Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-октябры № 1243-V
Жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү жана бузулган социалдык объекттерди калыбына келтирүү боюнча иштердин абалы жөнүндө
Жаратылыш кырсыктарынан (суу ташкыны, жер титирөө, жер көчкү) жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү жана бузулган социалдык объекттерди (мектептер, ооруканалар жана башкалар) калыбына келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Финансы министрлиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Турак жай - жарандык курулуш департаменти (мындан ары - ТЖКД) тарабынан бир катар иштер жүргүзүлүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык 2011-жылдын 8 айынын ичинде өлкөнүн аймагында жаратылыштык мүнөздөгү 143 жаратылыш кырсыгы болуп, алардын натыйжасында 5873 турак үй бузулуп, 120 социалдык объект жана 51 башка административдик имарат ар кандай деңгээлде жабыр тарткан.
Жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан калкка жардам Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-майындагы № 155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында болгон жаратылыш кырсыктарынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарга жеке турак үйлөрдү курууга, реконструкциялоого мамлекеттик субсидиялар берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун негизинде көрсөтүлөт. Анда жардамдын 3 түрү каралган: 200,0 миң сом суммасындагы узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссуда, 50,0 миң, ошондой эле 10,0 миң сом өлчөмүндөгү бир жолу берилүүчү акысыз материалдык жардам.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин ТЖКДсынын маалыматына ылайык (ушул жылдын 20-сентябрына карата абал боюнча) 2011-жылы жабыр тарткан 5873 үй-бүлөнүн ичинен 1045 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлгөн: 233 үй-бүлөгө 200,0 миң сомдон, 812 үй-бүлөгө - 50,0 миң жана 10,0 миң сомдон берилген. 748 үй-бүлөнүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин ТЖКДсынын иштетүүсүндө болуп, ал эми 4080 үй-бүлөнүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилген, бирок аларга жардам алигече көрсөтүлө элек.
Андан тышкары, 2009-2010-жылдарда жабыр тарткан жана мамлекеттик колдоо албаган 8487 үй-бүлөнүн ичинен 2011-жылы 3754 үй-бүлөгө толук жардам көрсөтүлүп, 1890 үй-бүлөгө мурда башталган турак үйлөрдү курууну аяктоо үчүн каражаттар бөлүнүп берилген. Алардын ичинен 2483 үй-бүлө 200,0 миң сомдон, 3161 үй-бүлө 50,0 миң жана 10,0 миң сомдон алган. Андан калса, бүгүнкү күнгө карата дагы 4733 үй-бүлө мамлекеттик жардам көрсөтүүгө муктаж (1994-жылдан тартып 2010-жылга чейин бардыгы болуп 32434 үй-бүлө жабыр тартып, алардын ичинен 23947 үй-бүлөгө 2011-жылдын 1-январына чейин жардам көрсөтүлүп, алардын 1890 үй-бүлөсүнө жардам жарым-жартылай көлөмдө көрсөтүлгөн).
Жогоруда баяндалган маалыматтарга негизденип, жаратылыш кырсыктарынан жабыр тартып, бирок жардам албагандардын саны республика боюнча 9561 үй-бүлөнү түзөт (алардын ичинен бүгүнкү күнгө карата 8813 үй-бүлөнүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилип, 748 үй-бүлөнүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин ТЖКДсынын иштетүү стадиясында), аларга жардам көрсөтүү үчүн 1,7 млрд.сомдун чектеринде акча каражаты талап кылынат.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматына ылайык 2011-жылга республикалык бюджетте жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу үчүн болгону 500,0 млн.сом каралган (алардын ичинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин ТЖКДсына 466,6 млн.сом которулуп, калган каражаттар ушул жылдын ичинде каржыланат). Мунун натыйжасында жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан жарандар мамлекеттен жардамды өз убагында ала албайт.
Анын үстүнө, талап кылынуучу документтердин толук комплектелбегендигинин же миграцияга байланыштуу үйлөрдүн тургундарынын жоктугунун айынан жабыр тарткандар өздөрүнө мамлекет тарабынан берилүүчү жардамды өз убагында ала албай жатат. Мисалы, Нарын областынын мамлекеттик администрациясынын маалыматына ылайык 1,0 млн. 900,0 миң сом төлөнүп берилген эмес жана банкта сакталууда. Баткен областында 634 үй-бүлө жардам ала албай жатат.
Жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткандардын саны жылдан жылга өсүп бара жаткандыгын белгилей кетүү керек. Бул курулган турак үйлөр курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык келбегендиги менен шартталган:
- турак жай куруу үчүн участокторду бөлүп берүүдө жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү тарабынан адистердин пикири эске алынбайт, мунун айынан көпчүлүк учурларда алар коркунучтуулугу мүмкүн болгон (жер жана кар көчкү коркунучу бар, жер астындагы суулардын деңгээли жогору жана башка) участоктордон бөлүнүп берилет;
- материалдык-техникалык базанын азыркы абалы, өзгөчө эскирген атайын инженердик техника Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине алдын алуу иштерин жүргүзүүгө жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин өз убагында жоюуга мүмкүнчүлүк бербейт.
Андан тышкары, калкты жаратылыш кырсыктарынан коргонуунун көндүмдөрүнө окутуп-үйрөтүү бардык жерде натыйжасыз жүргүзүлөт.
Бузулган социалдык объекттер боюнча абал төмөнкүдөй.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык жаратылыш кырсыктарынан 70 билим берүү мекемесинин имараттары жабыр тарткан.
