КР Өкмөтүнүн жана КР Улуттук Банкынын
2001-жылдын 30-январындагы N 30/46 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ МЕНЕН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТОКТОМУ
2000-жылдын 16-февралы N 81/71
2000-жылга финансылык жана социалдык-экономикалык саясат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Биргелешкен билдирүүсү тууралу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы токтом кылат:
1. 2000-жылга финансылык жана социалдык-экономикалык саясат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Биргелешкен билдирүүсүнүн тексти жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын 2000-жылы инфляциянын деңгээлин төмөндөтүү боюнча биргелешкен аракеттеринин тиркелген Планы бекитилсин.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик акимдиктер жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруусу, менчиктин мамлекеттик түрүнө негизденген чарбакер субъекттер жана башка уюмдар 2000-жылы инфляциянын деңгээлин төмөндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын биргелешкен аракеттеринин Планын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын программалык документи деп эсептешсин жана бул документте каралган иш чараларды аткаруу жагынан негиздүү чараларды көрүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгынын, менчиктин мамлекеттик түрүнө негизденген чарбакер субъекттер жетекчилеринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын 2000-жылда инфляциясынын деңгээлин төмөндөтүү жагынан биргелешкен аракеттеринин Планынын тийиштүү бөлүмдөрүнүн жана иш чараларынын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик акимдиктер жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруусу, менчиктин мамлекеттик түрүнө, негизденген чарбакер субъекттер жана башка уюмдар ушул токтом менен бекитилген Пландын тийиштүү иш чараларынын аткарылгандыгы жөнүндө отчетту жалпылоо үчүн ар бир айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берип турушсун.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы менен бирдикте тийиштүү министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден жана ведомстволордон алынган маалыматты жалпылашсын жана талдасын, 2000-жылы инфляциянын деңгээлин төмөндөтүү боюнча иш чаралардын биргелешкен Планынын аткарылышынын жыйынды мониторингин ар бир айдын 25-күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берип турушсун.
7. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри - Тышкы соода жана өнөр жай министри Э.К.Өмүралиевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын
Премьер-Министри Улуттук Банкынын Төрагасы
А.Муралиев У.Сарбанов