Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-майындагы № 155 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-июнундагы № 229, 2007-жылдын 23-августундагы № 359, 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 154, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 700 , КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын тийиштүү жылга карата республикалык бюджети жөнүндө, "Кыргыз Республикасында жекече турак жай курулушу жөнүндө", "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 154, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Түшүнүктөр жана терминдер
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
мамлекеттик ипотекалык сертификат - мамлекеттик ысымдуу баалуу кагаз, ал Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке турак үй куруу, реконструкциялоо үчүн мамлекеттик субсидия алууга укуктарын күбөлөндүрөт жана гарантиялайт;
мамлекеттик субсидия - табигый кырсыктардын кесепетинен жабыркаган адамдарга аймактык комиссиялардын тизмеси менен гана төмөнкүдөй жолдор менен мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн финансылык колдоо жана жардам: турак үйлөрдүн курулушун каржылоо; же ипотекалык ссуда берүү жолу менен турак үйлөрдүн курулушун кошо каржылоо; же бир жолку аксыз жардам берүү;
(4-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 700 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
ипотекалык ссуда - мамлекет милдеттүү түрдө кайра төлөө шарты менен, төлөө мөөнөтүн үч жылга чейин кийинкиге калтырып жыйырма жылга чейин мөөнөткө берүүчү процентсиз, күрөө менен камсыздалган узак мөөнөттүү заем;
жабыркаган адам - табигый кырсыктардан жабыркап жана өзгөчө кырдаалдар боюнча аймактык комиссиялардын тизмелерине киргизилген турак үйдүн ээси болгон үй-бүлө мүчөсү.
карыз алуучу - ипотекалык кредит же ипотекалык ссуда алуучу жабыркаган адам;
транш - Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдарга турак үй куруу үчүн республикалык бюджеттин каражатынан берилүүчү ипотекалык ссуданын суммасынын бир бөлүгү.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-апрелиндеги N 154, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 700 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
III. Турак жай курулушун каржылоону камсыздоо жана мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруу
3. Турак жай курулушун каржылоо булактары төмөнкүлөр болот:
- республикалык бюджет;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Табигый кырсыктардан жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаменти берген тизменин негизинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан ал белгилеген тартипте ишке ашырылат.
Мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды даярдоо, тындыруу жана табигый кырсыктардын кесепетинен жабыркаган жеке жактарга акча каражатын төлөп берүү боюнча банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын төлөө үчүн каражаттар, ошондой эле сертификаттарды берүү, мамлекеттик субсидияларды тариздөө бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында "Табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар" статьясы боюнча белгиленген тартипте каралат.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондго (мындан ары - Фонд) жабыркаган жактарга берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык өткөрүп берет.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 154, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)
IV. Мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды берүүнүн жана жоюунун шарттары
5. Мамлекеттик ипотекалык сертификаттар Фонд тарабынан жабыркаган адамдарга өзгөчө кырдаалдар боюнча аймактык комиссиялардын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин региондор аралык башкармалыктары менен макулдашылган жана облустардын мамлекеттик администрациялары тарабынан бекитилген тизмелер боюнча берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 154, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Жабыркаган адамдар мамлекеттик ипотекалык сертификат алуу үчүн Фондго арызды, ошондой эле ким экенин күбөлөндүргөн жана жер участогуна болгон жеке менчик укугун күбөлөндүргөн документтердин тизмесин беришет.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 154, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Мамлекеттик ипотекалык сертификаттар мамлекеттик субсидиялардын бир түрүн берүү жолу менен жоюлат.
V. Жеке менчик үйлөрү жер титирөөдө 4-5-даражада бузулган же башка табигый кырсыктардын кесепетинен бузулду деп табылган жабыркаган адамдар үчүн гарантияланган мамлекеттик ипотекалык сертификаттар менен жардам көрсөтүүнүн шарттары, тартиби жана өлчөмдөрү
8. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 154 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Табигый кырсыктардан жапа чеккен адамдар үчүн - жеке менчик турак үйүн калыбына келтирүү же жаңы үй куруу төмөнкүдөй ишке ашырылат:
- ипотекалык ссуда берүүнүн эсебинен кошо каржылоо жолу менен:
- жабыркаган адам 200 миң сом төлөөгө макул болсо, төлөөнү үч жылга чейин мөөнөтүн узартуу жана күрөөлүк камсыздоону тариздөө менен милдеттүү түрдө кайтарып берүү шарттарында 20 жылга чейинки мөөнөткө турак үйдүн каркасын (фундаментин, тирөөч дубалын, чатырын) бекитилген типтүү долбоор боюнча курууда 200 миң сомго чейин. Жабыркаган тараптан кошо каржылоо катары анын эсебинен сапаты боюнча ылайыктуу курулуш материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын берилиши, ошондой эле архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен жабыркаган адамдын ортосунда түзүлчү келишим боюнча техникалык көзөмөлдүн астында жабыркаган адам тараптан аткарылчу жумуштар эсепке алынышы мүмкүн. Жабыркаган адам турак үйдүн каркасын кошо төлөөдөн баш тарткан учурда 50 миң сом өлчөмдө акысыз жардам берилет.
Бул үчүн жабыркаган адам Фондго ипотекалык ссуда алууга өтүнмө толтурат жана:
- ким экенин күбөлөндүргөн документин;
- мамлекеттик ипотекалык сертификатын;
- банктын акча каражаттын суммасы жөнүндөгү маалымкатын;
- жер участогуна жеке менчик укугун тастыктоочу документти;
- турак үйдүн бекитилген долбоорун тапшырат.
Жабыркаган адам Фонд менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык заемдук келишим түзөт.
Мурда 200,0 миң сом өлчөмүндө ипотекалык ссуда жана 50,0 миң сом өлчөмүндөгү бир жолку акысыз жардам алган, Кыргыз Республикасынын аймагындагы табигый кырсыктан кайталап жабыркаган адамдарга мамлекеттик субсидия берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-июнундагы N 229, 2007-жылдын 23-августундагы N 359, 2008-жылдын 21-апрелиндеги N 154, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 700 , КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Фонддун өтүнмөсүнө ылайык табигый кырсыктардан жабыркаган жактарга ипотекалык ссуданы төлөө жана бир жолку акысыз жардам үчүн каржылоону камсыз кылат.
(абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Фонддун өтүнмөсүнө ылайык табигый кырсыктардан жабыркаган жактарга ипотекалык ссуданы төлөө жана бир жолку акысыз жардам үчүн каржылоону камсыз кылат.
Ссуда аймактык архитектура жана курулуш органдарынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүп кол коюлган аткарылган жумуштардын актыларына ылайык курулуш-монтаждоо жумуштарынын аткарылыш ченеми боюнча транш менен берилет:
- 50,0 миң сом суммадагы биринчи транш жер казуу иштерин баштоого жана пайдубал орнотууга берилет;
- 100,0 миң сом суммадагы экинчи транш дубалдарды тургузууга берилет;
- 50,0 миң сом суммадагы үчүнчү транш чатыр орнотууга берилет;
- турак үй курууга биринчи транш алган жабыркаган адамдар бир жылдын ичинде пайдубал орнотуу боюнча отчет бербесе, аларга кийинки транштарды алуу мүмкүнчүлүгү берилбейт. Мамлекеттик ипотекалык сертификат автоматтык түрдө акысыз бир жолку жардамга өтөт жана күрөөдөн чыгарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-июнундагы N 229, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 700 , КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 700 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-апрелиндеги N 154 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13. 50 миң сом суммадагы курулуш материалдар түрүндө бир жолку акысыз жардам алууну каалаган жабыркаган адамдар Фонд менен тийиштүү келишим түзүшөт. Жабыркаган адам ал үчүн төмөнкүлөрдү тапшырат:
- арыз;
- ким экенин күбөлөндүрүүчү документ;
- мамлекеттик ипотекалык сертификат.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Департаментинин өтүнмөлөрү боюнча акысыз бир жолку жардам берүүгө каражат бөлөт.
Ипотекалык ссуда же бир жолку акысыз жардам алган адамдар табигый кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн тизмесинен чыгарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 700 , КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
VI. Жеке менчик турак үйлөрү жер титирөөдө жана башка табигый кырсыктардын кесепетинен 3-даражада бузулган жабыркаган адамдар үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттар менен гарантияланган жардамды берүүнүн шарттары, тартиби жана өлчөмдөрү
(Бөлүмдүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-июнундагы N 229 токтомунун редакциясына ылайык)
14. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-апрелиндеги N 154 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15. 10 миң сом өлчөмдө акысыз бир жолку акчалай жардам алууну каалаган жабыркаган адамдар Фонд менен тийиштүү келишим түзүшөт. Жабыркаган адам ал үчүн төмөнкүлөрдү тапшырат:
- арыз;
- ким экенин күбөлөндүрүүчү документ;
Бир жолку акысыз жардам алган адам табигый кырсыктардан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн тизмесинен чыгарылат.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Департаментинин өтүнмөсү боюнча бир жолку жардам берүүгө каражат бөлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 154, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16. Турак үйлөрүн мамлекеттик ипотекалык сертификатты пайдаланып курган жана калыбына келтирген адамдар турак үйүн мыйзамда аныкталган тартипте камсыздандырышат.
