Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 9-сентябры № 973-V
2011-жылдын 9-сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2011-жылдын 9-сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
"Курманжан Датка жылын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри З.К.Рысалиевдин маалыматы жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2011-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу;
К.А.Момбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басарынын жана судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө;
К.К.Акназарованы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басарынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө;
О.Сыдыковду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө;
А.А.Гафуровду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жөнүндө.
Төрага | А.Келдибеков
|