КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-ноябры № 1306-V
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.К.Акназарова жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2011-жылдын 17-июнундагы № 325 токтому) тарабынан демилге көтөрүлгөн "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна 2 пайыз өлчөмүндө мурда кармалып алынган камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоо тутумуна туш келбеген адамдарга кайтарып берүү боюнча чараларды карасын.
Төрага | А.Келдибеков
|