VII. Ссуданы мониторингдөө
17. Кредиттик келишим түзгөн мамлекеттик органдар, ссуданы мониторингдешет, күрөөнүн, төлөө графигинин сакталышын жана зайымдык келишимде айтылган башка шарттардын сакталышын контролдошот.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)
VIII. Зайымдык келишимде кол коюу жана аны камсыз кылуу
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
18. Ипотекалык ссуда берүү үчүн документтердин пакетине ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси же ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин ишеним каты боюнча аракеттенүүчү башка адам кол коет.
19. Ипотекалык ссуданын эсебинен курулган жеке турак үйлөрдү тариздөө жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоо Кыргыз Республикасынын "Күрөө жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында жекече турак жай курулушу жөнүндө" мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 700, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
20. Ссуданы берүү жана күрөөнүн документтерин тийиштүү түрдө тариздөө үчүн жоопкерчилик мамлекеттик субсидия берүүгө зайымдык келишимде түзгөн ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)
IX. Ссуданын түшүшүн эсепке алуу жана аны пайдалануу
21. Ссуданы берүү, контролдоо, төлөө жана бухгалтердик эсеп боюнча милдеттерди бөлүштүрүү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси бекиткен кызматтык милдеттердин негизинде ишке ашырылат.
22. Ссуданын түшүшү жана аны пайдалануу боюнча эсеп жана отчеттуулук, ссуданы берүүгө жана кайра төлөөгө байланыштуу бардык финансылык операциялар ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
23. Ыйгарым укуктуу орган бөлүнгөн каражаттардын түшүшү, аны пайдалануу жана кайтарып берүү жөнүндө информацияны камтыган маалыматтар базасын түзөт.
X. Ссуданы төлөө
24. Ссуданы төлөө кредиттик келишимде көрсөтүлгөн төлөө графигине ылайык жүргүзүлөт.
25. Негизги карызды төлөөнүн графиги ар бир жабыркаган адам менен жекече макулдашылат жана кол коюлат.
XI. Ссуданын кайра берилишин камсыздоо боюнча чаралар
26. Заемдук каражаттарды төлөө графигине ылайык өз учурунда кайра алуу максатында төмөнкүдөй чаралар жүргүзүлөт:
графикте белгиленген төлөө мөөнөтү келгенге чейин 10 күн мурда карыз алуучуга мөөнөтүн, суммасын жана шарттарын көрсөтүү менен төлөө жөнүндө жазуу жүзүндө кабарланат;
эгерде карыз алуучу ссуданы мөөнөтүндө төлөбөсө, ыйгарым укуктуу орган 5 иш күндүн ичинде төлөбөөнүн болуучу натыйжаларын көрсөтүү менен кайталап кабар жиберет.
(4-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 700 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 700 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Карыз алуучу кредиттик келишимдин шарттарын жана ушул Жобонун шарттарын аткарбаса, ыйгарым укуктуу орган күрөөгө коюлган мүлктү соттук же соттук эмес тартипте өндүрүүгө чегерет. Күрөөнүн предмети "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сатылат, ал эми андан түшкөн каражат кредиторго негизги карызды төлөөгө, күрөөнү өндүрүүгө чегерүү жана күрөөнүн предметин сатуу жол-жоболору боюнча чыгымдар үчүн жумшалат. Калган каражатты жабыркаган адам алат.
28. Ссуданы кайра төлөөнүн мөөнөтүн кечиктиргендик үчүн жоопкерчилик жабыркаган адамга жүктөлөт.
XII. Башка жоболор
29. Мамлекеттик ипотекалык сертификат мамлекеттик ысымдуу баалуу кагаз болуп саналып, жабыркаган адамга берилет. Мамлекеттик ипотекалык сертификат алган адам каза болсо, ал сертификат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын мурасчыларына берилет.
30. Тараптардын ортосунда ушул Жобого ылайык милдеттенмелерди аткарууда чыгышы мүмкүн болгон талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүү жолу менен чечилет.
31. Тараптар макулдашууга жетише албаса, талаш жана пикир келишпестиктер соттук тартипте чечилет.