Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-апрели № 332-V
Кыргыз Республикасында изин суутпай издөө иш-чараларынын милдеттерин камсыз кылуу үчүн уюк операторлорунун техникалык каражаттарынын тутумун өчүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин жыйналыштарында, Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин жана Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин биргелешкен жыйналышында айтылган акыркы маалыматтар боюнча коопсуздук органдарынын тапшырмасы боюнча уюк операторлору тарабынан республиканын бүткүл аймагын камтыган республиканын изин суутпай издөө иш-чараларынын милдеттерин камсыз кылуу үчүн техникалык каражаттардын тутуму (ИИИТ) орнотулган.
Бул аракеттер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренеси менен кепилдик берилген жарандардын жеке жашоосунун кол тийбестигине, ар-намысы менен кадыр-баркын коргоого, кат алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграф, электрондук жана башка кабарламаларынын жашыруундуулугуна болгон укуктарын бузуп жаткандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- жарандардын жеке жашоосунун кол тийбестигине, ар-намысы менен кадыр-баркын коргоого, кат алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграф, электрондук жана башка кабарламаларынын жашыруундуулугуна болгон укуктары бөлүгүндөгү 29-берене менен кепилдик берилген түздөн-түз колдонулуучу Кыргыз Республикасынын Конституциясын кыйшаюусуз сактоону камсыз кылсын;
- байланыш операторлору тарабынан юридикалык жана жеке жактарга изин суутпай издөө иш-чаралары менен байланышкан кызматтарды көрсөтүү бөлүгүндө "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын аткарылышына жетишсин;
- изин суутпай издөө иш-чараларынын милдеттерин камсыз кылуу үчүн техникалык каражаттардын тутумун (ИИИТ) өчүрүүгө уюк операторлорун милдеттендирсин;
- тиешелүү ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткарбаган уюк операторлорунун ийкемдүү байланыш кызматтарын көрсөтүүгө лицензиялары чакыртылып алынсын.
2. Бул аракеттерди жүзөгө ашырууга тиешеси бар кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу менен жарандарды мыйзамсыз угуулардын фактыларын изилдөө жүргүзүү Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына тапшырылсын.
3. Бул маселе боюнча түзүлгөн комиссия мурунку чакырылыштардагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.И.Исаковго, Ө.Ч.Текебаевге жана башкаларга карата мурда жол берилген мыйзамсыз тыңшоолордун фактыларын жарыш иликтесин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Т.Мадылбеков) жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |