Редакцияот 22.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 22-сентябры № 1036-V

"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп табылгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

2011-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата каршы пикирди чакыртып алуу Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

А.Келдибеков