Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин
2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2266-V токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-декабры № 1453-V
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына төмөнкүлөрдүн талапкерликтери аныкталсын:
Өмүрбек Токтогулович Бабановдун | - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматына |
Аалы Азимович Карашевдин | - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызматына |
Жоомарт Каипович Оторбаевдин | - Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министринин кызматына |
Гүлнара Үмөтовна Асымбекованын | -Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министринин кызматына |
Төрөгул Ниязович Бековдун | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин - министринин кызматына |
Руслан Айтбаевич Казакбаевдин | - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызматына |
Зарылбек Кылычбекович Рысалиевдин | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызматына |
Алмамбет Насырканович Шыкмаматовдун | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызматына |
Акылбек Үсөнбекович Жапаровдун | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин кызматына |
Темир Аргембаевич Сариевдин | - Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин кызматына |
Сапарбек Мамбетович Тынаевдин | - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин кызматына |
Калыкбек Иманалиевич Султановдун | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин кызматына |
Кубатбек Айылчиевич Бороновдун | - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдааддар министринин кызматына |
Аскарбек Алимбаевич Шадиевдин | - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин кызматына |
Канат Жалилович Садыковдун | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызматына |
Динара Зарлыковна Сагимбаеванын | - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызматына |
Ибрагим Кожоназарович Жунусовдун | - Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министринин кызматына |
Равшан Азагович Сабировдун | - Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин кызматына |
Алисбек Төлбашиевич Алымкуловдун | -Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин кызматына |
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талапкерликтер дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине берилсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков
|