Редакцияот 22.12.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 22-декабры № 1429-V

"Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2011-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Карыз алуу (атайын операциялар) (Бишкек – Торугарт жолу, "Транспорттук коридор - 1 ЦАРЭС" үчүнчү долбоор) жөнүндо макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 25-октябрындагы № 667 токтому) "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2011-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Карыз алуу (атайын операциялар) (Бишкек - Торугарт жолу, "Транспорттук коридор - 1 ЦАРЭС" үчүнчү долбоор) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга карата өздөрүнүн жазуу жүзүндогү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн негиздемелери менен 5 жумушчу күндүн ичинде Эл аралык иштер жана парламентгер аралык кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жиберсин.

3 Эл аралык иштер жана парламентер аралык кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин комитети (А.Б.Баатырбеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине киргизсин.

 

Төрага

А.Жээнбеков