Бүгүнкү күндө 1 мектептин курулушу, 21 мектептин капиталдык ремонту аяктап, 7 мектепте капиталдык ремонт жүргүзүлүп, 13 мектеп (окуучулар чатырларда окууда) 2011-жылда курулууга тийиш болгондордун титулдук тизмесине киргизилген. Каржылоонун жоктугунун айынан 28 билим берүү мекемесинде калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлбөй, алар үчүн 378 млн. 288 миң 500 сом талап кылынат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча саламаттык сактоонун 33 мекемесинин имараты жаратылыш кырсыктарынан бузулууга дуушар болгон. Бүгүнкү күнгө карата алардын 6сында ремонттоо-курулуш жумуштары башталган. Каржылоонун жоктугуна байланыштуу саламаттык сактоонун 27 мекемесинде калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлбөй жатат, алар үчүн 437 млн. 166 миң сом зарыл болот.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматына ылайык жаратылыш кырсыктарынан бузулган объекттерди куруу жана калыбына келтирүү үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен "капиталдык салымдар" беренеси боюнча 2011-жылга курулуштардын жана объекттердин тизмеги боюнча болгону 139 млн. 661 миң сом каралып, ал жаратылыш кырсыктарынан бузулган бардык объекттерди калыбына келтирүү үчүн жетишсиздик кылат.
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маалыматы боюнча 2011-жылда жаратылыш кырсыктарынан маданият мекемелеринин 9 объекти жабыр тартып, ошондой эле 2011-жылга чейин жабыр тарткан 5 объект калыбына келтирилген эмес. Азыркы убакта 4 объект урап калуунун алдында турат, 10 объектте капиталдык ремонт жүргүзүү талап кылынат, ал үчүн 30,0 млн.сом зарыл (маданият мекемелеринин жабыр тарткан бардык мекемелерин калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү бюджеттердин каражаттары жетишпейт).
Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү жана бузулган социалдык объекттерди калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрайымы Ж.А.Джолдошованын, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Б.И.Борбиевдин, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары М.Ш.Аттокуровдун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Т.М.Мамбетовдун бул маселе боюнча маалыматтары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2011-2012-жылдарга республикалык бюджетте жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткандардын баарына жардам көрсөтүү жана бузулган социалдык объекттерди калыбына келтирүү үчүн зарыл каражаттарды карасын:
9561 үй-бүлөгө узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудалар менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруу жана акысыз бир жолу берилүүчү жардам көрсөтүү үчүн 1,7 млрд.сомдун чектериндеги акча каражатын;
28 билим берүү мекемесин калыбына келтирүү үчүн 378 млн. 288 миң 500 сом, 27 саламаттык сактоо мекемесин - 437 млн. 166 миң сом жана 14 маданият мекемесин - 30,0 млн.сом;
- окутуу чатырларда жүргүзүлүп жаткан 13 мектептин окуу корпустарын курууну 2011-жылдын аягына чейин аяктоо үчүн шашылыш чараларды көрсүн;
- Баткен областындагы Кадамжай районунун жаратылыш кырсыктарынан толук бузулган Учкун, Таш-Дөбө, Кызыл-Коргон, Баткен районунун Булак-Башы мектептеринде кыш мезгилинде окутууну үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн;
- Нарын областындагы Жумгал, Ак-Талаа райондорунун (көптөгөн жылдардын ичинде жарым-жартылай бузулган үйлөрдө жашап жаткан), Ат-Башы районунун Ак-Муз, Ак-Моюн, Ак-Бирлик айылдарындагы жабыр тарткан үй-бүлөлөрүнө ссудаларды берүү боюнча, Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылындагы мектептин жана клубдун имараттарын, Ак-Сай - Арпа жайыттарындагы көпүрөнү, Ош областындагы Өзгөн районунун Куршаб, Жалпак-Таш, Кызыл-Октябрь айыл округдарындагы суу түтүкчөлөрүн, Шералы атындагы мектептин имаратын калыбына келтирүү боюнча, ошондой эле Кара-Кулжа районунун жер көчкү жана сел коркунучу зонасында турган Ой-Тал айыл округунун 327 үй-бүлөсүнө турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
- 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен каралган сумманы 200,0 миллионго чейин көбөйтүү боюнча маселени карасын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, коргонуучу жана алдын алуучу иш-чараларды жүргүзүү үчүн атайын инженердик техниканы сатып алуу үчүн кошумча каржы каражаттарын карасын;
- республиканын калктуу конуштарындагы турак жай фондун сактап калуу максатында жер астындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү, жээктерди бекемдөө жана селден коргоо курулмаларын калыбына келтирүү, коллектордук-дренаждык тармактарды калыбына келтирүү жана тазалоо боюнча чараларды көрсүн;
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү боюнча ишти күчөтсүн;
- турак жайды милдеттүү камсыздандырууну киргизүү жөнүндө маселени карасын;
- жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын турак үйлөрдү жана социалдык багыттагы объекттерди куруу үчүн жер участокторун тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча гана коопсуз аймактардан бөлүп берүүнү жүргүзүүгө милдеттендирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргелешип үй-бүлөлөрдү көчүрүү үчүн аныкталган калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыксын;
- турак үйлөрдү, социалдык объекттерди куруунун сапатына контролду күчөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Ж.А.Джолдошова), Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (И.А.Пирматов) жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |