КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-декабры № 1425-V
"Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин Астана шаарында 2009-жылдын 22-майында кол коюлган 1979-1989-жылдарда Афганистандагы согуш мезгилинде дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларын издөөнү, сөөгү коюлган жерин издөөнү, эксгумациялоону, сөөгүн идентификациялоону жана аларды Ата Мекенинде кайрадан жерге коюуну улантуу жөнүндө чечимин ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 17-октябрындагы № 638 токтому) "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин Астана шаарында 2009-жылдын 22-майында кол коюлган 1979-1989-жылдарда Афганистандагы согуш мезгилинде дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларын издөөнү, сөөгү коюлган жерин издөөнү, эксгумациялоону, сөөгүн идентификациялоону жана аларды Ата Мекенинде кайрадан жерге коюуну улантуу жөнүндө чечимин ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн негиздемелери менен 5 жумушчу күндүн ичинде Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жиберсин.
3. Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.Б.Баатырбеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогррку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|