдарынан маалымат алуунун мыйзамдуулугун депутаттык териштирүү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 246-беренесинин негизинде жүргүзүлсүн.

(КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 25-мартындагы № 268-V токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын курамында убактылуу депутаттык комиссия түзүлсүн:

Д.А.Жумабеков,

К.Э.Осмонов - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;

Ф.Ш.Кулов,

К.Осмоналиев - "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан;

К.С.Асанов,

Т.З.Зулпукаров - КСДП депутаттык фракциясынан;

А.А.Досалиев,

Р.Б.Жээнбеков - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан;

К.С.Айтматов,

Т.У.Шайназаров - "Республика" депутаттык фракциясынан.

3. Убактылуу депутаттык комиссия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына депутаттык териштирүүнүн натыйжалары жөнүндө бир айлык мөөнөттө маалымдасын.

 

 

Төрага

А.Келдибеков