Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-декабры № 1427-V
"Москва шаарында 2009-жылдын 14-июнунда кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын жашыруун башкаруунун системасын түзүүнүн негизги принциптери тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрулгөн (2011-жылдын 11-октябрындагы № 626 токтому) "Москва шаарында 2009-жылдын 14-июнунда кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын жашыруун башкаруунун системасын түзүүнүн негизги принциптери тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга карата өздерүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлорүн негиздемелери менен 5 жумушчу күндүн ичинде Эл аралык иштер жана парламентгер аралык кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жиберсин.
3. Эл аралык иштер жана парламентгер аралык кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин комитети (А.Б.Баатырбеков) Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сУнуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|